Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын
кезексиз V сессиясы
2024-жыл 25-декабры №08
“Токтогул шаарына караштуу “Тегерек” участогунан 0,50 га таштак жайыт жер аянтынын багытын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө”
”Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексине”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” “Жайыттар жөнүндө”, “Жер участокторун которуу (тарнсформациялоо) жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарына караштуу “Тегерек” участтогунан №5796 контурундагы аянты 6,1 га жер аянтынын ичиндеги таштак жайыт жерден мал союучу жайга ыңгайлуу болгон 0,50 га жер аянтынын багытын өнөр жай, байланыш, транспорт жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берүү боюнча Токтогул шаарынын мэри Б.Д.Максутбаевдин 19.12.2024-жылдагы № 01-17/2468 сунушу, Токтогул районунун эт продукциясын сатуучу жана жеке ишкерлердин атынан А.Нуркуловдун кайрылуусу, 19.12.2024-жылдагы “Муниципалдык менчик, жерлер ( айыл чарба багытындагы, жайыт, айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери ж.б жерлер), курулуш иштери, суу чарбасы, энергетика, жол байланышы боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралып, жыйынтыгында бул маселелени жалпы депутаттардын кароосу үчүн алдыдагы сессияга сунуштоо боюнча корутунду чыгарышкан.
Жогоруда аталган туруктуу комиссиянын корутундусун, Токтогул шаарынын мэриясынын жер, турак-жай, архитектура, курулуш маселелери боюнча башкы адиси А.К.Молдоказиевдин түшүндүрмөсүн угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз V сессиясы, токтом кылат:
1. Токтогул шаарынын мэри Б.Д.Максутбаевдин 19.12.2024-жылдагы № 01-17/2468 сунушу, Токтогул районунун эт продукциясын сатуучу жана жеке ишкерлердин атынан А.Нуркуловдун кайрылуусу, башкы адис А.К.Молдоказиевдин түшүндүрмөсү эске алынсын.
2. Токтогул шаарына караштуу “Тегерек” участогунан №5796 контурундагы (№39 кесиптик лицейинин көмөкчү чарбасына иштетүүгө берилген айдоо жеринин батыш тарабындагы) аянты 6,1 га жер аянтынын ичиндеги таштак жайыт жерден мал союучу жайга ыңгайлуу болгон 0,50 га жер аянтынын багытын өнөр жай, байланыш, транспорт жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилгендиги белгиленсин.
3. Аталган жерди которууга (трансформациялоого) байланыштуу келип чыккан бардык иштер тиешелүү мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
4. Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев) милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Ч.Иманбаев) тапшырылсын.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: |
С.Т.Кылданов |