Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын
кезексиз V сессиясы
2024-жыл 25-декабры №06
“Токтогул шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын мэриясынын 17.12.2024-жылдагы № 01-17/2436 сунушу Токтогул шаардык кеңешинин “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция этикасы, арыздар, каттар, мыйзамдуулук, спорт жана жаштар саясаты боюнча” туруктуу комиссиясынын 20.12.2024-жылдагы жыйналышында каралып, жыйынтыгы сессияга сунушталган.
Аталган туруктуу комиссиянын чечимин жана башка депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз V сессиясы, токтом кылат:
1. Жогорудагыларды эске алып, Токтогул шаарынын ар тараптан өнүгүүсүнө кошкон салымы, кесиптик чөйрөдөгү талыкпаган, ак ниет эмгеги, көп жылдардан бери демөөрчүлүк иштерди жасап келе жаткандыгы үчүн төмөндө аты аталган тургундарга “Токтогул шаарынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:
Ачык добуш берүүнун жыйынтыгы менен:
1) Абдуллаев Эльмар Нурмухамедовичке – жеке ишкер;
Жабык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен:
2) Токтогулова Рысканга -шаар тургуну, маданият кызматкери, ардактуу эс алууда;
3) Кармышов Апизкан Ынтымаковичке-шаар тургуну, Токтогул шаарынын мэриясынын алдындагы Аксакалдар кеңешинин төрагасы, ардактуу эс алууда ;
4) Мураталиев Кадырбек Текебаевичке-шаар туругуну, А.Керимбаев атындагы Токтогул райондук маданият үйүнүн кызматкери;
5) Кылычов Бектеназарга –шаар тургуну, Токтогул райондук балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин самбо күрөшү боюнча машыктыруучу;
6) Каратаев Колпоч Асанбековичке –шаар тургуну, Токтогул шаарында квартал башчы болуп эмгектенген, учурда Токтогул шаарында Аксакалдар сотунун мүчөсү, ардактуу эс алууда;
7) Кашкатаев Султанмурат Тыныбековичке-шаар тургуну, Н.Бримкулов атындагы инновациялык мектеп-гимназиясынын кыргыз тили боюнча мугалими;
2.Жогоруда аты аталган тургундар үчүн “Токтогул шаарынын Ардактуу атуулу” наамына тиешелүү күбөлүк жана төш белгилерин камсыздоо, 2024-жылдын жыйынтыгы менен салтанаттуу тапшырууну уюштуруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев) милдеттендирилсин.
3.Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Н.А.Асанбеков) тапшырылсын.
5.Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: |
С.Т.Кылданов |