Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 1I сессиясы
2024-жылдын 13-декабры № 7
Ак-Татыр айыл аймагына Тамдык-Кишемиш автожолун салууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 36-беренесинин негизинде, “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын 2024-жылдын 13-сентябрындагы №01-13/3098 сандуу катын, мыйзамдуулукту,укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун №1 протоколун угуп талкуулап чыгып айылдык кеңешинин кезексиз II сессиясы токтом кылат:
1.Тамдык-Кишемиш автожолун, Ак-Татыр айыл аймагынан мамлекеттик менчикте турган №5240-контурундагы 0,20 га жер аянты дарыя, №5371-контурунда 0,43 га жер аянты таштуу жайыт жер, №5377-контурундагы 0,70 га жер аянты бадалдар астындагы жер, жалпы 1,33 га жер аянтына,Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин Баткен облустук №7 бөлүмү тарабынан автожолун салууга макулдук берилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кенешинин мыйзамдуулукту,укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана жер адиси Б.Турдуевге жүктөлсүн.
4. Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыяланды.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага: |
Т.Исманов |