Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын I1 сессиясы
2024-жылдын 13-декабры № 9
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Үч-Дөбө айылынан жеке турак жай куруу чүн жер участокторун берүүгө убактылуу комиссияны бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 36-беренесинин төртүнчү пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-май №177 токтомунун негизинде, мыйзамдуулукту,укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун №1 протоколун угуп талкуулап чыгып айылдык кеңешинин кезексиз II сессиясы токтом кылат:
1.Ак-Татыр өкмөтүнүн Үч-Дөбө айылынан жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүүгө комиссиянын курамын бекитүүгө макулдук берилсин.
1) Салиева Назакат комиссия төрөайымы.
2) Акылбеков Манас комиссия катчысы.
3) Мамадияров Мунарбек комиссия мүчөсү
4) Саңгимбай уулу Райимберди комиссия мүчөсү
5) Мамытова Аскарбек комиссия мүчөсү
6) Үсөнов Алмазбек комиссия мүчөсү
7) Масалиева Жылдыз комиссия мүчөсү.
2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кенешинин мыйзамдуулукту,укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана жер адиси Б.Турдуевге жүктөлсүн.
4. Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыяланды.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага: |
Т.Исманов |