Загрузка документа…
ЧУЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-июлу № 34/12
Чүй айылынын көчөлөрүнүн кызыл сызыгын аныктоо жөнүндө
2023-жылдын 30-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн №72-Протоколунун негизинде Чүй районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы З.З.Бекетаевдин келтирген өтүнүч катын, Чүй айылынын көрүнүшүн жакшыртуу жана жолдордун жээктерин ирээтке келтирүү боюнча долбоорун талкуулап, депутаттардын сунуштарын жана толуктоолорун эске алып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алуу менен Чүй айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй айылындагы Ибраимова көчөсүнүн кызыл сызыгы Полевая көчөсүнө чейин 40 метрди түзүп, жолдун ортосунан кызыл сызыкка чейин 20 метр жана Полевая көчөсүнөн темир жолго чейин 28 метр болуп бекитилсин (№1/2тиркеме).
2. Чүй айылындагы Сансызбаева жана Бурана көчөлөрү 28 метрди түзүп, жолдун ортосунан кызыл сызыкка чейин 14 метр болуп бекитилсин. (№2-тиркеме).
3. Чүй айылындагы Покровская көчөсүнүн кызыл сызыгы 16 метрди түзүп, жолдун ортосунан кызыл жээкке чейинки аралык8 метр болуп бекитилсин. (№3-тиркеме).
4. Чүй айылындагы Ключевая көчөсүнүн кызыл сызыгы 18 метрди түзүп, жолдун ортосунан кызыл жээкке чейинки аралык 9 метр болуп бекитилсин. (№4-тиркеме).
(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде кагаз түрүндөгү 1/2 - 4 тиркемелери)
5. Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына Чүй айылынын көчөлөрүн ирээтке келтирүүдө долбоордо көрсөтүлгөндөй иш алып баруу милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Чүй айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча комитеттин төрагасы Э. Сакаевге жүктөлсүн
Төрага |
| Б.О. Кыдырбаев |