Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын I1 сессиясы
2024-жылдын 13-декабры № 8
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр айылынын Т.Кулатов жана А.Каразаков борбордук көчөлөрүн кеңейтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 36-беренесинин негизинде, айыл өкмөт башчысы А.Сабировдун билдирүүсүн, мыйзамдуулукту,укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун №1 протоколун угуп талкуулап чыгып айылдык кеңешинин кезексиз II сессиясы токтом кылат:
1.Ак-Татыр айылынын Т.Кулатов жана А.Каразаков борбордук көчөлөрүнө, жарыктандыруу, тротуар, латок орнотуу жана жашылдандыруу ж.б, иштерди жүргүзүү үчүн борбордук көчөнү кеңейтүүгө макулдук берилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту,укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана жер адиси Б.Турдуевге жүктөлсүн.
1. Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыяланды.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага: |
Т.Исманов |