Загрузка документа…
ЧУЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-июлу № 34/11
Айып салуу жөнүндө
Чүй айыл өкмөтүнүн “Чүй суу-канал” муниципалдык ишканасынын башчысы Н.И.Ибраимовдун келтирген өтүнүч катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы №30 “Жайыттар жөнүндө ” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №735 токтомуна, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алуу менен Чүй айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй айыл өкмөтүнүн ички жайытына мал жаюуда эреже бузулган учурда төмөндөгүдөй айып пул бекитилсин:
- Үч (3) баштан ашык бодо малды жайса (жылкы, уй) -малдын ээсине (мал башына) 3000 сомдон айып пул салынсын;
- Он (10) баштан ашык майдамалды жайса (кой, эчки ) -малдын ээсине (мал башына) 600 сомдон айып пул салынсын;
2. Айып пул “Чүй Суу-канал” муниципалдык ишканасынын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан (актынын негизинде) салынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Чүй айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча комитеттин төрагасы Э. Сакаевге жана бюджет комитетинин төрайымы С.Джанузаковага жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.О. Кыдырбаев |