Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Буга айыл аймагынын айылдык кеңештин биринчи cессиясы
2024-жылдын 28-ноябры №1/2
Ала-Буга айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын 28-ноябрь 2024-жылдын №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиясынын Ала-Буга айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3-протоколу бекитилсин.
2. Ала-Буга айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын орун басары болуп Аманбек уулу Улукбек шайлангандыгы таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзѳмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага: | Бактыбай уулу Кубанычбек |