Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Буга айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттаынын кезектеги I cессиясы
2024-жылдын 28-ноябры №1/3
Ала-Буга айыл аймагынын “Кезектеги III Элдик Курултайына делегаттарды шайлоо боюнча жана ѳкүлчүлүктүү жыйынын ѳткѳрүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы “Кезектеги III Элдик Курултайды ѳткѳрүү жөнүндө” №271 Жарлыгын жетекчиликке жана жогорудагы маселени угуп жана талкуулап, Депутаттардын Ала-Буга айылдык кеңешинин кезектеги I сессиясы
токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы “Кезектеги III Элдик Курултайды ѳткѳрүү жөнүндө” №271 Жарлыгы жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
2. Ала-Буга айыл аймагынын калкынын саны 2024-жылдын 1-январына карата 7670 адам, болгондуктан өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларынын жалпы саны 50 ѳкүл белгиленсин.
3. Өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучулары Ала-Буга айыл аймагындагы Кош-Дөбө, Жерге-Тал, Чолок-Кайың, Коңорчок айылдарынын санына жараша пропорционалдуу №1 тиркемеге ылайык шайлансын. ( Тиркеме 1 баракта)
4. Ала-Буга айыл аймагында өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларын шайлоо боюнча жыйындарды өткөрүү 4-декабрдан 5-декабрга №2 тиркемеге ылайык бекитилсин. ( Тиркеме 2 баракта)
5. Ала-Буга айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүүгө жергиликтүү кеңештин жооптуу депутаттардын тизмеси №3 тиркемеге ылайык түзүлсүн. ( Тиркеме 1 баракта)
6. Өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларынын шайлоону уюштуруу, өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы №4 тиркемеге ылайык түзүлсүн. ( Тиркеме 1 баракта)
7. Элдик курултайдын катчылыгы бекиткен Календарлык планга ылайык, Ала-Буга айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү Б.Календеров атындагы орто мектебине 2024-жылдын 7-декабрына чакыртылсын.
8. Ушул токтомду сайтка жарыялоо Ала-Буга айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү ѳзүмѳ калтырамын.
Төрага: | Бактыбай уулу Кубанычбек |