Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын
IV кезексиз сессиясы
2024-жыл 11-декабры №04
Шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын
курамдарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен, шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамдарына сунушталган талапкерлер боюнча талкуунун жыйынтыгы менен, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын IV кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Токтогул шаардык кеңешинин кароосуна таандык маселелерди алдын ала кароо, кабыл алынган чечимдерди ишке ашырууга катышуу максатында төмөндөгү туруктуу комиссиялардын курамы бекитилсин:
1) “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясы:
Төрага: 1. Нурканов Нурсултан Темирбекович
Орун басар: 2. Өзүбеков Талант Кенешбаевич
Катчы: 3. Кочканбаева Айнура Байзырахмановна
4. Апсаматов Байжен
5. Нургазиев Тынчтык Гүлжигитович
6. Тойчубеков Урмат Кадырбекович
7. Медеров Эсентур Нурсланович
2) “Маданият, билим берүү, медицина, санитардык абал, экологияны коргоо, калктын социалдык абалы, даректүү жардам, коомдук уюмдар, жумушсуздук, мамлекеттик стандарт боюнча” туруктуу комиссиясы:
Төрага: 1.Жолдошбеков Азизбек Бактыбаевич
Орун басар: 2. Кыпчакбаева Гулнара Джуматаевна
Катчы: 3. Беделбекова Алымкан Усонгазийевна 4. Тулекеева Асылбү Таштемировна
5. Куттубаева Клара Токтосуновна 6. Мамытов Махсадбек Киличбекович
7. Райымбеков Улан Кимсанович
3) “Өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттын компетенциясы, этикасы, коомдук тартипти сактоо, мыйзамдуулук, спорт, жаштар иштери, арыздар, каттар, боюнча” туруктуу комиссиясы:
Төрага: 1.Асанбеков Нуржигит Абдилатович
Орун басар: 2. Акматжанов Эрнис Шабданбекович
Катчы: 3. Джаныбаева Айнура Омушевна
4. Эгембердиев Эрлан Карыпбаевич
5. Кенжеев Кадыраалы Райымкулович
6. Ондошева Майрам
7. Токтосунов Рысбек Райымбекович
4) “Муниципалдык менчик, жерлер ( айыл чарба багытындагы, жайыт, айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери ж.б жерлер), курулуш иштери, суу чарбасы, энергетика, жол байланышы боюнча” туруктуу комиссиясы:
Төрага: 1.Иманбаев Чынгыз Рысбекович
Орун басар: 2.Оркулова Назира Абдалиевна
Катчы: 3. Дүйшеналиев Болот Согушбекович
4. Борбугулов Мирбек Табылдыевич
5. Байдылдаев Жеңиш Рысбекович
6. Сарпашов Манас Мурсажанович
7. Батырбеков Адылбек Шамшиевич
2. Туруктуу комиссиялардын иш пландарына тиешелүү иштерди аткаруу ар бир туруктуу комиссиянын мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
3. Аталган комиссиялардын иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөө комиссиялардын төрагаларына, орун басарларына милдеттендирилсин
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтом күчүнө кирген күндөн баштап, 25.03.2024-жылдагы Токтогул шаардык кеңешинин кезектеги XXVII сессиясынын № 19 токтому жана бул токтомго өзгөртүү, толуктоо киргизүү боюнча кийинки кабыл алынган токтомдордун бардыгы күчүн жоготту деп табылсын.
Төрага: |
С.Т.Кылданов |