Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Буга айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы депутаттарынын кезектүү I cессиясы
2024-жылдын 28-ноябры №1/10
Ала-Буга айыл аймагынын Кош-Дѳбѳ айылындагы А.Шеримбеков атындагы клубдун чатырын алмаштыруу иштерин түрткү берүүчү гранттар аркылуу куруу үчүн даярдалган долбоорго өздүк салымга акча каражатын кароо жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык депутаттардын Ала-Буга айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Ала-Буга айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бекитиле турган бюджетинен ЖКХ разделинин 3111-статьясынан 1800000 миң сом түрткү берүүчү (стим грант) грантка Кош-Дѳбѳ айылындагы А.Шеримбеков атындагы клубдун чатырын алмаштыруу иштерин үчүн долбоорго өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу башкы бухгалтер Мухамбет кызы Аселге милдеттедирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагын ѳзүмѳ калтырамын.
Төрага: | Бактыбай уулу Кубанычбек |