Загрузка документа…
ЧУЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-июлу № 34/9
Чүй айылындагы жерди « Р-3 рекриациондук-ландшафттык багытындагы жерлер зонасынан» « Ц-1 калктуу конуштун борборунун коомдук, ишкердик жана коммерциялык ишмердүүлүк багыттагы жерлер» зонасына которуу жөнүндө
Чүй айыл аймагынын Чүй айылынын Ибраимов к.№91/1 дарегиндеги үйдүн алдында жайгашкан 200 чарчы метр жерди «Р-3 рекриациондук-ландшафттык багытындагы жерлер зонасынан» «Ц-1 калктуу конуштун борборунун коомдук, ишкердик жана коммерциялык ишмердүүлүк багыттагы жерлер» зонасына которуу үчүн берилген материалдарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жер Кодексинин» 11-беренесине, «Чүй айылында жерди пайдалануу жана куруу эрежесинин» 26-беренесине, Чүй айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча комиссиясынын протоколуна «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Чүй айылдык кенеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй айыл аймагынын Чүй айылынын Ибраимов к.№91/1 дарегиндеги үйдүн алдында жайгашкан 200 чарчы метр жерди «Р-3 рекриациондук-ландшафттык багытындагы жерлер зонасынан» «Ц-1 калктуу конуштун борборунун коомдук, ишкердик жана коммерциялык ишмердүүлүк багыттагы жерлер» зонасына которууга макулдук берилсин.
2. Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы өзгөртүүнү эске алсын.
3. Жер ресурстары кызматынын Токмок-Чүй филиалындагы жерди каттоо боюнча иш-кагаздарына өзгөртүү киргизилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер комитетинин төрагасы Э. Сакаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Кыдырбаев Б.О. |