Редакцияот 13.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ала-Буга айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII- чакырылыштагы кезексиз XХIV cессиясы

 

2024-жылдын 13-сентябры  №24/12

 

Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын 19-апрель 2023-жылдын №01-36-а/78 буйругунун негизинде №1002 контурда кѳрсѳтүлгѳн жалпы 0, 20 га жер аянтын Коңорчок айылына таштанды таштоочу жай курууга белгисиз мѳѳнѳткѳ (мѳѳнѳтү кѳрсѳтүлбѳстѳн) пайдаланууга берүү жѳнүндѳ

   Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык депутаттардын Ала-Буга айылдык Кеңешинин сессиясы

 

 

                                                  ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ала-Буга айыл аймагынын Коңорчок айылындагы №1002 контурунда  кѳрсѳтүлгѳн жалпы аянты 0,20 га жер тилкеси  мѳѳнѳтсүз (мѳѳнѳтү кѳрсѳтүлбѳстѳн) пайдаланууга алынсын.

2. Ала-Буга айыл аймагынын Коңорчок айылындагы № 1002 контурунда кѳрсѳтүлгѳн жалпы  аянты 0,20 га жер тилкеси мѳѳнѳтсүз (мѳѳнѳтү кѳрсѳтүлбѳстѳн)  таштанды таштоочу жай курууга бөлүнүп берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын Ала-Буга айыл ѳкмѳтүнүн

башчысы У. Нуралиевге милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

  

Тѳрага:

Шералы уулу Уланбек