Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-январы № 1/4
Кара-Суу айыл аймагындагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн дем берүүчү грантка жазылган долбоорлордун өздүк салымына акча каражатын 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кара-Суу айылдык кеңешинин ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата үлүштүк деп берүүчү грантка даярдалган долбоорлордун өздүк салымына, 2025-жылдын бюджетинен 2881895 (эки миллион сегиз жүз сексен бир миң сегиз жүз токсон беш) сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин кароосуна сунуш кылуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3.Бул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Төрага | К. Жакыпакун уулу |