Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын I сессиясы
2024-жылдын 27-ноябры № 4
Ак-Татыр айыл аймагынан Кекзектеги III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктердин чек араларынын өзгөрүшүнө байланыштуу бирдиктүү шаарларда жана көп мандаттуу айыл аймактарында шайлоо округдарынын жаңы схемаларын жана чек араларын аныктоо жөнүндө” Мыйзамынын негизинде административдик-аймактык бирдиктердин чек араларынын өзгөрүшүнө байланыштуу айыл аймагындагы шайлоо округдардын схемалары такталып, мандаттардын саны мыйзамга ылайык аныкталгандыгы Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2024-жылдын 22-ноябрындагы №01-13/702 сандуу катын негизинде, Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Татыр айыл аймагы Ак-Татыр айылында Т.Садыков мектебинин залында 2024-жылдын 7-декабрында саат 14:00 гө өкүлчүлүктүү жыйын чакыртылсын. Өкүлчүлүктүү жыйындын катышкандардын саны 100 (жүз)дөн ашбасын.
2. Ак-Татыр айыл аймагынын төрт айылынан, Ак-Татыр айылынан 35 (отуз беш), Орто-Боз айылынан 15 (он беш) , Рават айылынан 25 (жыйырма беш) , Үч-Дөбө айылынан 25 (жыйырма беш) өкүл шайланат.
3. Ак-Татыр айыл аймагынын төрт айылында жыйындарды өткөрүү графиги 4-декабры Орто-Боз айылында, 4- декабры Рават айылында, 5- декабры Ак-Татыр айылында, 5-декабры Үч-Дөбө айылында өткөрүлөт.
4. Жыйындарды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттары.
1) Ак-Татыр айылынан коомдоштук жыйынын өткөрүүгө жооптуу
Халмурзаев Муктарали, Ашимова Манзура.
2) Рават айылынан коомдоштук жыйынын өткөрүүгө жооптуу Жангиров Дурусбек, Маматов Өмурбек .
3) Орто-Боз айылынан коомдоштук жыйынынөткөрүүгө жооптуу Эшмурзаев Курбанбек, Жапарова Айымбасар.
4) Үч-Дөбө айылынан коомдоштук жыйынын өткөрүүгө жооптуу Даабеков Сайтбурхан, Абдуллаева Мухабат.
5. Ак-Татыр айыл аймагында өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 15 (он беш) адамдан болуп 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Жергиликтүү жамааттар арасында делегат шайлоо боюнча жыйындар 2024-жылдын 28-ноябрынан баштап 5-декабрына чейин график боюнча 2-тиркемеге ылайык өткөрүлсүн.
7. Жумушчу топ жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынынан кийин: Өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларын көрсөтүү боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын протоколдорун жана өкүлдөрдүн анкеталарын чогултуп жалпылоо 6-декабрга чейин. Өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларынын тизмесин тактайт, сапаттык жана тармактык курамы боюнча маалымат 6-декабрга чейин даярдалсын.
8. Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүнү уюштуруу жана керектүү документтерди даярдап берүү жумушчу топтун курамына милдеттендирилсин.
9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
10. Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.
11. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
12. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Тиркеме: 2 баракта.
Төрага: |
Т.Исманов |
1-тиркеме
Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясынын № 4 токтомуна тиркеме.
Ак-Татыр айыл аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы.
к/№ |
Ф.А.А |
Кызматы |
1 | Исманов Токтосун | Төрөга |
2 | Өмуров Максатбек | Катчысы |
3 | Байтемиров Айжигит | мүчөсү |
4 | Камалов Алыкул | мүчөсү |
5 | Сами уулу Туратбек | мүчөсү |
6 | Үсөнов Абдикарим | мүчөсү |
7 | Мазаитов Абдимитал | мүчөсү |
8 | Халмурзаев Муктарали | мүчөсү |
9 | Ашимова Манзура | мүчөсү |
10 | Жапарова Айымбасар | мүчөсү |
11 | Эшмурзаев Курбанбек | мүчөсү |
12 | Маматов Өмурбек | мүчөсү |
13 | Жангиров Дурусбек | мүчөсү |
14 | Даабеков Сайтбурхан | мүчөсү |
15 | Абдуллаева Мухабат | мүчөсү |
Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: М.Өмүров
2-тиркеме
Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясынын № 4 токтомуна тиркеме.
Ак-Татыр айыл аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү боюнча чогулуштардын (жыйындардын)
ГРАФИГИ
№ |
Өткөрүлүүчү орду | Убактысы | Калктын саны | Делегат тардын саны | Жооптуулар | |
Жылы, айы, күнү | сааты | |||||
1 |
Ак-Татыр айылы |
2024-жылдын 5-декабры
|
10:00 |
4386 |
35 | Халмурзаев Муктарали, Ашимова Манзура, Ак-Татыр ВУС адиси Камалов Алыкул
|
2 |
Үч-Дөбө айылы |
2024-жылдын 4-декабры
|
11:00 |
2702 |
25 | Даабеков Сайтбурхан, Абдуллаева Мухабат, Ак-Татыр а/башчы Сами уулу Туратбек
|
3 |
Рават айылы |
2024-жылдын 4-декабры
|
11:00 |
2809 |
25 | Маматов Өмурбек, Жангиров Дурусбек, Рават а/башчы Үсөнов Абдикарим |
4 |
Орто-Боз айылы |
2024-жылдын 5-декабры
|
14:00 |
1187 |
15 | Эшмурзаев Курбанбек, Жапарова Айымбасар, Орто-Боз а/башчы Мазаитов Абдимитал |
|
Бардыгы: |
|
| 11084 |
100 |
|
Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: М.Өмүров