Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-декабрындагы № 801 токтомуна) |
2025-2028-жылдарга "Кыргызстанда жасалган" УЛУТТУК ЭКСПОРТТУК ПРОГРАММАСЫ
1-глава. Учурдагы кырдаалды жалпы баалоо
Кыргыз Республикасынын экономикасы дүйнөлүк экономикалык системаны кайра куруунун бардык белгилерине ээ болгон кырдаал катары мүнөздөлгөн ковидден кийинки мезгилде өнүгүүдө. 2023-жылы дүйнөлүк экономика геосаясий кырдаалдын уланып жаткан чыңалуусу, логистикалык жеткирүү чынжырларынын бузулушу, санкциялар, чийки зат жана каржы рынокторундагы туруксуздук, өндүрүшкө чыгымдардын кымбатташы, инфляциянын глобалдык мүнөзү ж.б. менен мүнөздөлдү.
Кыргыз Республикасына ачык экономика катары, албетте, ушул тышкы факторлор да таасирин тийгизди. Ага карабастан өлкөнүн ички потенциалы экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берди.
Акыркы жылдары Кыргыз Республикасы экономикалык өнүгүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишти. Экономика олуттуу темп менен өстү жана орточо өсүш 6,9%ды (2021-ж. - 105,5%, 2022-ж. - 109,0%, 2023-ж. - 106,2%, 2024-ж. алдын ала - 108,4%) түздү, бул экономиканын туруктуулугун жана анын ковидден кийинки жана геосаясий кырдаалга акырындык менен ыңгайлашуусун айгинелеп турат.
2019-2023-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасында калктын жан башына ички дүң продукт кыйла көбөйүп, 99,2 миң сомдон 173,1 миң сомго чейин көтөрүлдү, бул АКШ доллары менен эсептегенде 1421,8 АКШ долларынан 1969,2 АКШ долларына чейинки өсүштү түздү. Бул 2021-жылдан баштап ички дүң продуктунун өсүү темпинин тездешинин натыйжасында мүмкүн болду.
2023-жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продуктунун көлөмү 1228,9 млрд. сом суммасында түзүлдү жана реалдуу өсүү темпи 106,2%ды түздү (2022-ж. - 109,0%). Ички дүң продуктунун дефлятору 113,4% деңгээлинде түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-2024-жылдардагы экономикалык саясаты өлкөнү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиялык максаттарына жетүү үчүн экономиканы калыбына келтирүүгө жана экономиканын тармактарын реформалоого багытталган. Кризиске каршы чараларды көрүү, башкарууну реформалоо, бизнести өнүктүрүү үчүн чөйрөнү түзүү, экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүү, "жашыл" экономика, социалдык өнүктүрүү, санариптештирүү, шаарларды модернизациялоо ж.б. боюнча иштер активдүү жүргүзүлдү. Ошого карабастан глобалдык экономикадагы учурдагы кырдаалды жана негизги соода өнөктөш өлкөлөрдө экономикалык өсүштүн мүмкүн болуучу басаңдашын эске алуу менен өлкөнүн экспорттук саясатын кайра карап чыгуу боюнча иштер улантылды.
Өлкө экономиканы өнүктүрүүнүн жаңы моделин түзүүгө багыт алды. Эгерде буга чейин экономикалык өсүш акча которууларына, айыл чарба чийки затын экспорттоого жана алтын казып алууга негизделген болсо, азыркы учурда экономиканы өнүктүрүүнүн жаңы моделинде негизги көңүл индустриялаштырууга, кошумча наркы жогору болгон товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоого бурулат.
Ушуга байланыштуу экспортту илгерилетүү боюнча максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун маанилүүлүгүн жана шашылыштыгын түшүнүү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында белгиленген стратегиялык милдеттерге ылайык экспортту мамлекеттик колдоону жана өндүрүштүн экспорттук потенциалын стимулдаштырууну күчөтөт, ал төмөнкү багыттарда чагылдырылат:
- экспортту илгерилетүү;
- финансыларга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу;
- соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү;
- сапаттын улуттук инфраструктурасын жакшыртуу.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматы боюнча 2023-жылы тышкы соода жүгүртүүсү 15902,8 млн. АКШ долларына жетти, бул 2022-жылга салыштырмалуу 31,9%га көп.
Экспорттун көлөмү 3385,0 млн. АКШ долларын түзүп, 50,1%га өстү. Экспорттун түзүмүндө олуттуу үлүштү алтын (37,9%), машина куруу (16,1%), азык-түлүк товарлары жана айыл чарба чийки заттары (11,7%), руда эмес материалдар (9,7%) жана башка категориялар ээлейт. Товарлардын импорту 12 517,8 млн. АКШ долларга жетип, 27,7%га өстү. Соода балансынын сальдосу терс бойдон калып, 9132,8 млн. АКШ долларга жетти.
2024-жылдын январь-август айларында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 10,6 млрд. АКШ долларын түздү жана 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 9,0%га өстү. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын экспорттук берүүлөрүнүн көлөмү 13,1%га көбөйүп жана 2,1 млрд. АКШ долларын түздү, ал эми Кыргыз Республикасына импорттук берүүлөрү өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 8,1%га көбөйүп жана 8,5 млрд. АКШ долларын түздү. Товар жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорттун үлүшүнө 20,3%, импорттун үлүшүнө - 79,7% туура келди. Үстүбүздөгү жылдын январь-августунда тышкы жана өз ара сооданын көлөмүнүн өсүшү 2023-жылдын январь-августуна салыштырмалуу экспорттук жөнөтүүлөрдүн, ошондой эле импорттук түшүүлөрдүн көбөйүшү менен камсыздалды.
Жалпысынан 2023-жылы жана 2024-жылдын 8 айындагы Кыргыз Республикасынын соодасы жалпы көлөмдүн өсүшүн көрсөттү, бирок түзүмдүк өзгөрүүлөр жана айрым товардык топтордун экспортунун төмөндөшү түрүндөгү чакырыктар экспортту диверсификациялоо жана жаңы сатып өткөрүү рынокторун издөө зарылдыгын белгилейт. Ошондой эле өлкөнүн тышкы соодасынын келечектеги натыйжаларына олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн болгон глобалдык экономикалык тенденцияларды жана керектөөчүлөрдүн каалоолорундагы өзгөрүүлөрдү эске алуу маанилүү.
Кыргыз Республикасында айыл чарбасы азык-түлүк коопсуздугун, иш менен камсыз кылуунун деңгээлин жана жарандардын бакубаттуулугун камсыз кылууда, анын ичинде экспорттук берүүлөрдүн көлөмүн көбөйтүүдө маанилүү ролду ээлейт. Калктын 66%га жакыны айыл жеринде жашайт жана ишкердик субъекттеринин 62%ы айыл чарба иштерин жүргүзөт. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жана Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин маалыматтарына ылайык бардык категориядагы чарбаларда түшүм алуу үчүн айыл чарба өсүмдүктөрү ээлеген жалпы айдоо аянты 2024-жылы 1246,7 миң гектарды түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 8,8 миң гектарга же 0,7%га көп.
Айдоо аянттарынын чектелгендигинен улам, фермерлер кайрак жерлерди, ошондой эле айрым асылдуулугу төмөн жайыттарды тоют өсүмдүктөрү (силос) үчүн өздөштүрө башташты. Жалпысынан айдоо аянттарынын өлчөмүн көбөйтүү үлүшү менен сактоо фермерлердин жаңы технологияларды колдонууга жана ар бир гектар жерди өсүмдүк өстүрүү үчүн натыйжалуу пайдаланууга умтулуусун билдирет.
1-таблица. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү (1 га центнер) жана айдоо аянттарынын өлчөмү га менен
Көрсөткүчтөрдүн аталышы, 2023-жыл | Өндүрүштүн көлөмү (миң тонна) | Жалпы өндүрүштүн үлүшү | Айдоо аянты га менен | Жалпы аянттагы үлүш |
Картошка | 1286,6 | 24,8% | 72489 | 8,6% |
Жашылчалар | 1216,6 | 23,5% | 54779 | 6,5% |
Дан үчүн жүгөрү | 799,9 | 15,4% | 113268 | 13,5% |
Кант кызылчасы (фабрикалык) | 621,0 | 12% | 13114 | 1,6% |
Буудай (иштетилгенден кийинки салмакта) | 440,4 | 8,5% | 232075 | 27,6% |
Арпа (иштетилгенден кийинки салмакта) | 382,1 | 7,4% | 245258 | 29,2% |
Азык-түлүк бакча өсүмдүктөрү | 235,6 | 4,5% | 10297 | 1,3% |
Дан буурчак (иштетилгенден кийинки салмакта) | 72,3 | 1,4% | 53594 | 6,4% |
Чийки пахта (зачеттук салмакта) | 63,5 | 1,2% | 17643 | 2,1% |
Күрүч (иштетилгенден кийинки салмакта) | 46,8 | 1% | 11799 | 1,4% |
Май өсүмдүктөрү | 15,3 | 0,3% | 15291 | 1,8% |
Бардыгы | 5180,3 | 100% | 839607 | 100% |
1-таблицадан көрүнүп тургандай жашылча, картошка жана жүгөрү айдоо аянттарынын анча чоң эмес үлүшүн ээлейт (тиешелүү түрдө 6,5%, 8,6% жана 13,5%), ушуну менен бирге бул өсүмдүктөр түшүмдүн максималдуу көлөмүн берет (тиешелүү түрдө 1216,6 миң тонна, 1286,6 миң тонна жана 799,9 миң тонна тиешелүүлүгүнө жараша). Кыргыз Республикасына дан эгиндерин себүү боюнча Казакстан Республикасы, Украина, Россия Федерациясы менен атаандашуу кыйла оор болот, анткени бул өлкөлөрдө кеңири айдоо аянттары бар, бирок Кыргыз Республикасында картошка, жашылча жана жүгөрү өстүрүүгө чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Кыргыз Республикасында картошка керектөөгө караганда 192%га көп өндүрүлөт. Ошондой эле Кыргыз Республикасы өзүн сүт азыктары менен толук камсыз кылат. Азыркы учурда дыйкандар айыл чарбасынын айрым технологиялык жетишкендиктерин, мисалы, мыкты сортторду, породаларды, жер семирткичтерди, тоюттарды, тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системаларын, мыкты айыл чарба техникаларын ж.б. натыйжалуу колдонуп жаткандыгын белгилөө зарыл. Мунун натыйжасында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү өсүүдө.
Фермерлердин жалпысынан мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн тандап алуусу көчөттөрдүн көп жылдык мөмө берүү цикли, жыйналып жаткан түшүмдүн жогорку маржиналдуулугу, жакшы суроо-талап жана багууда, сугарууда жана жыйноодо арзан чыгымдар менен шартталган. Ошондой эле нутрициологиядагы жалпы заманбап тенденциялар керектөөчүлөр арасында мөмө-жемиштердин популярдуулугун жогорулатууну шарттады, бул дагы фермерлерди ушул азыктарды көбүрөөк өндүрүүгө түртүүдө.
2-таблица. Союуга сатылган бир баш малдын орточо тирүүлөй салмагы
Аталышы | 2015 | 2016 | 2017 | 2018 | 2019 | 2020 | 2021 | 2022 | 2023 |
Бодо мал, кг | 280 | 276 | 273 | 272 | 266 | 271 | 263 | 273 | 273 |
Кой-эчки, кг | 37 | 38 | 36 | 36 | 36 | 39 | 38 | 46 | 38 |
Жылкы, кг | 283 | 273 | 273 | 269 | 264 | 258 | 266 | 269 | 275 |
2-таблицадан көрүнүп тургандай Кыргыз Республикасында бир баш малдын тирүүлөй салмагынын азаюу тенденциясы байкалууда. Алсак буга чейин 2015-жылдан 2023-жылга чейин бодо малдын орточо тирүүлөй салмагы 280 килограммдан 273 килограммга чейин төмөндөгөн. Тенденция жылкылардын арасында бир баш малдын орточо тирүүлөй салмагы боюнча байкалууда. Мындай терс динамика өлкөдөгү жайыттардын азайышы, ошондой эле айыл жергесинде жарандар үчүн капиталдык салым түрүндө каралган бодо малдын жана жылкылардын көбөйүшү менен шартталган.
3-таблица. Малдын өндүрүмдүүлүгү
Атылышы | 2016 | 2017 | 2018 | 2019 | 2020 | 2021 | 2022 | 2023 |
Бир уйдан жылына саалган сүттүн орточо салмагы, кг | 1978 | 1984 | 1987 | 2002 | 2006 | 2009 | 2014 | 2022 |
Бир койдон жылына кыркылган жүндүн орточо салмагы (физикалык салмакта), кг | 2,4 | 2,4 | 2,4 | 2,4 | 2,4 | 2,3 | 2,3 | 2,3 |
3-таблицада малдын өндүрүмдүүлүгү жөнүндө маалыматтар чагылдырылган. Алсак 2016-жылдан 2023-жылга чейин бир уйдан жылына саалган сүттүн орточо көрсөткүчүнүн динамикасы өскөн. Эгерде каралып жаткан мезгилдин башында сүт өндүрүү 1978 кг болсо, 2023-жылы бул көрсөткүч 2022 кг түзгөн, бирок 1990-жылы бул көрсөткүч бир уйдан 3000 килограммдан ашкан.
Бул фермер-малчылар саан уйлардын породаларын, алардын тамактануу рационун, ошондой эле багуу шартын тандап алууну үйрөнгөндүгүнөн кабар берет.
Бүгүнкү күндө айыл чарба продукцияларын экспорттоо бир нече жол менен жүрүп жатат.
1. Туура шарттарда (температура, нымдуулук) тазалоо, калибрлөө, таңгактоо-сактоо-логистика түрүндө минималдуу иштетүү менен чийки түрүндө экспорттоо. Бул жерде төмөнкү түрдөгү оюнчулар катышат: а) өз продукциясын чет өлкөгө өздөрү сатууга аракет кылган фермерлер (көптөгөн фермерлерде муздатып сактоочу жайлары бар); б) айыл чарба продукциясын чет өлкөгө жеткирүүгө келишими бар жүк ташуучу компаниялар ("Глобалика", "Экзотика", "UBS tranzit"); в) сактоо шарттары жана минималдуу кайра иштетүү менен өздөрүнүн логистикалык борборлору бар компаниялар ("Кыргыз Центр Продукт", "Оберон", "Агро Продукт Азия"). Бул негизинен төмөнкү айыл чарба өсүмдүктөрү: картошка, жүгөрү, жашылча-жемиштер, мөмө-жемиштер, буурчак, жаңгак, сүт ташыгычтардагы сүт, жаңы балык ж.б.
2. Кургатуу, таңгактоо жана сактоо түрүндө иштетүүнүн орто даражасы менен компаниялар аркылуу экспорттоо. Бул негизинен төмөнкү айыл чарба өсүмдүктөрү: өрүк, кара өрүк, итмурун, алма, алмурут, таңгакталган эт жана сүт, таңгакталган балык, таңгакталган бал, шок тоңдурулган азыктар ж.б.
3. Иштетүүнүн терең даражасы менен компаниялар аркылуу экспорттоо (жашылча-жемиш жана эт консервалары, ширелер, джемдер, снектер, сублимация, колбаса, жарым фабрикаттар, май, сырлар).
Өз кезегинде кайра иштетүүчү компанияларды үч категорияга бөлүүгө болот:
1. Ар кандай фермерлерден жана жеткирүүчүлөрдөн чийки затты сатып алуучу компаниялар (калктан эт, сүт сатып алуучулар). Бул компанияларда ("Органик", "Атаман", "Риха", "Салих", "Тойбосс", "Кант-Сүт", "Үмүт", "Веселый молочник", "Куликовский", "Нукура", "Данеко", "Сары кыз", "Жети баатыр" ж.б. ) чийки затты жетиштүү көлөмдө албай калуу же керектүү сапатка туура келбеген продукцияны алуу коркунучу бар (азыктын сапатына таасирин тийгизген антибиотиктерди, ветеринардык дары каражаттарын, тоют кошумчаларын, аралашмаларын колдонуу).
2. Үрөндү өздөрү ташып киргизген компаниялар, өстүрүү методологиясы ж.б. жана фермерлерден алардын жерлеринде өстүрүү кызматтарын заказ кылган компаниялар. Бул жерде фермерге төмөн маржа сунуштоо коркунучу бар, ошондон улам өстүрүүнү каалагандар аз болот ("Кайыңды Кант", "Продимпекс", "Бай элим", "Айлана" ж.б. сыяктуу компаниялар).
3. Продукцияны өздөрү же ижарага алган жерлеринде өстүргөн компаниялар (эт жана сүт үчүн мал, кездеме өндүрүү үчүн пахта). Бул компаниялар ("Аталык", "Чабрец", "АгроКуш", "Текстиль Транс") жердин тартыштыгы тобокелдигине жана ири компаниянын тобокелдигине туш болушу ыктымал.
Айыл чарба тармагы, эгерде туура мамиле жасалса, жарандардын бакубаттыгын жакшыртуу үчүн экспорттун жакшы көлөмүн жана чет өлкөдөн валюта агымын камсыздай алат. Экспорттук айыл чарба продукциясынын көлөмү жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү аны өстүрүүдө жана кайра иштетүүдө акыркы технологиялык жетишкендиктердин сапатына жана колдонулушуна толугу менен көз каранды.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасы азыркы учурда сапат жана тамак-аш коопсуздугу жагынан эл аралык стандарттардын талаптарына жооп берген, жогорку кошумча наркы жана кыйла жогорку сапаты менен даяр экспорттук айыл чарба продукциясын чыгаруу көйгөйүнө туш болууда.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын тигүү тармагы да, 2008-жылдан баштап салык салуунун патенттик системасы колдонулган учурдан тартып, жумуш орундарын тез түзүү жана калктын эмгек акысынын пайда болушу үчүн олуттуу локомотив катары өзүн көрсөтүүдө. Кыргыз Республикасында тигүү цехтери КМШ өлкөлөрүнүн рыногунда, өзгөчө Россия Федерациясынын рынокторунда максаттуу рыноктордун сезонуна жана керектөөчүлөрдүн каалоолоруна тез көнүү жөндөмүнүн натыйжасында өз ордун ээледи. КЭР, Түркия, Түштүк Корея, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн чийки зат базасын (кездемелер, фурнитура) пайдалануу мүмкүндүгү менен ата мекендик тигүү тармагы максаттуу өлкөлөрдүн рынокторун сапаттуу продукция менен ыкчам камсыз кылууда.
Акыркы 2-3 жылдын ичинде Бишкек шаары жана Чүй облусунун борборго жакын райондору негизги өндүрүш аймагы болуп саналып келет. Жумушчу күчүнүн кымбатташы жана анын тартыштыгынан улам, тигүү цехтери өлкөнүн башка аймактарында да ачыла баштады. Тигүү цехтеринин бизнес-моделдерин шарттуу түрдө үч топко бөлүүгө болот:
1) 60% - бул 5-15 тигүүчү машинкасы бар чакан тигүү цехтери, анын ичинде үйдө тигүүчүлөр. Бул жерде бир үтүкчүгө 9 тигүүчү, зарылдыгына жараша 1 бычмачы жана 1 таңгактоочу иштейт. Бул бизнес моделинде цех үчүн негизги көйгөйлөрдүн бири заказдардын туруксуздугу болуп саналат, бирок өзгөчө аялдар үчүн жагымдуу шарты болуп үйдөн иштөө, ошондой эле мындай цехтерди алыскы айылдарда иштетүү мүмкүнчүлүгү эсептелет. Заказчылар үчүн жакшы жагы цехтин курулушуна жана иштешине инвестиция салбастан, өз буюмдарын алуу мүмкүнчүлүгү, бирок жагымсыз жагы убакыт жана акча үчүн логистикалык чыгымдар болуп саналат. Сапатты контролдоо жаатында жогорку тобокелдиктер бар;
2) 30% - бул 20-50 тигүүчү машинкасы бар орточо тигүү цехтери. Бул цехтер үчүн төмөнкүдөй көйгөйлөр бар: тажрыйбалуу кызматкерлердин болушу, капиталдык чыгымдар, заказдарды издөө, салык төлөө жана логистика маселелери;
3) 10% - ири тигүү цехтери, 70тен ашык тигүү машинкасы бар ("Cool Broth", "Салкын" "Транс Текстиль" ж.б.). Бул жерде маанилүү жагдайлар болуп тажрыйбанын болушу, ири заказдардын туруктуулугу ж.б. саналат.
Белгилей кетсек, тигүү тармагында атаандаштык эмгек акы алган 300 миңден ашык жаран иштейт. Тармак баалуу металлдардан жана айыл чарба продукцияларынан кийин экспорт боюнча үчүнчү орунду ээлейт.
Россияга каршы санкциялар киргизилгендигине байланыштуу Кыргыз Республикасы үчүн кийимдин жана бут кийимдин тартыштыгын жабуу бөлүгүндө кеңири мүмкүнчүлүктөр ачылды. Ошондой эле ата мекендик тигүү секторун өздүк пахтанын, жүндүн, синтетикалык кездемелеринин эсебинен 50%га өздүк сырьё менен камсыздоо мүмкүндүгү бар. Ошол эле учурда ата мекендик компаниялар эл аралык деңгээлдеги компаниялар менен иштөөгө даяр, Тармакта бир катар көйгөйлөр бар, атап айтканда КНСтин кайтарылбай калышы, бул бүтүндөй өндүрүштүн кескин кымбатташына, сырье сатып алуу, кредит алуу маселелерин операциялык деңгээлде чечүү мүмкүндүгүнүн жоктугуна, квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигине ж.б. алып келет. Даяр продукцияны өндүргөн тигүү тармагы кошумча нарк чынжырчасында эң өнүккөн звено болуп саналат. Агроөнөр жай секторуна салыштырмалуу ал атаандаштык артыкчылыктарынын жардамы менен өнүктү (ыңгайлуу жумуш күчү, белгилүү бир температуралык режимди же башка спецификалык сактоо шарттарын талап кылбаган салыштырмалуу жөнгө салынган логистика).
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, экспортту көбөйтүүнүн артыкчылыктуу потенциалына ээ экономиканын артыкчылыктуу секторлорунда ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, ошондой эле 2025-2028-жылдарга "Кыргызстанда жасалган" улуттук экспорттук программасынын (мындан ары - Программа) алкагында Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалына жүргүзүлгөн талдоону эске алуу менен колдоо жана өнүктүрүү экспорттун төмөнкү товардык түзүмүнө багытталат, бирок бул тизме менен чектелбейт, анын ичинен адал-индустрия продукциясы:
1) текстиль жана тигүү продукциясы, анын ичинде салттуу кол өнөрчүлүк жана бут кийим;
2) жашылча-жемиштерден жасалган даяр продукция;
3) жаңгактан жана буурчактан жасалган даяр продукция;
4) даяр кургатылган продукция;
5) бал жана аарычылык продукциясы;
6) сүт азыктары;
7) эт жана балык азыктары;
8) зергер буюмдары;
9) алкоголсуз, анын ичинде улуттук суусундуктар.
Текстиль жана тигүү продукциясы, анын ичинде салттуу кол өнөрчүлүк жана бут кийим
Экспорттун товардык түзүмүндө 2023-жылы "Текстиль" товардык топторуна экспорттун көлөмү 194 млн. АКШ долларын түзгөн, анын ичинен төмөнкү товардык топторду бөлүп көрсөтүүгө болот:
- ТЭИ ТН 61 коду - кийим-кече жана кийим-кече буюмдары, машина же кол менен токулган трикотаж;
- ТЭИ ТН 52 коду - пахтадан буюмдар;
- ТЭИ ТН 62 коду - машина же кол менен токулган трикотаждан тышкары, кийим-кече жана кийим-кече буюмдары;
- ТЭИ ТН 54 коду - химиялык жиптер; химиялык текстиль материалдарынан жасалган жалпак жана окшош жиптер;
- ТЭИ ТН 94 коду - эмерек; шейшептер, матрацтар, матрацтын негиздери, диван жаздыктары жана эмеректин ушуга окшош бастырма буюмдары; башка жерде аталбаган же кошулбаган шам чырактар жана жарык берүүчү жабдуулар; жанып туруучу көрнөктөр, аты же аталышы же дареги жазылган жанып туруучу такталар жана ушул сыяктуу буюмдар;
- ТЭИ ТН 63 коду - башка даяр текстиль буюмдары; колдонулган кийим жана текстиль буюмдары; чүпүрөк;
- ТЭИ ТН 51 коду - жүн, жаныбарлардын ичке же жоон жүнү; аттын кылынан жасалган жип жана кездеме;
- ТЭИ ТН 60 коду - машина же колго токулган трикотаж кездемелер;
- ТЭИ ТН 57 коду - килем жана полго жайылуучу башка текстиль буюмдары;
- ТЭИ ТН 55 коду - химиялык булалар;
- ТЭИ ТН 65 коду - баш кийим жана алардын бөлүктөрү.
"Текстиль" товардык топтору үчүн экспорттук рыноктор катары
төмөнкү импорттоочу өлкөлөр бөлүнөт, аларга Кыргыз Республикасынан экспорттоонун көлөмүнүн 99%дан ашыгы туура келген:
1) Россия; 2) Казакстан; 3) Түркия; 4) Иран; 5) Кытай; 6) Өзбекстан.
Жемиштерден, жашылчалардан жасалган даяр продукция, жаңгактан жана буурчактан жасалган даяр продукция, кургатылган даяр продукция
Экспорттун товардык түзүмүндө 2023-жылы 07 жана 08 товардык топторуна экспорттун көлөмү 155,7 млн. АКШ долларын түзгөн, анын ичинен товардык позициялардын төмөнкү 10 тобун бөлүп көрсөтүү керек:
- ТЭИ ТН 0713 коду - кургатылган, аарчылган, үрөндүк кабыгы тазаланган же тазаланбаган, майдаланган же майдаланбаган жашылча буурчак өсүмдүктөрү;
- ТЭИ ТН 0813 коду - кургатылган жемиштер (0801-0806 товардык позицияларындагы мөмөлөрдөн тышкары); ушул топтогу жаңгактардын же кургатылган мөмөлөрдүн аралашмасы;
- ТЭИ ТН 0802 коду - жаңы бышкан же кургатылган, кабыгы тазаланган же тазаланбаган, кабыгы менен же кабыгы жок башка жаңгактар;
- ТЭИ ТН 0701 коду - жаңы бышкан же муздатылган картошка;
- ТЭИ ТН 0809 коду - өрүк, алча жана кокон гилас, шабдалы (нектариндерди кошкондо), жаңы бышкан кара өрүк жана тёрн;
- ТЭИ ТН 0808 коду - жаңы бышкан алма, алмурут жана айва;
- ТЭИ ТН 0703 коду - жаңы бышкан же муздатылган баш пияз, шалот пияз, сарымсак, порей пияз жана башка пияздуу жашылчалар;
- ТЭИ ТН 0708 коду - аарчылган же аарчылбаган, жаңы бышкан же муздатылган буурчак жашылчалары;
- ТЭИ ТН 0806 коду -жаңы бышкан же кургатылган жүзүм;
- ТЭИ ТН 0706 коду - жаңы бышкан же муздатылган сабиз, шалгам, ашкана кызылчасы, тамыр сельдерей, чамгыр жана башка ушул сыяктуу жегенге жарактуу азык тамыр өсүмдүктөр.
07 жана 08 товардык топтору үчүн экспорттук рыноктор болуп төмөнкү 10 биринчи импорттоочу өлкө бөлүп көрсөтүлөт, аларга Кыргыз Республикасынан экспорттоонун көлөмүнүн 93%ынан ашыгы туура келет:
1) Россия; 2) Түркия; 3) Афганистан; 4) Сербия; 5) Казакстан; 6) Өзбекстан; 7) Сирия Араб Республикасы; 8) Македония; 9) Болгария; 10) Грузия.
Ошондой эле биринчи 5 импорттоочу өлкөгө Кыргыз Республикасынын экспортунун көлөмүнүн 81%ы туура келгенин белгилей кетүү керек.
Экспорттун товардык түзүмүндө "Жашылчаларды, жемиштерди, жаңгактарды же өсүмдүктөрдүн башка бөлүктөрүн кайра иштетүү продукттары" деген 20-товардык топко (2009 - ширелер товардык позициясынан тышкары) 2023-жылы экспорттун көлөмү 8 миллион АКШ долларын түзгөн, анын ичинен төмөнкүлөрдү бөлүп көрсөтүүгө болот:
- ТЭИ ТН 2002 коду - уксус же уксус кислотасы кошулбастан даярдалган же консерваланган помидор;
- ТЭИ ТН 2008 коду - жемиштер, жаңгактар жана башка ыкма менен даярдалган же консерваланган, кант же башка таттуу кылуучу заттар же спирт кошулган же кошулбаган, башка жерде аты аталбаган же кошулбаган өсүмдүктөрдүн башка жегенге жарактуу бөлүктөрү;
- ТЭИ ТН 2005 коду - 2006-товардык позициядагы продукттардан тышкары, уксус же уксус кислотасы кошулбастан даярдалган же консерваланган, тоңдурулган башка жашылчалар;
- ТЭИ ТН 2007 коду - жылуулук менен иштетүү жолу менен алынган, анын ичинде кант же таттуу кылуучу башка заттар кошулган джемдер, жемиш желелери, мармеладдар, жемиш же жаңгак пюрелери, жемиш же жаңгак пастасы;
- ТЭИ ТН 2001 коду - жемиштер, жашылчалар, жаңгактар жана уксус же уксус кислотасын кошуу менен даярдалган же консерваланган өсүмдүктөрдүн башка жегенге жарактуу бөлүктөрү.
4-таблица. Экспорттоочу товардык позициялар жана алдынкы дүйнөлүк импорттоочулар
Товардык субпозициялар (ТЭИ ТН кодунун 6 цифрасы) | КРдан экспорттун көлөмү, миң АКШ долл. | КРдан продукцияны алдынкы импорттоочулар (2023-жылы КР экспорттун үлүшү) | Алдынкы импорттоочулар (2023-жылы импорттун көлөмү жана дүйнөлүк импорттун үлүшү) |
081340 - башка жемиштер - шабдалы, алмурут, папайя, тамаринд жана башкалар. | 14825 | Россия (86%) | АКШ (193 млн. АКШ долл., 17,9%); КЭР (150 млн. АКШ долл., 13,9%); Германия (112 млн. АКШ долл., 10,6%); Вьетнам (54 млн. АКШ долл., 5%); Улуу Британия (44 млн. АКШ долл., 4%) |
081310 - кургатылган өрүк | 991 | Россия (86,5%) | АКШ (79 млн. АКШ долл., 13,5%); Германия (49 млн. АКШ долл., 8,5%); Франция (46 млн. АКШ долл., 7,9%); Улуу Британия (37 млн. АКШ долл., 6,3%); Түркия (34 млн. АКШ долл., 5,8%) |
081330 - кургатылган алма | 1649 | Германия (85,1%); Түркия (7,2%); Россия (5,9%) | АКШ (56 млн. АКШ долл., 26,6%); Германия (37 млн. АКШ долл., 17,7%); Испания (11 млн., АКШ долл., 5,4%); Нидерланды 11 млн., АКШ долл., 5,2%); Канада (10 млн. АКШ долл., 4,9%); Улуу Британия (9 млн. АКШ долл., 4,1%) |
081350 - жаңгактардын же кургатылган жемиштердин аралашмасы | 11 | Россия (36,4%); Казакстан (27,3%); Монголия (27,3%) | Улуу Британия (41 млн. АКШ долл., 13,7%); Франция (35 млн. АКШ долл., 11,6%); Казакстан (17 млн. АКШ долл., 5,6%); Германия (16 млн. АКШ долл., 5,3%); Бельгия (16 млн. АКШ долл., 5,2%) |
081320 - кургатылган кара өрүк | 394 | Россия (36,3%); Германия (35,3%); Нидерланды (18,8%); Түркия (8,6%) | Кытай (84 млн. АКШ долл., 13%); Германия (47 млн. АКШ долл., 7,2%); Италия (34 млн. АКШ долл., 5,3%); Испания (31 млн. АКШ долл. 4,7%); Нидерданды (29 млн. АКШ долл., 4,5%); Япония (28 млн. АКШ долл., 4,4%) |
5-таблица. Экспорттоочу товардык позициялар жана алдынкы дүйнөлүк импорттоочулар
Товардык субпозициялар (ТЭИ ТН кодунун 6 цифрасы) | КРдан экспорттун көлөмү, миң АКШ долл. | КРдан продукциянын алдынкы импорттоочулар (2023-жылы КР экспорттун үлүшү) | Алдынкы импорттоочулар (2023-жылы импорттун көлөмү жана дүйнөлүк импорттун үлүшү) |
080232 - жаңы же кургатылган жаңгак, кабыгынан тазаланган | 12462 | Россия (60,3%); Грузия (15,8%); Өзбекстан (8,5%); Азербайжан (6,1%); Германия (2,4%); Түркия (1,8%) | Германия (194 млн. АКШ долл., 13,9%); Испания (111 млн. АКШ долл., 7,9%); Япония (77 млн. АКШ долл. 5,5%); Түштүк Корея (67 млн. АКШ долл., 4,8%); Нидерланды (61 млн. АКШ долл. 4,4%) |
080251 - жаңы же кургатылган кабыгы менен мисте | 116 | Россия (49,1%); Өзбекстан (44%); Азербайжан (6,9%) | КЭР (457 млн. АКШ долл., 18,4%); Германия (275 млн. АКШ долл., 11,1%); Түркия (193 млн. АКШ долл., 7,8%); Индия (138 млн. АКШ долл., 5,6%); Италия (134 млн. АКШ долл.,5,4%) |
080231 - жаңы же кургатылган жаңгак кабыгы менен | 10000 | Россия (73,5%); Өзбекстан (18%); Түркмөнстан (3%); Ирак (1,3%); БАЭ (1,1%) | БАЭ (147 млн. АКШ долл., 17,8%); Түркия (132 млн. АКШ долл. 16%); Индия (79 млн. АКШ долл., 9,6%); Италия (72 млн. АКШ долл., 8,8%); Марокко (54 млн. АКШ долл., 6,6%); Мексика (54 млн. АКШ долл., 6,6%) |
080252 - жаңы же кургатылган мисте кабыгы менен | 101 | Турция (93,1%); Өзбекстан (5%); Азербайжан (2%) | Италия (168 млн. АКШ долл., 19,4%); Германия (163 млн. АКШ долл., 18,8%); Түркия (111 млн. АКШ долл., 12,8%); Индия (71 млн. АКШ долл., 8,2%); Улуу Британия (29 млн. АКШ долл., 3,4%) |
"Жашылчаларды, жемиштерди, жаңгактарды же өсүмдүктөрдүн башка бөлүктөрүн кайра иштетүү продукттары" деген 20-товардык топ үчүн экспорттук рыноктор болуп төмөнкү импорттоочу өлкөлөрдү бөлүп көрсөтүүгө болот, аларга Кыргыз Республикасынан экспорттоонун көлөмүнүн 99%ынан ашыгы туура келет:
1) Россия; 2) Казакстан; 3) Өзбекстан; 4) Германия; 5) Түркия; 6) АКШ; 7) Япония.
Ошондой эле Россия, Казакстан жана Өзбекстанга Кыргыз Республикасынын экспортунун көлөмүнүн 93%ы туура келгенин белгилей кетүү керек.
Сүт азыктары жана накта бал
Экспорттун товардык түзүмүндө 04 товардык тобуна 2022-жылы экспорттун көлөмү 32,7 млн. АКШ долларын түзгөн, анын ичинен төмөнкү 7 товардык позицияны бөлүп көрсөтүүгө болот:
- ТЭИ ТН 0401 коду - коюлтулбаган жана кант же башка таттуу кылуучу заттар кошулбаган сүт жана каймак;
- ТЭИ ТН 0402 коду - коюлтулган же кант же башка таттуу кылуучу заттар кошулган сүт жана каймак;
- ТЭИ ТН 0403 коду - йогурт; пахта, уютулган сүт жана каймак, айран жана башка ферментацияланган же ачытылган сүт жана каймак, коюлтулган же коюлтулбаган, кант же башка таттуу кылуучу заттар кошулган же кошулбаган, даамдуу-жыпар жыт берүүчү кошулмалары бар же аларсыз, жемиштер, жаңгактар же какао кошулган же кошулбаган;
- ТЭИ ТН 0404 коду - кант же башка таттуу кылуучу заттар кошулган же кошулбаган, коюлтулган же коюлтулбаган сүттүн сары суусу; кант же башка таттуу кылуучу заттар кошулган же кошулбаган сүттүн табигый компоненттеринен жасалган, башка жерде аты аталбаган же кошулбаган продукттар;
- ТЭИ ТН 0405 коду - каймак май жана сүттөн жасалган башка майлар жана майлар; сүт пасталары;
- ТЭИ ТН 0406 коду - сыр жана быштак;
- ТЭИ ТН 0409 коду - накта бал.
04 товардык тобу үчүн экспорттук рыноктор болуп төмөнкү 10 биринчи импорттоочу өлкө бөлүп көрсөтүлөт, аларга Кыргыз Республикасынан экспорттоонун көлөмүнүн 99%ынан ашыгы туура келет:
1) Казакстан; 2) Россия; 3) Өзбекстан; 4) Кытай; 5) Кувейт; 6) АКШ; 7) Япония; 8) БАЭ; 9) Катар; 10) Азербайжан.
Ошондой эле Казакстан, Россия жана Өзбекстанга Кыргыз Республикасынын экспортунун көлөмүнүн 95%ы туура келгенин белгилей кетүү керек. ТЭИ ТН 04 товардык позициясынан продукциянын глобалдык импорту 2023-жылы 109 млрд. АКШ долларын түздү, ошол эле учурда рыноктун акыркы 5 жылдагы динамикасы акчалай түрдө 8% орточо жылдык өсүш деңгээлинде турат.
6-таблица. Экспорттоочу товардык позициялар жана алдынкы дүйнөлүк импорттоочулар
Товардык субпозициялар (ТЭИ ТН кодунун 6 цифрасы) | КРдан экспорттун көлөмү, миң АКШ долл. | КРдан продукциянын алдынкы импорттоочулар (2023-жылы КР зкспорттун үлүшү) | Алдынкы импорттоочулар (2023-жылы импорттун көлөмү жана дүйнөлүк импорттун үлүшү) |
0401 - коюлтулбаган сүт жана каймак | 6000 | Казакстан (99,6%); Өзбекстан (0,4%) | Германия (2 млрд. АКШ долл., 17,4%); КЭР (1,5 млрд. АКШ долл., 13,7%); Бельгия (1,1 млрд. АКШ долл., 9,5%); Нидерланды (824 млн. АКШ долл., 7,1%); Италия (771 млн. АКШ долл., 6,7%) |
0402 - коюлтулган сүт жана каймак | 4000 | Казакстан (54,8%); Өзбекстан (44,3%) | АКШ (584 млн. АКШ долл., 26,5%); Германия (228 млн. АКШ долл, 10,4%); Япония (144 млн. АКШ долл, 6,6%); Франция (115 млн. АКШ долл, 5,2%); БАЭ (111 млн. АКШ долл, 5,1%) |
0403 - йогурт, айран | 10472 | Казакстан (97,7%); Өзбекстан (1,7%) | Италия (590 млн. АКШ долл., 13,7%); Нидерланды (368 млн. АКШ долл., 8,6%); Испания (351 млн. АКШ долл., 8,2%) |
0409 - табигый бал | 1548 | Кытай (28,3%); Кувейт (17,9%); Япония (12,8%): | АКШ (584 млн. АКШ долл., 26,5%); Германия (228 млн. АКШ долл., 10,4%); Япония (144 млн. АКШ долл., 6,6%): Франция (115 млн. AK1X1 долл., 5,2%); БАЭ (111 млн. АКШ долл., 5,1%) |
Эт азыктары
"Эт жана тамак-аш эт субпродукттары" деген 02 товардык топко "Эттен, эт субпродукттарынан, кандан же курт-кумурскалардан жасалган колбаса жана ушул сыяктуу азыктар; алардын негизинде даярдалган даяр тамак-аш азыктары" деген 1601 жана "Эттен, эт субпродукттарынан жасалган даяр же консерваланган азыктар" деген 1602-товардык позицияларына экспорттун товардык түзүмүндө эт азыктарын негизги позицияларын экспорттоо көлөмү 2023-жылы 4,14 млн. АКШ долларын түзгөн, алардын ичинен төмөнкү 3 товардык позицияны бөлүп көрсөтүү керек:
- ТЭИ ТН 0204 коду - жаңы, муздатылган же тоңдурулган койдун же эчкинин эти;
- ТЭИ ТН 1601 коду - эттен, эт субпродукттарынан, кандан же курт-кумурскалардан жасалган колбаса жана ушул сыяктуу азыктар; алардын негизинде даярдалган даяр тамак-аш азыктары;
- ТЭИ ТН 1602 коду - эттен, эт субпродукттарынан, кандан же курт-кумурскалардан жасалган даяр же консерваланган азыктар, башкалар.
Жогоруда аталган товардык позициялар үчүн экспорттук рыноктор катары төмөнкү импорттоочу өлкөлөр бөлүп көрсөтүлөт:
- ТЭИ ТН 0204 коду - БАЭ (98%); Кувейт (2%);
- ТЭИ ТН 1601 коду - Россия (70,5%); Казакстан (29%); Өзбекстан (0,5%);
- ТЭИ ТН 1602 коду - Пакистан (22,8%); Түркия (21,1%); Индия (14,6%); КЭР (11,6%); БАЭ (10,1%); Түштүк Корея (5%).
7-таблица. Экспорттук товардык позициялар жана дүйнөнүн алдынкы импорттоочулары
Товардык субпозициялар (ТЭИ ТН кодунун 6 цифрасы) | КРдан экспорттун көлөмү, миң АКШ долл. | КР продукциясынын алдынкы импорттоочулары (2023-жылы КР экспортундагы үлүшү) | Алдынкы импорттоочулар (2023-жылдагы импорттун көлөмү жана дүйнөлүк импорттогу үлүшү) |
020421 - жаңы же муздатылган: койдун бүтүн же жарым-жартылай эти | 519 | БАЭ (98%); Кувейт (2%) | Франция (70 млн. АКШ долл., 21,3%); Италия (68 млн. АКШ долл., 20,8%); БАЭ (67 млн. АКШ долл., 20,4%); Катар (24 млн. АКШ долл., 7,4%); Өзбекстан (19 млн. АКШ долл., 5,9%); Кувейт (18 млн. АКШ долл.,5,5%) |
160100 - эттен, эт субпродукттарынан, кандан же курт-кумурскалардан жасалган колбаса жана ушул сыяктуу азыктар; алардын негизинде даярдалган даяр тамак-аш азыктары | 2975 | Россия (70,5%); Казакстан (29%); Өзбекстан (0,5%) | Нидерланды (307 млн. АКШ долл., 9,8%); Венгрия (264 млн. АКШ долл., 8,4%); Мексика (254 млн. АКШ долл., 8,1%); Дания (166 млн. АКШ долл., 5,3%); Словакия (164 млн. АКШ долл., 5,2%) |
160250 - бодо малдын этинен, субпродукттардан, кандан жасалган даяр же консерваланган азыктар | 636 | Пакистан (22,8%); Түркия (21,1%); Индия (14,6%); КЭР (11,6%); БАЭ (10,1%); Түштүк Корея (5%) | Улуу Британия (3 млрд. АКШ долл., 16%); Япония (3 млрд. АКШ долл., 15,9%); АКШ (1 млрд. АКШ долл., 7,2%); Франция (1,11 млрд. АКШ долл., 5,7%). |
Балык азыктары
"Балык жана рак сымалдуулар, моллюскалар жана башка суу омурткасыздары" деген 03 товардык топко экспорттун товардык түзүмүндө 2023-жылы экспорттун көлөмү 25,8 млн. АКШ долларын түзгөн, анын ичинен төмөнкүдөй 4 товардык позицияны бөлүп көрсөтүү керек:
- ТЭИ ТН 0302 коду - жаңы же муздатылган балык, 0304-товардык позициядагы балыктын филесин жана башка этин кошпогондо;
- ТЭИ ТН 0303 коду - тоңдурулган балык, 0304-товардык позициядагы балыктын филесинен жана балыктын башка этин кошпогондо;
- ТЭИ ТН 0304 коду - жаңы, муздатылган же тоңдурулган балык филеси жана башка балык эти (фаршты кошкондо);
- ТЭИ ТН 0305 коду - кургатылган, туздалган же туздуу сууга чыланган балык; ышталган, же ышталганга чейин же ыштоо процессинде жылуу иштетүүгө дуушар болгон же болбогон.
Ошондой эле бул бөлүмдө "осетр икрасын алмаштыруучулар (лосось икрасы)" деген 160432-товардык субпозициясы каралат.
03 товардык тобу үчүн экспорттук рыноктор болуп төмөнкү 4 биринчи импорттоочу өлкө бөлүп көрсөтүлөт, аларга Кыргыз Республикасынан экспорттун көлөмүнүн 99%ынан ашыгы туура келет:
1) Россия; 2) Литва; 3) Казакстан; 4) Сербия.
Ошондой эле Россия менен Казакстанга Кыргыз Республикасынын экспортунун көлөмүнүн 99%ы туура келгенин белгилей кетүү керек.
Алкоголсуз суусундуктар, анын ичинде улуттук суусундуктар
2023-жылы экспорттун көлөмү 6,1 млн. АКШ долларын түзгөн, анын ичинен алкоголсуз суусундуктарга кирген төмөнкү товардык позицияларды бөлүп көрсөтүүгө болот:
- ТЭИ ТН 2202 коду - кант же башка таттуу кылуучу же даам-жыпар жыт берүүчү заттарды камтыган минералдык жана газдалган суулар жана башка алкоголсуз суусундуктар, буга 2009-товардык позициядагы жемиш, жаңгак же жашылча ширелери кирбейт;
- ТЭИ ТН 2009 коду - жемиш же жаңгак ширелери (анын ичинде жүзүм суслосу жана кокос суусу) жана ачытылбаган жана спирт кошулбаган, кант же башка таттуу кылуучу заттар кошулган же кошулбаган жашылча ширелери;
- ТЭИ ТН 2201 коду - табигый же жасалма минералдык, газдалган, кант же башка таттуу кылуучу же даам-жыпар жыт берүүчү заттар кошулбаган суулар. Жалпысынан, Кыргыз Республикасынын экспортунун географиясы КМШ, Жакынкы Чыгыш жана Европа өлкөлөрү менен чектелгендигин белгилей кетүү зарыл. Ошентип, төмөнкү өлкөлөр:
- Казакстан, Өзбекстан, КЭР, Россия, Түркия, Сербия, Македония, Болгария, Грузия, Азербайжан, Германия, Тажикстан, Ирак, БАЭ, Иран - салттуу рыноктор болуп;
- Афганистан, Сирия, Молдова, Индия, Монголия, Черногория, Босния жана Герцеговина, Беларусь, Польша, Словения, Түркмөнстан, Япония, Пакистан, Сауд Аравиясы, Румыния, Украина, Кувейт, Албания, АКШ, Литва, Түштүк Корея, Нидерланды жана Армения -келечектүү рыноктор болуп саналат.
2-глава. Жетишкендиктер жана көйгөйлөр
Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын дүйнөлүк экономикага интеграциясы анын соода географиясынын кеңейиши менен коштолууда. 2023-жылы Кыргыз Республикасы дүйнөнүн 161 өлкөсү менен соода жүргүзгөн, ал эми 2022-жылы 147 өлкө менен соода жүргүзгөн.
Соода өнөктөштөрүнө карата Кыргыз Республикасы төмөнкүдөй соода режимдерин колдонот: КМШга катышуучу өлкөлөр үчүн - эркин соода режими; ДСУга мүчө өлкөлөр үчүн - кыйла ыңгайлуу шарт түзүү режими (КШТ); начар өнүккөн өлкөлөр үчүн - преференциалдык режим.
Кыргыз Республикасы ДСУга мүчө 110 өлкөнүн ичинде Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча макулдашуунун (мындан ары - СЖЖМ) күчүнө кириши үчүн протоколду ратификациялаган. СЖЖМнын максаттарынын бири чек аралар аркылуу товарларды тоскоолдуксуз ташууну тездетүү, ошондой эле сооданын ачыктыгын жана болжолдуулугун жогорулатуу болуп саналат. Кыргыз Республикасында соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча кеңеш тарабынан 2018-2024-жылдарга СЖЖМны жана соода жана транспорттук жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү боюнча башка иш-чараларды ишке ашыруу планы (мындан ары - План) бекитилген.
Пландын "Жарыялоо жана маалыматтын болушу" деген 1-беренесин жана "Импорт, экспорт жана транзит менен байланышкан операциялар" деген 10-беренесин аткаруунун алкагында азыркы учурда иштелип чыккан Маалыматтык соода порталы иштеп жатат, анын оператору болуп Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - БТБ МИ) саналат. Маалыматтык соода порталы 62 аталыштагы товарлардын экспортунун жана импортунун толук жол-жоболору, үчүнчү өлкөлөр жана ЕАЭБ өлкөлөрү менен транспорттун, реэкспорттун, реимпорттун, убактылуу алып чыгуу жана алып келүүнүн ар кандай түрлөрүнүн транзити, ошондой эле башка трансчек аралык жол-жоболор жөнүндө маалыматтарды камтыйт. Маалыматтык соода порталында трансчек аралык жол-жоболор жөнүндө актуалдуу маалыматтар толукталып жана колдоого алынып турат.
Азыркы учурда модернизацияланган "Бирдиктүү терезе" маалыматтык системасы (мындан ары - БТМС) иштеп жатат. Бул система тышкы экономикалык иштин катышуучуларына электрондук форматта уруксат берүүчү жана башка документтерди алууга өтүнмө берүүгө, ошондой эле кызыкдар тараптардын берилген документтерге жана зарыл маалыматтарга жетүүсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Системага 12 ведомствону жана 11 эксперттик уюмду киргизүү камсыз кылынган, бул тышкы экономикалык жана башка ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон уруксат берүүчү жана башка документтердин 50гө жакын түрүн электрондук форматта берүүгө мүмкүндүк берет. Тышкы экономикалык иштин катышуучулары - ишкерлер БТМС аркылуу уруксат берүүчү документтерди алууга өтүнмөнү эки ыкма менен беришет: 1) БТМС оператору тарабынан өтүнмө ээсинин атынан - арыз ээсинин кагаз жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде БТМС операторунун электрондук колтамгасы коюлган электрондук документ формасында; 2) өтүнмө ээси тарабынан - БТМСте эсептик жазуу аркылуу өтүнмө ээсинин электрондук колтамгасы коюлган электрондук документ формасында.
Ошондой эле, өтүнмө берүүнүн ыңгайлуулугу үчүн тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн уруксат берүүчү жана башка документтерди алууга БТМС аркылуу өтүнмөнү кабыл алуу боюнча бизнеске кызмат көрсөтүү максатында БТБ МИнин сервис-борборунун кызматкерлери Бишкек жана Ош шаарларындагы ишкерлерди тейлөө борборлорунда жайгаштырылган.
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 35-беренесине ылайык, үчүнчү тарап менен эркин соода режими Евразия экономикалык бирлигинин үчүнчү тарап менен эл аралык келишиминин негизинде белгиленет. Бүгүнкү күндө Евразия экономикалык бирлигинин жана ага мүчө мамлекеттердин ортосунда Вьетнам, Сербия, Сингапур, Иран сыяктуу өлкөлөр менен эркин соода келишимдерине кол коюлду. Египет, Индонезия, Индия, Монголия жана БАЭ сыяктуу өлкөлөр менен эркин соода келишимдерин түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасындагы өткөрүү пункттарынын инфраструктурасы өткөрүү пункттарында жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик контролду уюштуруу үчүн зарыл болгон имараттарды, жайларды жана курулмаларды жабдууга жана материалдык-техникалык жактан жабдууга карата бирдиктүү типтүү талаптарга толук жооп берет. 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге ылайык мүчө мамлекеттердин аймактарынын ортосунда товарларды бажылык декларациялоону колдонбостон эркин өткөрүү жүзөгө ашырылат. Бажылык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, бизнес-процесстерди тездетүү жана жөнөкөйлөтүү максатында 2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын Бажы кызматын өнүктүрүү концепциясы ишке ашырылууда, анда иштин негизги багыты болуп бардык бажы процесстерин санариптештирүү аныкталган.
Кыргыз Республикасы 2016-жылдын 27-январынан 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде Европа бирлигинин 28 өлкөсүнүн рыногуна преференциялык шарттарда чыгуу мүмкүнчүлүгүн берген Европа бирлигинин преференцияларынын жалпы системасынын+ (мындан ары - ВСП+) колдонуучусу болгон. ВСП+ алкагында ата мекендик экспорттолуучу продукциянын 6200 товардык позициясына (бардык товардык номенклатуранын 66%ы) бажы жеңилдиктери бажы алымдарына чыгымдарды кыскартуунун эсебинен экспорттоочулардын каражаттарын кыйла үнөмдөөгө алып келет.
Европа бирлигине кыргыз экспортунун негизги статьяларына төө буурчак, бал, кийизден жасалган буюмдар, тигүү жана текстиль буюмдары, козу карындар, дары-дармек чийки заты (мумие, БАК), алма, накта май (жаңгак, бадам кошулган), кургатылган буурчак өсүмдүктөрү, тамеки чийки заты жана тамеки калдыктары, гүлдөрдүн уруктары, түстүү металлдардын сыныктары жана калдыктары, ошондой эле аңчылык олжолору кирет. Ошондой эле, Кыргыз Республикасында азыркы учурда REX системасы иштеп жатат - бул экспорттоочуга тарифтик жеңилдикти андан ары алуу үчүн товардын чыккан жерин сертификаттоону өз алдынча жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү товарлардын чыккан жерин сертификаттоонун системасы. Ата мекендик ишкерлер Европа бирлигинин рыногуна жеткирүүнүн шарттарына жаңыдан көнө баштагандыгын эске алганда, Кыргыз Республикасы үчүн ВСП+ колдонуучусу статусун сактоо актуалдуу. Бул Европа бирлигинин рыногуна экспорттоо үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылууга жана өлкөдөгү чакан жана орто бюнести өнүктүрүүнү колдоого жардам берет. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасы ВСП+ колдонулушун кошумча милдеттенмелерсиз узартуу өтүнүчү менен Европа комиссиясына кайрылган, натыйжада ВСП + колдонулушу 2027-жылга чейин узартылды.
Экспортту өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча иштин алкагында 2023-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору" мамлекеттик мекемеси түзүлгөн (мындан ары - Кыргыз экспорт). Кыргыз экспорттун максаттары жана милдеттери экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча функцияларды аткаруунун сапатын жана натыйжалуулугун, экспорттук потенциалдын өсүшүн жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, Кыргыз Республикасында экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча мамлекеттик механизмдерди күчөтүү болуп саналат. Бүгүнкү күндө Кыргыз экспорт өлкөнүн экспортун өнүктүрүүдө борбордук дем берүүчү ролду ойнойт.
Ошондой эле 2023-жылы Кытай Элдик Республикасында, Түркия жана Өзбекстанда Кыргыз Республикасынын соода өкүлчүлүктөрү түзүлүп, өз ишин баштады.
Ошондой эле 2024-жылы "Кыргыз Республикасындагы адал индустрия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган, анын негизги максаты Кыргыз Республикасында адал продукцияны өндүрүүнүн жана кызмат көрсөтүүнүн укуктук негиздерин аныктоо, адал продукцияга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата эл аралык стандарттарга жана талаптарга ылайык атаандаштыкка жөндөмдүү, экологиялык жактан таза жана сапаттуу айыл чарба продукциясын, кайра иштетүүчү өнөр жай продукциясын өндүрүү жана экспорттоо үчүн базалык шарттарды түзүү, ошондой эле аларга ишенимди жогорулатуу болуп саналат. Жогоруда аталган адал индустриясы чөйрөсүндөгү Мыйзамга ылайык "Адал" улуттук белгисинин реестри жүргүзүлөт, ал кыргыз адал продукциясын эл аралык жана ички рыноктордо ишенимдин жана сапаттын жогорку деңгээлиндеги бренд катары илгерилетүү үчүн инструмент болууга тийиш, бул өз кезегинде адал индустрияны өнүктүрүүгө жана өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Өлкөнүн экспортун өнүктүрүүгө жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого багытталган аракеттерге карабастан, ата мекендик продукциянын экспортунун өсүшүн кармаган бир катар тоскоолдуктар/көйгөйлөр бар.
Каралып жаткан товардык секторлордун чегинде көйгөйлүү жагдай төмөнкүлөр:
- ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн жана соода компанияларынын эл аралык бизнести жүргүзүү маселелери боюнча, өзгөчө экспорттук берүүлөр боюнча потенциалынын жетишсиз деңгээли;
- экспортту илгерилетүүнү даярдоо үчүн тиешелүү маалыматтык жана аналитикалык иштердин жоктугу;
- экспортту даярдоо жана тышкы рынокторго товарларды чыгаруу боюнча актуалдуу маселелерди комплекстүү чечүүдөгү кыйынчылыктар, анын ичинде рынокту изилдөө, ишканалардын жетекчилеринин жана персоналдарынын компетенцияларын жана көндүмдөрүн жогорулатуу, экспорттук продукция түрүндөгү баалуу сунуштарды даярдоо, потенциалдуу импорттоочулар менен сүйлөшүү процессин коштоо ж.б. кыйынчылыктар;
- экспорттук продукциянын кошумча наркынын төмөн деңгээли;
- финансылык жана адам ресурстары менен жетишсиз камсыз кылуу;
- фермерлерди окутуу-консультациялык жана маалыматтык жактан тейлөөнүн начардыгы, бирдей эместиги;
- формалдуулуктарды сактоого жана белгиленген талаптарга ылайык келүүнү камсыз кылууга көп убакыттык жана финансылык чыгымдар;
- экспорттоочулар үчүн адистештирилген кредиттик продуктулардын жоктугу;
- ата мекендик бизнес өкүлдөрүнүн финансылык сабаттуулугунун төмөн деңгээли;
- банк продуктулары боюнча тиешелүү маалыматка жетүү мүмкүндүгүнүн чектелгендиги;
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы лабораторияларда зарыл болгон анализдерди жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу;
- лабораторияларда зарыл болгон реактивдердин жоктугу;
- Россияга, КЭРге экспорттук товарларды кайрадан сертификациялоо (фитосанитардык сертификат);
- фермерлердин жана өндүрүүчүлөрдүн арасында билимдин жетишсиздиги жана Global G.A.P. стандарттарын жетишсиз колдонуу, ошондой эле ISO 9001, ISO 22000, FSSC 22000 сыяктуу менеджмент системасын жетишсиз киргизүү;
- продукцияны экспорттоодо жана чийки затты импорттоодо транспорттук логистиканын үзгүлтүккө учурашы.
3-глава. Программанын максаты
2025-2028-жылдарга "Кыргызстанда жасалган" улуттук экспорттук программасынын негизги максаты экспорттун көлөмүн, экспорттук иштен финансылык агымдарды көбөйтүү жана Кыргызстанда жасалган" бренди менен ата мекендик продукциянын эл аралык таанымалдуулугун жогорулатуу болуп саналат.
Ошол эле учурда негизги максатка жетүү үчүн Программа ошондой эле төмөнкүлөр сыяктуу чакан максаттарды да карайт:
- тышкы соода формалдуулуктарын оптималдаштыруу, экспорттоочулардын аларды аткарууга убактысын жана материалдык чыгымдарын азайтуу;
- экспортту илгерилетүүнүн жана экспорттук потенциалды өнүктүрүүнүн натыйжалуу системасын түзүү;
- экспорттоочулардын эл аралык интеграциясын күчөтүү жана "Кыргызстанда жасалган" брендин илгерилетүү;
- артыкчылыктуу секторлордун экспорттоочуларынын финансыларга жетүү мүмкүндүгүн камсыз кылуу;
- экспорттук рынокторго продукцияны илгерилетүү үчүн укуктук механизмдерди өркүндөтүү жана эл аралык/региондук стандарттарды киргизүүнү камсыз кылуу;
- шайкештикти баалоо жана метрология боюнча институттарды модернизациялоо.
4-глава. Артыкчылыктуу багыттар
§ 4.1. Экспортту илгерилетүү
Өнүккөн өлкөлөрдүн жана экономиканы өнүктүрүүнүн жогорку көрсөткүчтөрү бар өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн көпчүлүк экономикалары үчүн экспортту илгерилетүү саясаты фундаменталдуу болуп саналат жана экспортту өнүктүрүүнүн жана илгерилетүүнүн институционалдык шарттарын түзүү формасында көрүнөт.
Экспорттук ишти өнүктүрүүгө жана илгерилетүүгө жооп берген адистештирилген уюмду түзүү бул тармакта мамлекеттик саясаттын борбордук элементтеринин бири болуп саналат. Акыркы 8 жылдын ичинде Кыргыз Республикасында негизги мандаты экспортту илгерилетүү болуп саналбаган агенттиктин экспортун илгерилетүү боюнча функцияларды ыйгаруу аракеттери жүзөгө ашырылды. Ошол эле учурда экспортту илгерилетүү боюнча саясатты ишке ашыруу үчүн адам ресурстары минималдуу жана жетишсиз болгон - 4төн 8 адамга чейин. Салыштыруу үчүн Казакстанда экспортту колдоо боюнча кызматкерлердин штаттык саны 100 адамдан жогору. Дүйнөлүк тажрыйба жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн практикасы экспортту илгерилетүү боюнча саясаттын маанилүүлүгүн көрсөтүп турат, ал экспортту илгерилетүү боюнча уюмдарга адам жана финансылык олуттуу ресурстарды бөлүүдө чагылдырылат.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 497 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтому менен өлкөнүн экспортун өнүктүрүүдө борбордук дем берүүчү ролду ойной турган адистештирилген уюм - Кыргыз Экспорт түзүлгөн.
§ 4.2. Финансыга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу
2019-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына ылайык банк системасында жаңы финансылык инструменттерди иштеп чыгуу жана киргизүү каралган. Бирок аткаруу бийлигинин органдарынын бардык күч-аракеттерине карабастан бүгүнкү күнгө чейин сооданы каржылоонун заманбап жана талап кылынган механизмдери тийиштүү өлчөмдө киргизилген эмес, ал эми эгерде бул механизмдердин айрымдары ишке киргизилген болсо, анда алар жетиштүү натыйжалуулукту көрсөтө алган жок.
Жүргүзүлгөн талдоо көрсөткөндөй, банк системасынын негизги көрсөтүлүүчү кызматтары болуп сатып алуучуларда өздүк же карыздык акча каражаттарынын болушун болжолдогон финансылык инструменттердин салттуу түрлөрү саналат, алар аркылуу эсептешүүлөр жүзөгө ашырылат. Эң келечектүү багыт болуп факторинг операцияларын өнүктүрүү саналат. Банктык кызмат көрсөтүүнүн бул түрү товарды жүктөп импорттоочунун дарегине жөнөтүү менен жөнөтүлгөн товар үчүн андан акча каражаттарын алуунун ортосундагы мезгилде продукцияны өндүрүүчүлөрдүн-экспорттоочулардын кассалык ажырымдарын жабуунун абдан ыңгайлуу жолу болуп саналат.
§ 4.3. Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү
Ишканалардын экспорттук ишке болгон кызыгуусу товарларды трансчек аралык ташуудагы жол-жоболордун өтүү ылдамдыгына жана жөнөкөйлүгүнө түздөн-түз көз каранды, ошондуктан соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүнүн жардамы менен экспорттоочулар үчүн кыйла жагымдуу шарттарды түзүү мамлекеттин маанилүү милдети болуп саналат.
Экспорттук жол менен товардын кыймылын камсыз кылган тышкы соода формалдуулуктарын оптималдаштыруу экспорттоочу үчүн жөнөкөйлүктөн жана жагымдуулуктан тышкары, операцияларды аткарууга убакытты жана материалдык чыгымдарды азайтууга түздөн-түз багытталган. Акыр аягында дал ушул факторлор өлкө экспорттогон товардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн аныктайт - товарды чет өлкөлүк сатып алуучуга жеткирүү ылдамдыгы жана атаандаштык баасы.
Натыйжасыз трансчек аралык операциялар менен байланышкан чыгымдар жалпы соода чыгымдарынын олуттуу үлүшүн түзөт, бул чек арадан өтүү жол-жоболорун өркүндөтүү менен катар чек арадан өтүү инфраструктурасынын кемчиликтерин жоюу зарылдыгын баса белгилейт. Акыркы бир нече жыл аралыгында Казакстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы чек арадан өтүү жол-жоболору татаалдашкан, бул чек арадагы кечигүүлөрдүн көбөйүшүнө алып келди. Азыркы мезгилде АБЭКтеги жалпы транзиттик убакыттын 50%га жакынын жүк ташуучу автомобилдер чек араларда өткөрүшөт, бул транспорт каражаттарынын аз колдонулушуна алып келет. Коридордо жүк ташуучу транспорттун учурдагы жүктөмү 25-35%га бааланат, ал эми эл аралык практикага ылайык автожүк ташуучулар жүк ташуучу автомобилдердин орточо 75% жүктөмүнө жетишет.
Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү эл аралык соодага жана экономикалык өсүшкө дем берүүдө негизги ролду ойнойт, бул сооданы бардык катышуучулар үчүн кыйла жеткиликтүү жана натыйжалуу кылат жана чек арадан өтүү менен байланышкан аспектилерди гана эмес, соода операцияларынын бардык этаптарына тийиштүү болгон иш-чаралардын кеңири спектрин камтыйт. Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү физикалык тоскоолдуктарды жана транспорттук процесстерди гана камтыбастан, ошондой эле ички инфраструктураны жакшыртууну, логистикалык чечимдерди оптималдаштырууну, бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү, административдик жол-жоболорду оптималдаштырууну жана административдик тоскоолдуктарды азайтууну да камтый тургандыгын белгилей кетүү маанилүү.
§ 4.4. Сапат инфраструктурасын колдоо жана өнүктүрүү
Азыркы учурда ЕАЭБ/ЕБ ченемдерин жана эрежелерин колдонууга жана сактоого, техникалык жөнгө салуу жаатында талаптагыдай техникалык жана институционалдык инфраструктураны түзүүгө байланышкан бир катар проблемалар бар.
Продукцияга карата колдонулуучу стандарттардын жана сыноо/өлчөө методдорунун шайкеш келүүсү төмөн экендиги белгиленет. Сыноо жана калибрлөө лабораторияларынын техникалык компетенттүүлүгү, референс-материалдардын, стандарттык үлгүлөрдүн жетишсиздиги, ошондой эле алар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын деңгээли, өзгөчө региондор боюнча, тышкы рынокторго чыгууда кошумча тоскоолдуктарды жаратат.
Продукцияны экспорттоо үчүн олуттуу тоскоолдук болуп алдын ала шарттардын программаларын, сапат менеджментинин системаларын (мисалы: НАССР, Алиментариус кодекси ж.б.) жетишсиз колдонуу саналат.
Муну менен катар сапаттык жана сандык курамга, ошондой эле максаттуу рынок өлкөлөрүнүн, атап айтканда КЭРдин, Перс булуңунун өлкөлөрүнүн чектик жол берилген концентрациясынын (ЧЖК) ченемдерине ылайык келүүчү анализдерди жүргүзүү үчүн жабдуулар жана референс-материалдар менен жабдылган аккредиттелген лабораторияларды модернизациялоо маселеси турат.
5-глава. Милдеттер жана иш-аракеттер чаралары
§ 5.1. Экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик механизмдерди күчөтүү
Кыргыз Экспорттун ишиндеги маанилүү аспект болуп Кыргыз Республикасынын бардык региондорунда кеңири аудитория менен иштөө саналат. Бул ишти "Экспорт кербени" маалыматтык кампаниясынын алкагында жүргүзүү сунушталууда. Ошондой эле 2025-2028-жылдар аралыгында пилоттук компаниялар үчүн экспорттук тездетүү программасын ишке киргизүү сунушталууда. Бул чара тышкы рынокторго чыгуу боюнча пилоттук компанияларды колдоо шарттарын түзүүгө багытталган, анда тандоо үчүн ар кандай критерийлер (мисалы, катышуу мөөнөттөрү, катышуучуларга талаптар, бизнестен кошо каржылоонун типтери, натыйжалардын максаттуу көрсөткүчтөрү жана башкалар) эске алынууга тийиш. Мындан тышкары бул милдеттин алкагында бир катар иш-чараларды өткөрүү сунушталат: персоналды окутуу, кабинеттик изилдөөлөрдү жүргүзүү, туруктуу негизде экспорттоочулардын маалымат базасын түзүү, анын ичинде продукцияны чет өлкөлүк көргөзмөлөр жана соода миссиялары аркылуу максаттуу рынокторго жылдыруу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу.
§ 5.2. Экспорттук потенциалды өнүктүрүү үчүн натыйжалуу мамлекеттик-жеке кызматташтыкты түзүү
Бул милдеттин алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Экспорттук кеңешти түзүү болжолдонууда. Экспорттук кеңешти түзүүнүн максаты экспорттун негизги проблемаларына багытталган мамлекеттик колдоо чараларын координациялоо жана практикалык чечимдерди иштеп чыгуу болуп саналат. Натыйжалуу координациялоо үчүн Экспорттук кеңеште талкуулардын күн тартибин түзүү маселелеринде жеке сектордун активдүү катышуусу болжолдонот, бул экспортту мамлекеттик колдоо чараларын ишке ашыруу процессинин ачык-айкындуулугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
§ 5.3. Ар кандай секторлордун жана региондордун ишкерлеринин экспорттук потенциалын жогорулатуу
Экспорттоочулардын маанилүүлүгүн жогорулатуу жана экспортко көбүрөөк өндүрүүчүлөрдү тартуу үчүн экспорттоочулардын позитивдүү мисалдарын жана ийгиликтүү бизнес-кейстерин дайыма көрсөтүү маанилүү фактор болуп саналат, ал жаңы баштаган экспорттоочулар үчүн базалык тренингдер менен коштолот. Кыргыз Республикасында ийгиликтүү экспорттоочуларды илгерилетүү үчүн ийгиликтүү аянтча - "Жылдын мыкты экспорттоочусу" конкурсу бар, аны да ушул милдет үчүн колдонуу керек. Бул милдетти ишке ашыруунун алкагында ошондой эле ишкерлерди экспорттук иштин негиздерине окутуу каралган: экспорттук маркетинг, эл аралык сүйлөшүүлөр, экспорттук контракттар жана экспорттук компаниялардын менеджерлери үчүн продукцияны өндүрүү жана чет өлкөлөрдө бизнес жүргүзүү тажрыйбасын үйрөнүү боюнча кесиптик стажировкалардын программаларын өткөрүү.
§ 5.4. "Кыргызстанда жасалган" брендинин эл аралык таанымалдуулугун жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү
Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө улуттук бренд мамлекеттик экономикалык саясаттын бир бөлүгү болуп саналат. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынан бир дагы экспорттоочу чет өлкөлүк рыноктордо ири жана толук масштабдуу маркетингдик кампанияларды өз алдынча жүргүзө албайт.
Бул милдеттин алкагында "Кыргызстанда жасалган" продукциясынын имиджин эл аралык илгерилетүү боюнча концепцияны, "Кыргызстанда жасалган" продукциясынын имиджин жогорулатуу үчүн брендбукту, эл аралык көргөзмөлөрдө колдонуу үчүн "Кыргызстанда жасалган" улуттук стендинин дизайнын жана "Кыргызстанда жасалган" брендин илгерилетүү үчүн медиаконтентти иштеп чыгуу болжолдонууда.
§ 5.5. Экспортту илгерилетүү үчүн чет өлкөлүк мекемелердин жана соода өкүлдөрүнүн ролун күчөтүү
Тышкы рыноктордо кызыкчылыктарды көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен көптөгөн өнүгүп келе жаткан өлкөлөр чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык миссиялардын болгон ресурстарын колдонот. Алардын рынокто физикалык катышуусу жергиликтүү бизнес чөйрөсү, маданияты жана тили, потенциалдуу өнөктөштөр жана консультанттар менен бизнес-жолугушууларды уюштуруу маселелери боюнча маалымат берүү аркылуу ата мекендик экспорттоочулар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү табууга мүмкүндүк берет.
Бул милдеттин алкагында максаттуу рыноктордо маалымат чогултуу жана продукцияны экспортко чыгарууга көмөк көрсөтүү, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдөгү мекемелери менен Кыргыз Экспорттун ортосунда ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү боюнча натыйжалуу механизмди киргизүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин өкүлдөрүнүн потенциалын жогорулатуу боюнча иштерди жүргүзүү сунушталууда. Мында экспортту илгерилетүү маселелери боюнча чет өлкөлүк мекемелердин ишинин натыйжалуулугунун негизги индикаторлорун киргизүү сунушталат.
§ 5.6. Экспортко багытталган ишканалар үчүн финансыга жетүү мүмкүндүгүн жакшыртуу
Чет өлкөлөргө товар жеткирүүнү жүзөгө ашырган экспорттоочулар өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө маанилүү роль ойногон микро, чакан жана орто ишканалар (мындан ары - МЧОИ) категориясына кирет. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 899000 МЧОИ (жеке ишкерлерди, дыйкан жана фермердик чарбаларды кошкондо) бар, аларда 519000 адам иштейт, МЧОИ ички дүң продуктунун 40%га жакынын киргизет жана экспорттун жалпы көлөмүнүн 30%ын түзөт.
Кыргыз Республикасында МЧОИлер туш болгон олуттуу көйгөйлөрдүн бири каржылоого жетүү болуп саналат. Объективдүү жана субъективдүү себептерден улам, финансы-банк системасында болгон чаралар толугу менен колдонулбайт. Ошондуктан бул милдеттин алкагында экспорттук операциялар үчүн соодалык каржылоонун колдонуудагы инструменттерин илгерилетүү боюнча чараларды керүү, жаңы финансылык инструменттерди, анын ичинде экспорттук операцияларды камсыздандыруу механизмин иштеп чыгуу, ошондой эле транспорттук чыгымдарды каржылоо жана экспорттоочуларды колдоо механизмдерин жана финансылык колдоо көрсөтүү критерийлерин аныктоо аркылуу экспорттоочуларды өбөлгөлөө боюнча колдонулуучу практикаларга талдоо жүргүзүү сунушталат.
§ 5.7. Жеке секторду - экспорттоочуларды колдоо инфраструктурасын түзүү
"Кепилдик фонд" ААК (мындан ары - "КФ" ААК) бүгүнкү күндө көпчүлүк учурда жергиликтүү рынокко багытталган чакан жана орто ишканалардын субъекттерине кепилдик берет. Экспортту өнүктүрүү үчүн "КФ" ААК ишинин негизги багыттарынын бири катары экспорттоочуларды колдоону аныктоо зарыл.
Ошондой эле факторинг операцияларын киргизүү жолу менен экспорттоочуларды колдоо зарыл, анткени аны киргизүү факторинг операциялары боюнча каражаттарды алуу жана башка өлкөлөрдүн импортточуларынан товарлардын кийинки партиясын даярдоо аркылуу жүгүртүлүүчү каражаттардын жүгүртүлүшүн жогорулатууга мүмкүндүк берет. Бул чараны Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары жана "КФ" ААК аркылуу ишке ашыруу сунушталууда. Муну менен бирге компаниялардын кызматкерлеринин финансылык сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу боюнча ишти улантуу сунушталат, бул натыйжада компаниялардын товарларды өндүрүү жана кызматтарды көрсөтүү бөлүгүндөгү абалын жакшыртууга жана алардын экспорттук потенциалын жана тышкы рыноктордо товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.
§ 5.8. Өткөрүү пункттары аркылуу товарларды өткөрүүнү тездетүү
Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүнү тездетүү үчүн чек араны координацияланган башкаруу концепциясын ишке ашыруу, электрондук кезектин жалпы системасын ишке ашыруу, өткөрүү пункттарында мамлекеттик контроль жүргүзүүнүн жалпы регламенттерин кабыл алуу жана контролдоонун натыйжаларын өз ара таануу максатында коңшу өлкөлөрдүн бажы жана чек ара администрациялары менен системалуу иш жүргүзүү зарыл.
Маалыматтык системаларда мамлекеттик органдарга жеткиликтүү болгон каттоо жана башка документтердин көчүрмөлөрүн берүүнү талап кылууга тыюу салуу керек. Мындан тышкары, экспорттук товарлар үчүн бажылык декларациялоодо товарды коштоочу документтерди берүү жөнүндө талапты жокко чыгаруу зарыл.
Мында ортомчуларды кошпогондо, ишканалардын экспортту өз алдынча декларациялоо боюнча мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү зарыл. Бажы органдарынын маалымат системасында товарларга, анын ичинде экспорттук товарларга декларацияларды автоматтык түрдө каттоо алгоритмдери ишке ашырылууга тийиш.
Чек арада транспорттун токтоп туруусун жоюу үчүн бажы жана чек ара органдарынын өз ара аракеттенүүсүн так жөнгө салуу, ошондой эле транспорттук, фитосанитардык жана контролдоонун башка түрлөрү бөлүгүндө документтик контролдоо функциясын бажы органдарына жүктөө зарыл. Товарлар өткөрүү пункттарынан чыгып кеткен учурда товарды коштоочу документтерге мөөрлөрдү коюуну жылдыруу максатка ылайыктуу.
§ 5.9. Артыкчылыктуу продукцияны экспорттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү
Чек ара аркылуу ташууга болгон суроо-талапты канааттандыруу үчүн 2030-жылга чейин кечиктирилгис чараларды керүү зарыл болот. 2019-жылдан 2023-жылга чейин "Ак-Тилек автожолу" өткөрүү пунктунда транс чек аралык жүк ташуулардын көлөмү болжол менен 90%га өстү. Жылдык орточо өсүш 18%ды түздү. "Чалдыбар автожолу" өткөрүү пунктунда кыймылдын интенсивдүүлүгүнүн өсүшү орточо 13%ды түздү. Транс чек аралык ташуулардын активдешүүсү өзгөчө 2021-2023-жылдар аралыгында байкалган, бул жарым-жартылай Россияга каршы экономикалык санкциялардын айынан Кыргыз Республикасы жана Кытай, ошондой эле Россиянын ортосундагы сооданын активдешүүсүнө байланыштуу болгон. Ошого карабастан, 2030-жылга чейин Казакстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын чек араларындагы транс чек аралык трафиктин жылына орточо 10%га өсүшү күтүлүүдө. Бул 2030-жылга карата "Ак-Тилек автожолу" өткөрүү пунктунда кыймылдын орточо суткалык интенсивдүүлүгүнүн эң жогорку мааниси болжол менен 1600 чыгуучу жана 1100 кирүүчү жүк ташуучу унааларды түзөт дегенди билдирет (2023-жылы эң жогорку суроо-талап орточо суткалык кыймылдын интенсивдүүлүгүнүн эң жогорку маанисине барабар болгон шартта).
Ошентип, "Ак-Тилек автожолу" өткөрүү пунктунда тез бузулуучу продукция үчүн өзүнчө тилке каралышы керек, анын үстүнө бул тилкеге өзүнчө кирүү жолу да каралышы керек. Ошол эле учурда тез бузулуучу продукцияны өткөрүү пункттары аркылуу алып өтүүчү транспорт каражаттары үчүн айырмалоочу белгилерди жакынкы убакта камсыз кылуу зарыл.
Ошол эле учурда тез бузулуучу продукция үчүн "Кең-Булуң автожолу" өзүнчө өткөрүү пунктун орнотуу боюнча иштерди жүргүзүү зарыл, анткени мөмө-жемиш продукциясынын экспортунда чоң өсүш күтүлүүдө.
§ 5.10. Санитардык жана фитосанитардык чараларды, импорттоочу тараптын продукциясына карата ЕАЭБдин техникалык регламентин жана стандарттарды аткаруу боюнча талаптарды камсыз кылуу
Жогоруда аталган милдеттин алкагында шарп оорусу боюнча вакцинацияланган бакубаттуу зоналарды зоналаштыруу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу пландалууда. Кыргыз Республикасынын аймагында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн (жашылча, жемиш, дан жана буурчак өсүмдүктөрү) зыянкечтеринен таза зоналарды, участокторду, өндүрүш жерлерин аныктоо ооруну азайтууга, вакцинация менен шарп боюнча кооптуу зоналардын статустарын эл аралык таанууну ишке ашырууга (Жаныбарлардын саламаттыгын коргоо боюнча дүйнөлүк уюмдун сертификаты), жаныбарлардан алынган продукцияны экспорттоону жана импорттоочу өлкөлөр тарабынан фитосанитардык сертификациялоо системасын таанууну жөнөкөйлөтүүгө (карантинге алынган продукцияны экспорттоо кошумча фитосанитардык чараларды колдонбостон ишке ашырылат) мүмкүнчүлүк берет.
Ошондой эле өсүмдүктөрдөн жана жаныбарлардан алынган продукциянын эркин кыймылы үчүн улуттук көзөмөлдөө системасын иштеп чыгуу, киргизүү жана колдонуу сунушталат.
Ошону менен бирге экспорттук продукцияны сыноо (изилдөө) методдоруна карата эл аралык, региондук стандарттарды, башка мамлекеттердин (КЭР, КСА, ЕБ, ПБӨК ж.б.) стандарттарын колдонуу боюнча чаралар сунушталат: Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу продукциянын фитосанитардык жана ветеринардык талаптары жөнүндө протоколдорго кол коюу, ата мекендик ишканаларды үчүнчү өлкөлөрдүн импортточуларынын реестрине киргизүү.
§ 5.11. Менеджмент системасына жана инновацияларды өнүктүрүү системасына эл аралык стандарттарды киргизүү
Европа биримдигине азык-түлүктү экспорттоодо негизги тоскоолдук продукциянын коопсуздугун жана сапатын камсыз кылуунун натыйжалуу практикасынын жоктугу болуп саналат. Мисалы, НАССР системасынын киргизилбегендиги, билимдин жана фермерлер менен өндүрүүчүлөрдүн арасында Global G.A.P стандарттарын колдонуунун жетишсиздиги, ошондой эле ISO 9001, ISO 22000, FSSC 22000 сыяктуу менеджмент системасынын жетишсиз киргизилиши өндүрүш деңгээлинде көйгөйлөрдү пайда кылат.
Бул кемчиликтер кооптуу айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө, ошондой эле продукцияны иштетүү, ташуу жана сактоо процессинде олуттуу жоготууларга алып келет. Натыйжада, сатуу рынокторунда продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү төмөндөйт.
Ушуга байланыштуу аталган милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүдөй негизги чаралар сунушталат:
- органикалык айыл чарбасын, адал-продукцияны жүргүзүү, ISO 9001, ISO 14001, ISO 22000, FSSC 22000 сыяктуу менеджмент системасынын стандарттарын киргизүү чөйрөсүндө өндүрүүчүлөрдүн, мамлекеттик органдардын билим деңгээлин жогорулатуу;
- Global G.A.P. ылайык Айыл чарба продукциясын V5.2 (жашылча-жемиштер) комплекстүү жеткирүү системалары боюнча улуттук интерпретациялык документти иштеп чыгуу.
§ 5.12. Лабораториялык инфраструктуранын жетиштүү техникалык компетенттүүлүгүнө жетишүү жана көрсөтүлүүчү кызматтардын спектрин кеңейтүү
Сыноолорду жана/же изилдөөлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылган, дайындалган сыноо лабораторияларынын (борборлорунун) жетиштүү техникалык компетенттүүлүгүнө жетишүү санитардык жана фитосанитардык чаралардын жана ЕАЭБдин техникалык регламентинин талаптарына ылайык сыноолорду камтууну көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда көйгөйлөрдү диагностикалоону жүргүзүү жана лабораториялык инфраструктуранын жетиштүү техникалык компетенттүүлүгүнө жетишүү боюнча комплекстүү милдеттерди кабыл алуу пландаштырылууда, анын ичинде:
- ЕАЭБдин, чет өлкөлөрдүн рынокторунун талаптарына жана методдоруна ылайык камсыздоо пландаштырылып жаткан продукциянын, сыноолордун жана/же изилдөөлөрдүн түрлөрүн жана жооптуу аткаруучуларды көрсөтүү менен лабораторияларды толуктап жабдуу боюнча жол карталарын иштеп чыгуу (бүтүндөй тамак-аш чынжыры боюнча сыноо лабораторияларынын керектөөлөрүн талдоонун негизинде);
- чет өлкөлөрдө сыноо протоколдорун таануу үчүн зарыл болгон эл аралык методикаларды киргизүү боюнча колдоо көрсөтүүгө артыкчылыктуу бюджеттик каржылоону бөлүү булактарын кароо, анын ичинде лабораториялардын адистерин даярдоо/окутуу, реактивдерди жана референс-материалдарды сатып алуу, ISO/IEC 17043:2013 талаптарына жана метрологиялык байкоого жооп берген квалификацияны текшерүү программаларына системалуу катышуу ж.б.
§ 5.13. Калибрлөө лабораторияларын сертификаттоо боюнча органдын потенциалын күчөтүү
Бул милдеттин алкагында төмөнкү чаралар сунушталат:
- өлчөө каражаттарын калибрлөө боюнча 2-деңгээлдеги мамлекеттик (СМБнын аймактык бөлүмдөрү) калибрлөө лабораторияларын түзүү;
- тамак-аш коопсуздугунун менеджментинин системасын сертификаттоо боюнча органды түзүү, СМБнын эталондук лабораторияларын аккредитациялоону ырастоо, СМБнын аймактык бөлүмдөрүн аккредитациялоо.
Белгилей кетсек, тамак-аш коопсуздугунун менеджмент системасын жана органикалык айыл чарба өндүрүшүн сертификациялоо боюнча органдарды түзүү Кыргыз Республикасынын аймагында сапат менеджменти системасын сертификациялоо боюнча бизнеске кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтет, чыгымдарды 2-3 эседен кем эмес азайтууга мүмкүндүк берет. Ошону менен бирге региондордо (Ош жана Ысык-Көл облустарында) 2-деңгээлдеги мамлекеттик калибрлөөчү лабораторияларды түзүү продукцияны экспорттук рынокторго жылдыруу үчүн метрологиялык иштерди таануу жана ишенүү механизмдерин күчөтүүгө, өлчөөлөрдүн тактыгын жогорулатууга, колдонуучуларга көрсөтүлүүчү кызматтардын спектрин көбөйтүүгө, ошону менен калибрлөөчү сертификаттарды берүүнү 15-20%га көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
7-глава. Жагымдуу өбөлгөлөр
Бул Программаны ийгиликтүү ишке ашыруунун маанилүү өбөлгөлөрү болуп төмөнкүлөр саналат:
- 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын максаттары менен Программанын милдеттерин координациялоо;
- жеке сектордун өндүрүштү өнүктүрүү, атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу жана экспортко чыгуу зарылдыгын түшүнүүсү;
- УСИнин квалификациялуу персоналынын болушу;
- экспорттук рынокторго продукциясын чыгарууну каалаган жана эл аралык стандарттар боюнча менеджмент системасын киргизген ишканалардын болушу, бул продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат ж.б.
8-глава. Финансылык камсыздоону баалоо
Бул Программанын иш-чараларын каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
- республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын;
- банк системасынын жана жеке сектордун каражаттарынын;
- өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын;
- донордук жана эл аралык уюмдардын каражаттарынын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардын.