Загрузка документа…
ЧУЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-июлу № 34/10
Чүй айыл аймагынын Арал айылынын генералдык планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин, шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун жетектөөчү адиси А.Т.Момуналиевдин «Чүй айыл аймагынын Арал айылынын генералдык планын бекитүү боюнча» материалдарын карап чыгып, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасын бекитүү жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы №490 токтомунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесин, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алуу менен Чүй айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй айыл аймагынын Арал айылынын башкы планы (тиркемеге ылайык) бекитилсин.
2. Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына Чүй айылынын генералдык жер планына корректировка киргизүү милдеттендирилсин.
3. Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын Токмок-Чүй филиалындагы жерди каттоо боюнча иш-кагаздарына өзгөртүү киргизилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Чүй айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча комитеттин төрагасы Э. Сакаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.О. Кыдырбаев |
Бекитемин
30.07.2024-ж
№ 34/10 токтомуна
Тиркеме_________
Кыдырбаев Б.О.