Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 26-декабры № 801
2025-2028-жылдарга "Кыргызстанда жасалган" улуттук экспорттук программасын бекитүү жөнүндө
Өлкөнүн экспорттук потенциалын жана дүйнөлүк рынокто ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2025-2028-жылдарга "Кыргызстанда жасалган" улуттук экспорттук программасы 1-тиркемеге ылайык;
2) 2025-2028-жылдарга "Кыргызстанда жасалган" улуттук экспорттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер жана ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы (макулдашуу боюнча):
1) ушул токтомдун 1-пунктунун 2-пунктчасында аталган иш-чаралар планын толук көлөмдө аткаруу боюнча чараларды көрсүн;
2) квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен жогоруда аталган иш-чаралар планын аткаруу жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына, "Кыргызстан банктарынын бирлиги" юридикалык жактардын бирикмесине, "Кепилдик фонд" ачык акционердик коомуна, "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ачык акционердик коомуна, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондуна, Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондуна, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондуна, Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондуна төмөнкүлөр сунушталсын:
1) ушул токтомдун 1-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн иш-чаралар планын толук көлөмдө аткаруу боюнча чараларды көрүү;
2) квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен жогоруда аталган иш-чаралар планын аткаруу жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берип туруу.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 30унан кечиктирбестен ушул токтомдун 1-пунктунун 2-пунктчасында аталган иш-чаралар планын аткаруу жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| 2-тиркеме |
2025-2028-жылдарга "Кыргызстанда жасалган" улуттук экспорттук программасын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Чаралар/Аракеттер | Аткаруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжа/продукт | Жооптуу аткаруучулар |
1-багыт. Экспортту илгерилетүү | |||||
1-максат. Экспортту илгерилетүүнүн жана экспорттук потенциалды өнүктүрүүнүн натыйжалуу системасын түзүү | |||||
1 | 1.1. Экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик механизмдерди күчөтүү | 1.1.1. Экспортко багытталган компаниялардын муктаждыктарына, ошондой эле экспортту өнүктүрүү боюнча дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларга изилдөө жүргүзүү жана соода аналитикасы, экспорттук консалтинг жана экспортту илгерилетүү чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин аныктоо | Дайыма | Экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик ишкана тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмеси аныкталды | КЭ, ЭКМ |
1.1.2. Персоналды экспорттук консалтинг, соода аналитикасы жана экспортту илгерилетүү маселелери боюнча окутуу | Жыл сайын | 15тен ашык кызматкер соода аналитикасы жана экспортту илгерилетүү боюнча кызматтарды өз алдынча ишке ашыра алат. Жыл сайын 100дөн ашык компания соода аналитикасы жана экспортту илгерилетүү боюнча кызматтарды алат | КЭ, ЭКМ | ||
1.1.3. Продукцияны максаттуу рынокторго жылдыруу боюнча Экспорттук акселерациялык программаны иштеп чыгуу (анын ичинде тандоо критерийлери, катышуу мөөнөттөрү, катышуучуларга талаптар, натыйжалардын максаттуу көрсөткүчтөрү ж.б.) | 2025-жылдын 30-сентябры | Экспорттук акселерациялык программаны каржылоо үчүн каржылоо булактары аныкталды жана бюджет бекитилди. Экспорттук акселерациялык программаны ишке ашыруу үчүн эл аралык финансы институттары жана өнүктүрүү боюнча башка өнөктөштөр менен келишимдер түзүлдү. Экспорттук акселерациялык программага катышуу жөнүндө жобо бекитилди | КЭ | ||
1.1.4. Экспорттук акселерациялык программаны ишке ашыруу | 2028-жылдын 30-сентябры | Экспорттук акселерациялык программага катышуу үчүн кеминде 20 пилоттук компания тандап алынды. Кеминде 15 пилоттук компания жаңы рынокторго чыкты | КЭ | ||
1.1.5. Изилдөө максаттуу рыноктордун (географиялык жана товардык диверсификациялоо) жана артыкчылыктуу продукциянын тизмесин аныктоо | 2025-жылдын 30-апрели | Максаттуу рынокторго кирүү үчүн терең изилдөөгө артыкчылыктуу продукциялар аныкталды | КЭ, ЭКМ | ||
1.1.6. Экспорттоочулардын продукциясын илгерилетүү үчүн максаттуу рыноктор боюнча маалымат алууну жакшыртуу | Дайыма | Кеминде 44 максаттуу рынокко изилдөө жүргүзүлдү. Рынок мүмкүнчүлүктөрү, рыноктордун жана секторлордун багыты, максаттуу рынокторго кирүү боюнча колдонмолор иштелип чыкты жана жарыяланды | КЭ | ||
1.1.7. Экспорттоочулардын, экспорттоо багытындагы кызмат көрсөтүүчүлөрдүн маалымат базасын түзүү жана дайыма жаңыртып туруу | Дайыма | Экспорттоочулардын актуалдуу маалымат базасы export.gov.kg веб-сайтта жарыяланды | КЭ | ||
1.1.8. "Экспорт кербени" маалыматтык өнөктүгүн жана бардык региондордогу ишканалар менен жолугушууларды өткөрүү | Жыл сайын | КРнын бизнес-коомчулугу экспортту илгерилетүү боюнча кызматтар жөнүндө маалымат алды. "Экспорт кербени" программасынын алкагында жыл сайын 100дөн ашык компания экспорт маселелери боюнча окутуудан өтүүдө | КЭ, ЭКМ, САЧКӨМ, ТИМ, МСК, МБК, КР бизнес-коомчулугу (макулдашуу боюнча) | ||
1.1.9. Максаттуу рынокторго кирүү үчүн эл аралык көргөзмөлөрдүн тизмесин аныктоо жана экспорттоочулардын катышуусун уюштуруу | Дайыма | Максаттуу рыноктордун тизмесинин негизинде соода көргөзмөлөрү аныкталды жана тандалды. 20дан кем эмес эл аралык көргөзмөлөргө жыл сайын экспорттоочуларды даярдоодо, уюштурууда жана катышуусуна колдоо көрсөтүүдө жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө көмөк көрсөтүлдү: - 2025-жылы - кеминде 5 көргөзмө; - 2026-жылы - кеминде 5 көргөзмө; - 2027-жылы - кеминде 5 көргөзмө; - 2028-жылы - кеминде 5 көргөзмө | КЭ, ТИМ, СӨП (макулдашуу боюнча) | ||
1.1.10. Продукцияны максаттуу рынокторго жылдыруу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу | Дайыма | Дипломатиялык миссиялар менен бирдикте жыл сайын максаттуу өлкөлөргө 14төн кем эмес кирүү жана чыгуу соода миссияларына катышуу уюштурулду: - 2025-жылы - кеминде 4 соода миссиясы; - 2026-жылы - кеминде 4 соода миссиясы; - 2027-жылы - кеминде 4 соода миссиясы; - 2028-жылы - кеминде 2 соода миссиясы | КЭ, ТИМ, ЭКМ, СӨП (макулдашуу боюнча) | ||
1.1.11. 2025-2028-жылдарга экспортту илгерилетүү боюнча Экспорттук акселерация программасын жана башка иш-чараларды ишке ашыруу үчүн ресурстарды мобилизациялоо | 2025-жылдын 30-июну | Эл аралык уюмдар жана өнүктүрүү боюнча долбоорлор менен кызматташтыкта ишке ашырылуучу экспортту илгерилетүү жана өнүктүрүү боюнча иш-чаралар аныкталды | КЭ, ЭКМ | ||
1.2. Экспорттук потенциалды өнүктүрүү үчүн натыйжалуу мамлекеттик-жеке кызматташтыкты түзүү | 1.2.1. КР МК караштуу Экспорттук кеңешти түзүү | 2025-жылдын 30-июну | КР МК караштуу Экспорттук кеңеш түзүлдү жана курамы бекитилди | ЭКМ, КЭ, КР бизнес-коомчулугу (макулдашуу боюнча) | |
1.2.2. КР МК караштуу Экспорттук кеңештин туруктуу жыйналыштарын өткөрүү | Жарым жылда бир жолу | Улуттук экспорттук программаны ишке ашыруудагы көйгөйлөр, ошондой эле экспорт менен байланышкан башка көйгөйлөр аныкталды жана талкууланды | ЭКМ, КЭ, КР бизнес-коомчулугу (макулдашуу боюнча) | ||
1.2.3. Экспортту илгерилетүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик институттардын жана консалтингдик компаниялардын, өндүрүүчү-экспорттоочулардын ортосундагы кызматташтыкты илгерилетүү | 2025-жылдын 30-марты | Консалтингдик компаниялардын, өндүрүүчү-экспорттоочулардын жана мамлекеттик институттардын ортосунда экспортту илгерилетүү боюнча өз ара аракеттенүү механизми иштелип чыкты | КЭ, ЭКМ | ||
1.3. Ар кандай секторлордун жана региондордун ишкерлеринин экспорттук потенциалын жогорулатуу | 1.3.1. Өлкөнүн региондорунда экспортту өнүктүрүү боюнча көндүмдөрдү жана квалификацияны жогорулатуу боюнча платформаларды түзүү | 2025-жылдын 30-марты | Өлкөнүн бардык региондорунда экспорттук потенциалды жогорулатуу боюнча аянтчалар бизнес-ассоциациялар менен биргеликте түзүлдү жана турукту иштөөдө | КЭ, ЭКМ, КРП облустардагы ЫУӨ, СӨП (макулдашуу боюнча), КР бизнес-коомчулугу (макулдашуу боюнча) | |
1.3.2. "Кыргыз Республикасынын мыкты экспорттоочусу" конкурсун өткөрүү | 2025-жылдын 30-декабры | Ар кандай номинациялар боюнча сыйлыктар тапшырылды. Экспорт чөйрөсүндө жетишкендиктер илгерилетилди. Жогорку экспорттук көрсөткүчтөргө жетишкендиги үчүн сыйлоо системасы киргизилди | КЭ, ЭКМ, СӨП (макулдашуу боюнча), КР бизнес-коомчулугу (макулдашуу боюнча) | ||
1.3.3. Ишкерлерди экспорттук иштин негиздерине окутуу (экспорттук маркетинг, эл аралык сүйлөшүүлөр, экспорттук контракттар ж.б.) | Дайыма | Менеджменттин жана бизнес менчик ээлеринин, 200дөн кем эмес компаниянын өкүлдөрү окутулду | КЭ, ЭКМ, КРП облустардагы ЫУӨ | ||
1.3.4. Экспорттук компаниялардын менеджерлери үчүн продукцияны өндүрүү жана чет өлкөлөрдө бизнес жүргүзүү тажрыйбасын үйрөнүү боюнча кесиптик стажировкалардын программаларын өткөрүү | Дайыма | Экспорттук компаниялардын өкүлдөрү үчүн чет өлкөлөрдө стажировкалар өткөрүлдү | КЭ, ТИМ, СӨП (макулдашуу боюнча) | ||
2-максат. Экспорттоочулардын эл аралык интеграциясын күчөтүү жана "Кыргызстанда жасалган" брендин илгерилетүү | |||||
1.4. "Кыргызстанда жасалган" брендинин эл аралык таанылышын жогорулатуу боюнча шарттарды түзүү | 1.4.1. "Кыргызстанда жасалган" брендин эл аралык илгерилетүү боюнча концепцияны иштеп чыгуу | 2025-жылдын 30-июну | "Кыргызстанда жасалган" брендин эл аралык илгерилетүү боюнча концепция иштелип чыкты жана бекитилди | КЭ, ЭКМ, ТИМ, САЧКӨМ.СӨП (макулдашуу боюнча), КР бизнес-коомчулугу (макулдашуу боюнча) | |
1.4.2. Эл аралык көргөзмөлөрдө колдонуу үчүн "Кыргызстанда жасалган" улуттук стенддинин дизайнын иштеп чыгуу | 2025-жылдын 30-июну | Эл аралык көргөзмөлөрдө колдонуу үчүн "Кыргызстанда жасалган" стандарттуу улуттук стенддин форматы жана дизайны аныкталды (өлчөмү, дизайны жана логистикасы) | КЭ, СӨП (макулдашуу боюнча), ЭКМ, САЧКӨМ, ТИМ, ММСЖСМ, КР бизнес-коомчулугу (макулдашуу боюнча | ||
1.4.3. "Кыргызстанда жасалган" брендинин таанылышын жогорулатуу үчүн брендбукту иштеп чыгуу | 2025-жылдын 30-декабры | "Кыргызстанда жасалган" брендинин таанылышын жогорулатуу үчүн брендбук иштелип чыкты жана макулдашылды | КЭ, ТИМ, ЭКМ, САЧКӨМ, ММСЖСМ, КР бизнес-коомчулугу (макулдашуу боюнча | ||
1.4.4. "Кыргызстанда жасалган" брендин илгерилетүү үчүн медиаконтентти иштеп чыгуу | 2025-жылдын 30-декабры | Англис тилинде жана максаттуу рыноктордун тилдеринде социалдык тармактар үчүн кыска видеороликтер, тизерлер, баннерлер жана кермелер үчүн сүрөттөр даярдалды | КЭ, ММСЖСМ, ТИМ | ||
1.5. Экспортту илгерилетүү үчүн чет өлкөлүк мекемелердин ролун күчөтүү | 1.5.1. Соода маалыматтарын чогултуу жана экспортту илгерилетүү боюнча иш-чараларды (соода миссиялары жана көргөзмөлөр) уюштуруу маселелери боюнча ТИМ чет өлкөдөгү мекемелери менен КЭ ортосунда ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү боюнча натыйжалуу механизмди киргизүү | 2024-жылдын 30-июну | Экспортту илгерилетүү, анын ичинде соода көргөзмөлөрүнө жана миссияларына катышууну уюштуруу менен чектелбестен, ошондой эле маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу маселелери боюнча өз ара аракеттенүү жана оперативдүү маалымат алмашуу жөнүндө ведомстволор аралык жобо иштелип чыкты жана ишке ашырылды | КЭ, ТИМ, ЭКМ | |
1.5.2. Экспортту илгерилетүү маселелери боюнча чет өлкөдөгү мекемелердин ишинин натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүн киргизүү | 2025-жылдын 30-июну | Экспортту илгерилетүү маселелери боюнча чет өлкөдөгү мекемелердин ишинин натыйжалуулугунун негизги индикаторлору иштелип чыкты жана ишке киргизилди | ТИМ | ||
2-багыт. Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү | |||||
1-максат. Тышкы соода формалдуулуктарын оптималдаштыруу, экспорттоочулардын убактысын жана материалдык чыгымдарын азайтуу | |||||
2 | 2.1. Өткөрүү пункттары аркылуу товарларды алып өтүүнү тездетүү | 2.1.1. Экспорттук товарларды өз алдынча бажылык декларациялоо боюнча мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу | 2025-жылдын 31-декабры | Бажы декларациясын берүү үчүн тышкы экономикалык иштин катышуучулары үчүн жеке кабинет иштелип чыкты | МБК |
2.1.2. Экспорттук товарларды автоматтык түрдө чыгаруу үчүн декларацияларды автоматтык түрдө каттоонун алгоритмдерин ишке ашыруу | 2027-жылдын 31-июну | Экспорттук жол-жоболорго жайгаштырылган товарларга бажы декларацияларын автоматтык түрдө каттоо иштеп баштады жана берилген декларациялар үчүн товарларды чыгаруу боюнча чечимдерди автоматтык түрдө кабыл алуу башталды | МБК | ||
2.1.3. Тиешелүү товарларды өткөрүүнүн биринчи кезектеги тартибин эске алуу менен чек арада электрондук кезек системасын киргизүү | 2025-жылдын 31-декабры | Өткөрүү пунктунда жана электрондук кезек күтүүчү жерде жүктөм жөнүндө маалыматты алдын ала алуу үчүн шарттар түзүлдү | МБК, УКМК ЧК | ||
2.2. Артыкчылыктуу продукцияны экспорттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү | 2.2.1. "Ак-Тилек автожолу" өткөрүү пунктунда жашыл коридор үчүн өзүнчө тилке жана өзүнчө жетүү жолун орнотуу | 2027-жылдын 1-июну | Тез бузулуучу продукция үчүн өзүнчө тилке иштейт | ЭКМ, УКМК ЧК, ТКМ, САЧКӨМ | |
2.2.2. Өткөрүү пункттары аркылуу тез бузулуучу продукцияны алып өтүүчү транспорт каражаттарын айырмалоочу белгилер менен камсыз кылуу | 2025-жылдын 30-декабры | Тез бузулуучу товарлар үчүн айырмалоочу белгилер чыгарылды жана транспорт каражаттары тарабынан колдонулууда | САЧКӨМ, КЭ,ТКМ | ||
2.2.3. "Кең-Булуң автожолу" өткөрүү пунктун тез бузулуучу продукциясы бар транспорт каражаттары үчүн гана деп белгилөө | 2028-жылдын 1-январы | Өткөрүү пункту тез бузулуучу продукцияны алып өтүү үчүн гана иштейт | ЭКМ, ТИМ, УКМК ЧК, ТКМ, САЧКӨМ | ||
3-багыт. Финансыга жеткиликтүүлүк | |||||
1-максат. Артыкчылыктуу секторлордун экспорттоочуларына финансыга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу | |||||
3 | 3.1. Экспортко багытталган ишканалар үчүн финансыга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу | 3.1.1. Экспорттоочуларды колдоо механизмдерин жана финансылык колдоо көрсөтүү критерийлерин аныктоо | 2025-жылдын 30-марты | Экспорттоочуларды колдоо механизмдери жана критерийлери аныкталды | КЭ, ЭКМ, КРУБ (макулдашуу боюнча) |
3.1.2. Сооданы каржылоо инструменттерин пайдаланууну кеңейтүүгө багытталган КРнын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү | 2025-жылдын 30-июну | Коммерциялык банктардын сооданы каржылоо инструменттерин пайдалануусун кеңейтүүгө багытталган КРнын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр киргизилди | КРУБ (макулдашуу боюнча), коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча), ЭКМ, КЭ | ||
3.1.3. Экспорттук операциялар үчүн учурдагы соода каржылоо инструменттерин илгерилетүү | 2025-жылдын 30-сентябры | Экспорттоочулар тарабынан учурдагы соода каржылоо инструменттери колдонулду | КЭ, ЭКМ, коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча) | ||
3.1.4. Экспорттук операцияларды камсыздандыруу механизмин иштеп чыгуу жана киргизүү | 2025-жылдын 25-декабры | Экспорттук берүүлөрдү камсыздандыруу боюнча пилоттук долбоор өткөрүлдү | КЭ, "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААК (макулдашуу боюнча) | ||
3.1.5. Коммерциялык банктар тарабынан экспортко кредиттерди берүүнү көбөйтүү | 2027-жылдын 25-декабры | Коммерциялык банктар тарабынан экспортко кредиттерди берүү көбөйдү | КРУБ (макулдашуу боюнча), коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча) | ||
3.1.6. Өнүктүрүү фонддору тарабынан экспортко багытталган ишканаларды колдоо | Дайыма | Экспортко багытталган ишканаларга кредиттерди берүү өнүктүрүү фонддорунун ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныкталды | Өнүктүрүү фонддору (РКӨФ, ӨКӨФ, ВКӨФ, АКӨФ) (макулдашуу боюнча) | ||
3.1.7. Транспорттук чыгымдарды каржылоо аркылуу экспорттоочуларга дем берүү боюнча колдонулуучу тажрыйбаларды талдоо | 2025-жылдын 30-июну | Экспорттоочулардын транспорттук чыгымдарын каржылоонун деталдуу механизми иштелип чыкты | КЭ, ЭКМ | ||
3.2. Жеке секторду - экспорттоочуларды колдоо инфраструктурасын түзүү | 3.2.1. Экспорттоочу ишканалар менен ишкананы корпоративдик башкаруу системасына көмөк көрсөтүү жана киргизүү боюнча иш-чараларды өткөрүү | Дайыма | Ишкананы корпоративдик башкаруу системасына көмөк көрсөтүү жана ишке киргизүү боюнча иш-чаралар өткөрүлдү | Мамфинкөзөмөл, "Кепилдик фонду" ААК (макулдашуу боюнча), СӨП (макулдашуу боюнча), КР бизнес-коомчулугу (макулдашуу боюнча) | |
3.2.2."Кепилдик фонду" ААКтын ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири катары экспортко багытталган ишканалар үчүн кепилдиктерди берүү аныкталды | Дайыма | Экспортко багытталган ишканаларга кепилдиктерди берүү "Кепилдик фонду" ААКтын ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныкталды | "Кепилдик фонду" ААК (макулдашуу боюнча), коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча) | ||
3.2.3. "Кепилдик фонду" ААКка экспорттоочулардын бүтүмдөрү боюнча факторинг операцияларын киргизүү | 2025-жылдын 25-декабры | Экспорттоочулар үчүн факторинг операциялары көбөйтүлдү | "Кепилдик фонду" ААК (макулдашуу боюнча) "Кыргызстан банктар союзу" ЮЖБ (макулдашуу боюнча), коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча) | ||
3.2.4. Россия рыногуна кыргыз товарларын жеткирүүнүн алкагында факторинг кызматтарын көрсөтүү финансылык продуктусун киргизүү | 2025-жылдын 30-июну | РКӨФтөн карыз алуучу ата мекендик экспорттоочуларга факторинг кызматы көрсөтүлдү | РКӨФ (макулдашуу боюнча) | ||
4-багыт. Сапаттын улуттук инфраструктурасы | |||||
1-максат. Укуктук механизмдерди өркүндөтүү жана эл аралык/региондук стандарттарды киргизүүнү камсыз кылуу | |||||
4 | 4.1. Импорттоочу тараптын продукциясына карата санитардык жана фитосанитардык чараларды, ЕАЭБдин ТРин аткаруу боюнча талаптарды камсыз кылуу | 4.1.1. Эл аралык эпизоотиялык бюронун статустарын таануу жөнүндө сертификаттарды алуу (зарылдыгына жараша) | 2028-жылдын 25-декабры | Эл аралык эпизоотиялык бюронун статустарын таануу жөнүндө сертификаттар алынды | САЧКӨМ |
4.1.2. ISPM № 7 жана № 12 фитосанитардык чаралар боюнча эл аралык стандарттарга ылайык фитосанитардык сертификациялоо жол-жоболорун киргизүү | 2027-жылдын 25-июлу | Импорттоочу өлкөлөр тарабынан фитосанитардык сертификациялоо системасын таануу алынды, экспорттук рынокторго жеткирүү жеңилдетилди | САЧКӨМ | ||
4.1.3. Карантиндик продукцияны, анын ичинде жаңы бышкан жемиштерди, жашылчаларды, картошканы, кургатылган жемиштерди, жаңгактарды, буурчакты көзөмөлдөөнүн улуттук системасын иштеп чыгуу жана киргизүү | 2027-жылдын 20-декабры | Өсүмдүктөрдөн алынган карантиндик продукцияны эркин алып өтүү үчүн улуттук көзөмөлдөө системасы киргизилди жана тартип иштелип чыкты | САЧКӨМ | ||
4.1.4. Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды, анын ичинде сүт жана сүт азыктарын, эт жана эт азыктарын, табигый балды, сууда өстүрүлгөн продукцияны кошо алганда "фермадан сатуу ордуна чейин" көзөмөлдөөнүн улуттук системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2027-жылдын 20-декабры | Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган продукцияларды көзөмөлдөөнүн улуттук системасы киргизилди жана тартип иштелип чыкты | САЧКӨМ, ССМ | ||
4.1.5. Стандарттардын тизмектерин актуалдаштыруу боюнча сунуштарды даярдоо, аларды ыктыярдуу негизде колдонуунун натыйжасында ББ/ЕАЭБ ТР талаптарын, ошондой эле изилдөөлөрдүн (сыноолордун) жана өлчөөлөрдүн эрежелерин жана методдорун камтыган стандарттарды, анын ичинде ББ/ЕАЭБ ТР колдонуу жана аткаруу жана продукциянын шайкештигин баалоону (ырастоону) жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон үлгүлөрдү тандап алуунун эрежелерин сактоо камсыздалат | Жыл сайын | ББ/ЕАЭБ ТРга стандарттардын тизмеги ЕЭКке төмөнкүлөр боюнча кароого жөнөтүлдү: - тамак-аш азыктары боюнча ББ ТР 021/2011, ББТР 005/2011, ББТР 029/2012, ББ ТР 023/2011, ББ ТР 027/2012, ББТР 033/2013, ЕАЭБ ТР 044/2017, ББ ТР 034/2013, ЕАЭБ ТР 040/2016, ЕАЭБТР 051/2021; - жеңил өнөр жай продукциясына карата (текстиль жана тигүү буюмдары, анын ичинде кол менен жасалган салттуу буюмдар, бут кийим) боюнча ББТР 017/2011, ББ ТР 007/2011 | ЭКМ, САЧКӨМ, ССМ, СМБ, ВДЭБ | ||
4.1.6. Экспорттук продукцияны сыноо (изилдөө) методдоруна карата эл аралык, региондук стандарттарды, башка мамлекеттердин (КЭР, САК, ЕБ, ПБ ПБӨК ж.б.) стандарттарын колдонуу | Дайыма | Эл аралык, региондук стандарттар кабыл алынды | ЭКМ, САЧКӨМ, ССМ, СМБ | ||
4.1.7. КРдан КЭРге экспорттолуучу продукциянын фитосанитардык жана ветеринардык талаптары жөнүндө протоколдорго кол коюу | Квартал сайын | КЭР рыногуна фитосанитардык жана ветеринардык продукцияны экспорттоо боюнча КЭР менен кол коюлган протоколдордун тизмеги кеңейтилди | САЧКӨМ, ТИМ | ||
4.1.8. Ата мекендик ишканалардын фитосанитардык жана ветеринардык продукция жөнүндө ПБӨК импорттоочуларынын реестрине киргизүү | Дайыма | Ата мекендик ишканалар ПБӨК импорттоочуларынын реестринде катталды | САЧКӨМ | ||
4.1.9. Ата мекендик ишканаларды азык-түлүк коопсуздугуна ылайык фитосанитардык жана ветеринардык продукция жөнүндө ЕБ импорттоочуларынын реестрине киргизүү | Дайыма | Ата мекендик ишканалар ЕБ импорттоочуларынын реестринде катталды | САЧКӨМ | ||
4.2. Менеджмент системасына жана инновацияларды өнүктүрүүгө эл аралык стандарттарды киргизүү | 4.2.1. Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн жана тиешелүү мамлекеттик органдардын Global G.A.P. эл аралык стандартынын талаптары, ошондой эле НАССР стандарттары/Алиментариус кодекси, ЕАЭБдин жана ветеринария жаатындагы улуттук мыйзамдардын талаптары жөнүндө билим деңгээлин жогорулатуу | Дайыма | Үзгүлтүксүз негизде окутуу өткөрүлдү | САЧКӨМ, ССМ, КЭ | |
4.2.2. Global G.A.P. стандартынын талаптарын түшүндүрүү (чечмелөө) боюнча улуттук колдонмону иштеп чыгуу | 2025-жылдын 25-июну | Global G.A.P. ылайык V5.2 (жемиштер жана жашылчалар) айыл чарба продукциясын комплекстүү жеткирүү системалары боюнча улуттук интерпретациялык документ иштелип чыкты | САЧКӨМ, ССМ, КЭ | ||
4.2.3. Органикалык айыл чарбасын жүргүзүү жөнүндө айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн жана тиешелүү мамлекеттик органдардын билим деңгээлин жогорулатуу | Дайыма | Үзгүлтүксүз негизде окутуу уюштурулду | САЧКӨМ | ||
4.2.4. Адал-продукциянын талаптарын, ISO 9001, ISO 14001, ISO 22000, FSSC 22000 менеджмент системаларынын стандарттарын киргизүү чөйрөсүндө өндүрүүчүлөрдүн, мамлекеттик органдардын, бизнес-түзүмдөрдүн билим деңгээлин жогорулатуу | Дайыма | Үзгүлтүксүз негизде окутуу өткөрүлдү | САЧКӨМ, ССМ, ЭКМ, СМБ, ЭКМге караштуу "Адал индустрия" борбору | ||
4.2.5. Global G.A.P., ISO 22000, FSSC 22000, ISO 9001, 14001 менеджмент системалары боюнча жергиликтүү консультанттардын потенциалын жогорулатуу | Дайыма | Global G.A.P., ISO 22000, FSSC 22000, ISO 9001, 14001 менеджмент системалары боюнча консультанттардын потенциалы жогорулатылды | САЧКӨМ, СМБ, ССМ, КЭ | ||
2-максат. Шайкештикти баалоо жана метрология боюнча институттарды модернизациялоо | |||||
4.3. Лабораториялык инфраструктуранын жетиштүү техникалык компетенттүүлүгүнө жетишүү жана көрсөтүлүүчү кызматтардын спектрин кеңейтүү | 4.3.1. Ихтиопатологиялык лабораторияны түзүү, анын ичинде жайларды тандоо (куруу), диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча документтерди иштеп чыгуу/кабыл алуу, балыктардын, көлмөлөрдүн жана жашоо чөйрөнүн инфекциялык жана инвазиялык оорулардын козгогучтарын аныктоо, ихтиопатологиялык лабораториянын адистерин окутуу | 2028-жылдын 25-декабры | Ихтиопатологиялык лаборатория ишке киргизилди, балык чарбаларына жана ишканаларына жардам көрсөтүлдү | САЧКӨМ | |
4.3.2. Сыноо лабораторияларын толуктап жабдуу менен байланышкан чыгымдарды бюджеттик каржылоону камсыз кылуу (анын ичинде төмөнкүлөргө чыгымдарды): - дайындалган лабораторияларды толуктап жабдуу менен байланышкан эл аралык методикаларды сатып алуу жана ишке киргизүү жана алар боюнча сыноолорду жүргүзүү; - реактивдерди жана референс-материалдарды сатып алуу; - ISO/IEC 17043 талаптарына жооп берген квалификацияларды текшерүү программаларына системалуу катышуу | Жыл сайын | Экспорттук продукция үчүн сыноолорду жана/же изилдөөлөрдү жүргүзүүгө лабораториялардын референсин бюджеттик каржылоо механизми иштелип чыкты жана кабыл алынды | САЧКӨМ, ССМ | ||
4.3.3. Тамак-аш азыктары, анын ичинде суу жаатында сапатка квалификацияны текшерүү программаларын берүүчүлөрдүн потенциалын түзүү жана күчөтүү | 2028-жылдын 25-декабры | Микробиологиялык жана химиялык көрсөткүчтөр боюнча тамак-аш азыктары, анын ичинде суу жаатында сапатка квалификацияны текшерүү программаларын берүүчүлөрдүн кызматтары ишке киргизилди жана кеңейтилди | ССМ | ||
4.3.4. Даяр продукция үчүн санитардык жана фитосанитардык чараларды ишке ашыруу чөйрөсүндө лабораториялардын адистерине изилдөөлөрдүн/сыноолордун эл аралык/региондук методдорун окутуу | Дайыма | Лабораториялардын адистери эл аралык/региондук стандарттардын талаптарына ылайык продукцияны изилдөө/сыноо методдору боюнча окутуудан өттү | САЧКӨМ, СМБ, ССМ, ОА жана МСЭКД | ||
4.3.5. Тамак-аш тармагынын жана жеңил өнөр жай ишканаларынын лабораторияларынын персоналына өндүрүштүк контролдоо максаттары үчүн сыноо методдорун окутуу | Дайыма | Лабораториялардын персоналына сыноо методдорун окутуу жүргүзүлдү | САЧКӨМ, СМБ, ССМ | ||
4.4. Калибрлөө жана сыноо лабораторияларын сертификаттоо боюнча органдын потенциалын күчөтүү | 4.4.1. Тамак-аш коопсуздугунун коопсуздук менеджменти системасын сертификатгоо боюнча органды түзүү | 2027-жылдын 20-июлу | ИСО/МЭК 17021, ИСО 22003 ылайык коопсуздук менеджменти системасын сертификаттоо боюнча орган түзүлдү | СМБ | |
4.4.2. Айыл чарба органикалык өндүрүштү сертификаттоо боюнча органды түзүүгө көмөктөшүү | 2028-жылдын 25-декабры | Айыл чарба органикалык өндүрүштү сертификаттоо боюнча орган түзүлдү | САЧКӨМ | ||
4.4.3. СМБнын эталондук лабораторияларын аккредитациялоону ырастоо | 2028-жылдын 20-декабры | Эталондук лабораторияларды аккредитациялоонун колдонуудагы аттестаттарынын болушу ырасталды | СМБ жана анын аймактык бөлүмдөрү | ||
4.4.4. Өлчөө каражаттарын калибрлөө боюнча 2-деңгээлдеги мамлекеттик (СМБнын аймактык бөлүмдөрү) калибрлөө лабораторияларын түзүү | 2027-жылдын 25-декабры | 2-деңгээлдеги мамлекеттик калибрлөө лабораториялары түзүлдү жана калибрлөө кызматтарын көрсөтүүдө. Минимум 3 региондук лаборатория техникалык компетенттүүлүгүн ырастады | СМБ жана анын аймактык бөлүмдөрү | ||
3-максат. Улуттук сапат инфраструктурасын санариптик трансформациялоо | |||||
4.5. Продукцияга жана шайкештикти баалоонун формаларына карата милдеттүү талаптар жөнүндө маалыматтарды санариптештирүү | 4.5.1. Сыноолордун протоколдорун, ветеринардык жана фитосанитардык сертификаттарды электрондук түрдө берүүнү камсыздоо жана электрондук маалымат базасын жүргүзүү | 2027-жылдын 20-июлу | Документтерди электрондук түрдө берүү жана маалыматтардын толук топтомун түзүү сервисин иштеп чыгуу | САЧКӨМ, ЭКМ караштуу "БТБ" МИ | |
4.5.2. ЕАЭБдин бажы аймагына ташып кирген жана өткөрүлгөн карантинге алынган продукцияны көзөмөлдөөдө фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндөгү улуттук маалыматтык системаны интеграциялоо | 2028-жылдын 20-декабры | ЕАЭБдин маалыматтык системасына кошулуу жана көзөмөлдөө учурунда карантинге алынган продукциянын жалпы процесстери ишке киргизилди жана иштеп баштады | САЧКӨМ, ССМ | ||
4.5.3. ЕАЭБдин интеграцияланган маалыматтык системасы аркылуу жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган продукцияларды көзөмөлдөөнүн улуттук маалыматтык системаларын интеграциялоо | 2028-жылдын 25-декабры | Ветеринардык контролдон (көзөмөлдөн) өтүүгө тийиш болгон товарларды көзөмөлдөөнүн жалпы процесстери ишке киргизилди жана ЕАЭБдин маалыматтык системасына кошулду | САЧКӨМ, ССМ, СӨМ, ЭКМ караштуу "БТБ" МИ | ||
4.5.4. ЕАЭБдин алкагында кооптуу (тиешелүү эмес) продукцияны аныктоо жөнүндө маалымдоонун улуттук маалыматтык системасын түзүү жана интеграциялоо | 2028-жылдын 25-декабры | ЕАЭБдин кооптуу продукция жөнүндө маалымдоо системасын түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу боюнча жалпы процесстер ишке киргизилди жана иштеп баштады. Жүгүртүлүп жаткан товарлардын сапатын, коопсуздугун коргоонун жана кепилдигинин талаптагыдай системасы камсыз кылынды | ССМ, САЧКӨМ | ||
Кыскартуулардын тизмеси:
АКӨФ | - | Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду |
БССжМБ | - | Бишкек сыноо, сертификаттоо жана метрология борбору |
ВДжЭБ | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын алдындагы Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору |
ВКФР | - | Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фонду |
ЕАЭБ | - | Евразия экономикалык бирлиги |
ЕБ | - | Европа биримдиги |
ЕЭК | - | Евразия экономикалык комиссиясы |
КР | - | Кыргыз Республикасы |
КРМК | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети |
КРУБ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
КЭ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору |
КЭР | - | Кытай Эл Республикасы |
Мамфинкөзөмөл | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы |
МБК | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
ММСЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги |
ОА жана МСЭКД | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти |
ӨКӨФ | - | Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду |
ПБӨК | - | перс булуңунун өлкөлөрүнүн кеңеши |
РКӨФ | - | Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду |
САК | - | Сауд Аравия Королдугу |
САЧКӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги |
СӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги |
СӨП | - | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы |
СМБ | - | Стандартташтыруу жана метрология борбору |
CMC | - | Сапат менеджментинин системасы |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
ТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
ТР | - | техникалык регламент |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
Ыйгарым укуктуу өкүл |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ЭКМ караштуу | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу |
"БТБ" МИ |
| "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасы |