Загрузка документа…
ЧУЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-июлу № 34/8
Чүй айылынын жаңы конушундагы Проектируемая к.№3 участок 154, №12 дареги боюнча борбордук (генералдык) жер планына корректировка киргизүү жөнүндө
Чүй айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С.Таалайбековдун 2024-жылдын 29-июлундагы кириш №01-8/13 катын « Чүй айылынын жаңы конушундагы Проектируемая к. №3 участок 154, дареги боюнча генералдык жер планына корректировка киргизүү жөнүндөгү» материалдарын карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 3-бөлүмүн, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алуу менен Чүй айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй айылынын жаңы конушундагы Проектируемая к. №3 участок 154, дареги боюнча жайгашкан Ажыев Нургазы Канатбековичтин жеке менчигене таандык 798 чарчы метр жер тилкеси Чүй айылынын жаңы конушунун генералдык планына киргизилсин.
2. Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына Чүй айылынын генералдык жер планына корректировка киргизүү милдеттендирилсин.
3. Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын Токмок-Чүй филиалындагы жерди каттоо боюнча иш-кагаздарына өзгөртүү киргизилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Чүй айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча комитеттин төрагасы Э. Сакаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.О. Кыдырбаев |