Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХXVIII-чакырылышынын VI-кезектеги сессиясынан
2024-жылдын 14-сентябрындагы № 60
Барскоон айылдык маданият үйүн капиталдык
ремонттон ѳткѳрүүгѳ ѳздүк салымга жергиликтүү
бюджетин эсебинен акча каражатын кароо жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 16-бѳлүмүнүн 78-беренесинин 5-пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Мыйзамынын 39-беренесин жана жергиликтүү кеңешинин регламентин жетекчиликке алып, Барскоон айылдык маданият үйүнүн жетекчиси А.Мамбетованын маданият үйүн ремонттон ѳткѳрүү тууралу билдирүүсүн угуп, талкуулап жергиликтүү кенеши токтом кылат:
1. Барскоон айыл өкмөтү дем берүүчү гранттын каражаты менен Барскоон айылынын маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн даярдалган долбоорду ишке ашыруу максатында, 11 044 780 (он бир миллин кырк тѳрт миң жети жүз сексен) сом суммасындагы даярдалган долбоордун 50% өлчөмүндөгү 6 044 780 ( алты миллион кырк төрт миӊ жети жүз сексен) сом суммасындагы өздүк салымга акча каражаты бѳлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын жергиликтүү бюджеттен мыйзам чегинде бѳлүп берүү жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы жергиликтүү кеңештин пландоо, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссияларына жана айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.
Төрага М.Ибаков
_____