Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын
IV кезексиз сессиясы
2024-жыл 11-декабры №05
“Токтогул шаарына караштуу айыл аймактарындагы ички каналдарды
өткөрүп берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-апрелиндеги “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” №207 токтомун аткаруу боюнча Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын жыйынынын 2024-жылдын 10-июлундагы №1 протоколдук тапшырмасы берилген. Шаардын аймагындагы муницпалдык жана Суу пайдалануучулар ассоциацияларынын (СПА) карамагындагы же кароосуз калган ички чарбалык ирригациялык системаларды тактап, мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү боюнча иш кагаздар даярдалып райондук өнүктүрүү башкармалыгына тапшырылган. Ага ылайык, Токтогул шаардык мэриясына караштуу айыл аймактардан ички каналдар аныкталып, аларды Токтогул суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү боюнча Токтогул шаарынын мэри Б.Д.Максутбаев 06.12.2024-жылы № 01-17/2322 сунушу менен кайрылган.
Жогорудагы сунуш “Муниципалдык менчик, жерлер ( айыл чарба багытындагы, жайыт, айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери ж.б жерлер), курулуш иштери, суу чарбасы, энергетика, жол байланышы боюнча” туруктуу комиссиясында каралып, корутундусу сессияга сунушталды.
Аталган туруктуу комиссиянын корутундусун жана депутаттардын башка сунуш, пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз IV сессиясы токтом кылат:
1.Туруктуу комиссиянын чечими жалпысынан колдоого алынгандыгы белгиленсин.
2.Ага ылайык, Токтогул шаарына караштуу айыл аймактарындагы төмөндө көрсөтүлгөн ички каналдар Токтогул суу чарба башкармалыгына өткөрүлүп берилсин:
1) Куйбышев айылындагы узундугу 6,6 км болгон “Диңгек каналы,
2) Куйбышев айылындагы узундугу 2 км болгон “Карды-Жарык каналы,
3) Кызыл-Туу айылындагы узундугу 6,6 км “Борду” каналы,
4) Комсомол айылындыгы узундугу 6,0 км “Байбагыш” каналы,
5) Арал айылындагы узундугу 6,0 км “Кара-Жыгач” каналы,
6) Жаңы-Жол/ Кара-Суу айылдарынын “Төш-Арык” каналы 10,6 км,
7) Жаңы-Жол/ Кара-Суу айылдарынын “Көтөрмө” каналы, узундугу 7 км,
8) Жаңы-Жол айылынын “Капка-Таш” каналы, узундугу 3 км,
9) Жаңы-Жол айылынын “Төө-Карын” каналы, узундугу 5,5 км,
10) Кара-Суу айылынын “Ак-Сеңир” каналы, узундугу 3,5 км
11) Куйбышев айылынан Жаңы-Жол айылына келген лоток, узундугу 5 км.
3.Жогоруда аталган ички каналдарды мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө байланышкан бардык иштер тиешелүү мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
4.Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев) милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын контролдоо тиешелүү туруктуу комиссияга (Ч.Иманбаев) тапшырылсын.
6.Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7.Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
8.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: |
С.Т.Кылданов |