Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 29-ноябрындагы № 04
«Нарзан айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө»
“Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылы 24-февралындагы ПЖ №54-Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып, иштелип чыккан, жыйында кабыл алынган эрежелерди камтый турганын эске алып, Нарзан айылдык кеңешинин сессиясы карап жана талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылы 24-февралындагы ПЖ №54-Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып, жыйында кабыл алынган эрежелерди камтыган жобо негизинде Нарзан айыл аймагында убактылуу шайкеш типтүү Жобо тартиби №1 Тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн жөнөтсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э.Оскомбаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Т.Кулжанов |
|
| Нарзан айылдык кеңешинин 29.11.2024ж №04 Токтомуна №1 Тиркемеси |
Нарзан айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын, ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби
жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор.
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби.
3. Үй-бүлөөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби.
4. Маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби.
5. Үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым- жырымдарын откөрүүнү иретке келтирүүчү, комиссиялар жана кызмат адамдары.
1.Жалпы жоболор
1.1. Бул Убактылуу Жобо «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022- жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып, иштелип чыккан, жергиликтүү калктын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.
1.2. Жобонун максаты айылдарда жана калктуу конуштарда коомдук өнүгүүнүн муктаждыктарын эске алуу менен элдин жашоо турмушундагы улуттук каада-салттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүдө убаракерчиликке, өлүм ээсин мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого, ашыкча ысырапкорчулукка, элдин салт-санаасын, үрп-адатын тоготпоого жол бербөө, ата салттын жат, терс жөрөлгөлөрдүн күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу, элибиздин нукура салт-санаасын жана ырым-жырымдарын кеңири пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет.
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
2.1. Жобону иштеп-чыгуу үчүн айыл өкмөтүнүн буйругунун негизинде, айыл өкмөтүнүн буюрмасы менен кызматкерлеринен, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, ардагерлерден, аялдар жана жаштар кеңешинен, аксакалдар сотунан, диний жана жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлөт.
2.2. Жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан жобонун долбоору элдик жыйындарда талкууланып, берилген сунуштардын негизинде киргизилет жана айылдык кеңеште бекитилет.
3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартибн
З. Үй-бүлөлүк бешик той, тушоо кесүү, сүннөткө отургузуу, үйлөнүү той, куда тосуу, кыз узатуу, ата көрдү, күйөө чакырык той жана башкалар кирет. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүдө мал союуга тыюу салынат жана келген коноктордун саны 200 кишиден ашпоосу абзел.
3.1. Үй-бүлөлүк салтанаттар Нарзан айыл аймагында калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча, киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.
4. Маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби.
4.1. Маркумду эске алуу ырым-жырымдарын (акыркы сапарга узатуу, үч илик, жетилик, кырк аш) өткөрүүдө мал союуга тыюу салынат.
4.1. Маркумду эске алуу ырым-жырымдары Нарзан айыл аймагында калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча, киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.
5. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым- жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиясы жана кызмат адамдары
5. Жобого ылайык үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым- жырымдарын откөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү органдарга жана кызмат адамдарына, айыл өкмөтүнүн башчысы, жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү, мечиттин имамдары, ардагерлер кеңеши, аялдар кенеши, жаштар кеңеши, айылдык кеңештин депутаттары, аймактык участкалык инспекторлор, аксакалдар соту кирет. Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүнүн башчысынын буюрмасы менен бекитилет.
5.1. Жергиликтүү комиссия мүчөлөрү маркумду эскерүү ырым-жырымы өткөрүлүп жаткан жерге барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, сөөк ээсин жобонун талаптары менен тааныштырып, ал тууралуу журналга кол койдурат. Жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана кезөмөл жүргүзөт.
5.2. Жобону бузган адамдарга тийиштүү чаралар көрүлөт, отурумда каралат. Комиссия мүчөлөрү өздөрүнүн ишин документтештирет.