Загрузка документа…
ЧУЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-июлу № 34/5
Чүй айыл өкмөтүнүн 2023 – жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттен калган калдыктарды 2024 – жылга колдонуу тууралуу
Чүй айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Малдыбаеванын маалыматын угуп жана 2023– жылдын жыйынтыгы менен Чүй айыл өкмөтүнүн 2024 – жылдын 1-июлуна карата жергиликтүү бюджеттен калган калдыгы 6 601,3 миң сомду түзүп, акча каражатын Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 34-беренесинин ылайык төмөндөгү бөлүмдөргө бөлүштүрүү тууралуу Чүй айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпы муниципалдык кызматкерлеринин эмгек жамаатынын социалдык колдоо көрсөтүү максатында Чүй айыл өкмөтү жыл сайын инфиляциянын, жана айыл чарба продукцияларын өсүшүн, балдарды мектепке даярдоого кеткен чыгымдарын эске алып,эки айлык акы төлөп берүүгө макулдук берилсин жана бекитилсин.
Мамлекеттик тейлөө бөлүмү
2111 “Эмгек акы” 646,9 миң сом
2121 “Соц. фондго акы төлөө” 111,6 миң сом
Бардыгы: 758,5 миң сом.
2. Өндүрүштүк муктаждыкка байланыштуу, Чүй айыл өкмөтүнө насыялардын беренелерин которууга макулдук берилсин жана бекитилсин:
Мамлекеттик тейлөө бөлүмү
2621 КР ЖӨБ органдарынын ассоциациясы,
союздарына төгүмдөр 48,8, мин.сом
Бардыгы: 48,8 миң сом.
Турмуш –тиричилик бөлүмү
2221 “Кезектеги оңдоо иштери” 500,0 миң сом
3111 Имараттар жана курулуштар 5194,0 миң сом
Бардыгы: 5694,0 миң сом
Билим берүү бөлүмү
2231 “Жылуулук энергиясына” 100,0 миң сом
Бардыгы: 100,0 миң сом.
Жалпы сумма : 6601,3 миң сом.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык кеңешинин каржы, экономика жана бюджет комитетинин төрайымы С. Джанузаковага жүктөлсүн.
Төрага |
| Б. Кыдырбаев |