Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I- чакырылышынын кезектеги ХХХIII сессиясынын
2024-жылынын 08-августу №1
« Базар-Коргон шаардык мэриясынын 2024-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын 6(алты) айлык отчётун угуу жана 2024-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө».
Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №59 Бюджеттик кодексинин 78-беренесине, 115-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123-мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктун, Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновдун Базар-Коргон шаардык мэриясынын 2024-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын 6(алты) айлык отчетун жана Базар-Коргон шаардык мэриясынын 2024-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө маалыматын угуп, жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги ХXXIII-сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаарынын мэри Т. Осмоновдун Базар-Коргон шаардык мэриясынын 2024-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын 6(алты) айлык отчёту канааттандырарлык деп табылсын.
2. Базар-Коргон шаардык мэриясынын 2024-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата бекитилген жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү төмөндөгудөй бекитилсин.
Иштетилбей калган жана үнөмдөлгөн акча каражаттары 12010,9 миң сом жана максаттуу трансферт 3294,2 миң сом жалпысы болуп 15305,1 миң сом түшкөн акча каражаты чыгаша бөлүгүнө отургузулсун:
а) Нышанбаев мектебине бала бакча курууга реконструкциялоо үчүн 300,0 миң сом.
б) Фонддор менен иштөө үчүн 217,9 миң сом.
в) Суу тосмоону коргоого (кароол) эмгек акысы үчүн 1056,0 миң сом.
г) Максаттуу трансферт (Базар Коргон шаарынын генпланы) үчүн 3294,2 миң сом.
д) Тазалык ишканасынын төлөө жыйноочуунун (контролер) эмгек акысы аз болгондугуна байланыштуу 20% пайыздан 25% пайызга көтөрүп берүү үчүн макулдук берүү.
ж) Базар Коргон шаарына караштуу Совет айылындагы Ленин көчөсүнүн селден жабыркаган тургундары үчүн 110,0 миң сом (Мамасыдыков Руслан 50,0 миң сом, Жапаров Максытали 30,0 миң сом Камбаров Малик 30,0 миң сом).
з)Сууканал ишканасына субсидияга 100,0 миң сом (№39 Акылай балдар бакчасынын слив, канализация) ремонттоо үчүн.
и) Спортко бөлүнгөн акча каражатынан Бокс аренасын (ринг) сатып алуу үчун 150,0 миң сом.
й) Тазалык ишканасына өз каражатынан техника сатып алуу үчүн макулдук беруу (2 муравей,2 скутер).
к) А.Текебаев атындагы борбордук стадионго өрт коопсуздугун сактоо үчүн 80,0 миң сом.
л) Аксакалдар сотуна 20,0 миң сом.
м) Муниципиалдык менчикти башкаруу департаменти ишканасына жаңы имарат куруу үчүн 900,0 миң сом.
н) Совет МАБ башкармалыгына ар ай үчүн 100 литр бензин бөлүп берүү.
о) Базар-Коргон шаар мэриясынын счетунан Капиталдык курулуш департаментине 2000,0 миң сом акча каражатын жылдырып берүү.
п) Капиталдык курулуш департаментинин 2024-жылдын биринчи алты айлыкка карата үнөмдөлгөн 913,1 миң сом акча каражатын мекемедеги зарылчылыктарга байланыштуу жумшоого уруксат берүү.
р) Капиталдык курулуш департаментинин 2024-жылдын башында учурдагы ремонтко бөлүнгөн 6163,9 миң сом акча каражаты туура эмес элементке отургузулуп калгандыгына байланштуу, жогорудагы акча каражатты курулуш куруу элементине жылдырылсын.
с) Бала бакчалардан, мектептерден чыккан курулуш материалдарын жакыр үй
бүлөлөргө бөлүп берүү.
т) Жайыттан түшкөн 6 айлык акча каражатын субсидия катары Айыл чарба муниципалдык ишканасына (бөлүнүп чыккандыгына байланыштуу) жылдырып берүү.
у) Электро чубалгы, темир мамыча, трансформатор сатып алуу үчүн.
ф) Беш-Бадам айылындагы суу сактагычын оңдоп түздөөгө 2023-жылдын 6 айлык бюджетинде каралып болжолдуу сметасы даярдалып порталга чыгып тилеке каршы техникалык катачылыка байланыштуу аткарылбай калган 2024-жылдын аягына чейин оңдотулуп түздөтүлүп бүтүрүлсүн.
х) “Айыл чарба муниципалдык” ишканасынын бюджеттик каражаттар боюнча кирешелер жана чыгашалардын сметасы 2024-жылга карата бекитилсин.
ц) Базар-Коргон шаар мэриясынын 2024-жылкы жергиликтүү бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражаттары Базар-Коргон шаар мэриясы тарабынан керектүү көйгөйлүү чыгымдарга бекитилсин.
Төрага: | К.К. Анарбеков. |