Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Буга айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII- чакырылыштагы кезексиз XХIV cессиясы
2024-жылдын 13-сентябры №24/13
Ала-Буга айыл аймагына караштуу Чолок-Кайың айылындагы №678 контурунда кѳрсѳтүлгѳн жалпы 0,70 га жер аянтында жайгашкан “Чычырканак паркын” бассейни менен ижарага берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык депутаттардын Ала-Буга айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чолок-Кайың айылындагы жайгашкан “Чолок-Кайың айылындагы №678 контурунда кѳрсѳтүлгѳн жалпы 0,70 га жер аянтындажайгашкан “Чычырканак паркын” бассейни менен 10( он) жылдык мѳѳнѳткѳ жылына 8 (сегиз миң) сомдон аренда акы тѳлѳѳ менен келишимдин негизинде Кылычбеков Кайрат Кылычбековичке берилсин.
2. Чолок-Кайың айылындагы жайгашкан Чолок-Кайың айылындагы №678 контурунда кѳрсѳтүлгѳн жалпы 0,70 га жер аянтындажайгашкан “Чычырканак паркындагы” бассейнди оңдоп түзѳѳ иштерин Кылычбеков Кайрат Кылычбековичке ѳз каражатынын эсебинен жүргүзүү жагы милдеттендирилгендиктен 1-жылдык аренда акысынан кыскартылсын.
3.Паркта жайгашкан чычырканактарды кароо,ѳстүрүү иштери кошумча милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын Ала-Буга айыл ѳкмѳтүнүн башчысы У.Нуралиевге милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгѳ алуу жагын өзүмө калтырамын.
Тѳрага: | Шералы уулу Уланбек |