Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХXVIII-чакырылышынын VI-кезектеги сессиясынан
2024-жылдын 14-сентябрындагы № 59
Ѳздүк салымга жергиликтүү бюджеттен
акча каражаттарын кароо жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 16-бѳлүмүнүн 78-беренесинин 5-пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Мыйзамынын 39-беренесин жана жергиликтүү кеңешинин регламентин жетекчиликке алып, айыл ѳкмѳтүнүн юристи М.Токтогоновдун билдирүүсүн угуп талкуулап Барскоон айылынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында жергиликтүү кенеши токтом кылат:
1. Барскоон айылынын Эшманбет кѳчѳсүн 700 метр, Ленин кѳчѳсүнүн 260 метр жолдорун асфальтоо үчүн республикалык бюджеттин үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржыланып жаткандыгына байланыштуу жалпы суммасы 8 266 549 (сегиз миллион эки жүз алтымыш алты миң беш жүз кырк тогуз) сом акча каражатынын ѳздүк салымы катары 50% өлчөмүндөгү жергиликтүү бюджеттен 4 133 275 (тѳрт миллион бир жүз отуз үч миң эки жүз жетимиш беш) сом акча каражаты бѳлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын жергиликтүү бюджеттен мыйзам чегинде бѳлүп берүү жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы жергиликтүү кеңештин пландоо, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссияларына жана айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.
Төрага М.Ибаков