Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Буга айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы депутаттарынын кезектүү II cессиясы
2024-жылдын 27-декабры №2
Ала-Буга айыл аймагынын айыл ѳкмѳтү тарабынан даярдалган долбоорлорду бекитүү жана ѳздүк салымдарды бѳлүп берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык депутаттардын Ала-Буга айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Ала-Буга айыл аймагынын айыл ѳкмѳтү тарабынан даярдалган тѳмѳндѳгү долбоорлор жактырылып бекитилсин.
2. Ала-Буга айыл аймагынын айыл ѳкмѳтү тарабынан даярдалган тѳмѳндѳгү долбоорлордун ѳздүк салымдары жергиликтүү бюджеттен бѳлүнүп берилсин.
3. Долбоорлорду тийиштүү тараптарга тапшырууну Ала-Буга айыл аймагынын айыл ѳкмѳтү камсыз кылсын.
№ | Долбоордун аталышы | Долбоор боюнча өздүк салым суммасы: | Долбоордун жалпы суммасы: | ||
1. | Ала-Буга айыл аймагына караштуу Чолок-Кайың айылынын Б.Календеров атындагы орто мектебинин айланасын темир тор менен тосуу | 500000 | 4329103 | ||
2. | Ала-Буга айыл аймагына караштуу Кош-Дѳбѳ айылындагы Чычырканак кечүү каналын ремонттон ѳткѳрүү | 915554 | 6103297 | ||
Төрага: |
Бактыбай уулу Кубанычбек
|
| |||