Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 11-январы № 3
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
(Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине,
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине)
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (1), 13-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
267-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) доону берүүгө доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүү же калыбына келтирүүдөн баш тартуу жөнүндө аныктама.".
2-берене
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (1), 14-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 373-берененин 1-бөлүгүндө ", иштин маңызы боюнча чыгарылган" деген сөздөр алып салынсын;
2) 375-берененин 1-бөлүгүндө "иштин маңызы боюнча" деген сөздөр алып салынсын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 14-январындагы № 2 (3658) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |