Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын
кезексиз V сессиясы
2024-жыл 25-декабры №07
“Жаңы-Жол айылындагы мектепке чейинки билим берүү
уюмуна ысым ыйгаруу жөнүндө
”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарынын жана Токтогул шаарындагы көчөлөргө, парктарга, мекеме, ишканаларга, окуу жайларга ысым ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү Жобонун талаптарына ылайык, 05.12.2024-жылдагы Жаңы-Жол айылынын тургундарынын атынан А.Кулжабаеванын сунушу “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция этикасы, калктын социалдык абалы, арыздар, каттар, мыйзамдуулук, даректүү жардам жана жумушсуздук боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралып, чечим кабыл алынган.
Аталган туруктуу комиссиянын чечимин жана депутаттардын башка сунуш, пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз V сессиясы, токтом кылат:
1. Жаңы-Жол айылынын тургуну, Мамыткулова Азелкандын өрнөктүү өмүр жолу, эл агартуу тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги, бакчанын курулушуна үй-бүлө каражатынын эсебинен ири суммадагы материалдык колдоо көрсөткөндүгү эске алынып, жогорудагы туруктуу комиссиянын чечими жалпысынан колдоого алынгандыгы белгиленсин.
2. Ага ылайык, жогоруда аталган мектепке чейинки билим берүү уюмуна Мамыткулова Азелкандын ысымы ыйгарылсын, юстициядан каттоодон өткөрүүдө эске алынсын.
3. Мындан нары дагы уюмдун материалдык-техникалык базасын чыңдоого жакындан жардам берүү жагы А.Мамыткулованын уул-кыздарынан, жакындарынан суралсын.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев), аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Н.А.Асанбеков) тапшырылсын.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүү мекемелерге жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
7.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: |
С.Т.Кылданов |