Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2024-жылдын 30-декабрындагы № 7-д буйругу менен бекитилди) |
Дүйнөлүк почта уюмунун Эл аралык бюросуна
мүчө өлкөлөрдүн Кыргыз Республикасынын аймагында
дайындалган почта байланыш операторлору үчүн чет өлкөдөгү
алмашуу жерлери (ЧӨАЖ) жөнүндө
жобо
I. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Дүйнөлүк почта уюмунун (ДПУ) Эл аралык бюросуна мүчө өлкөлөрдүн Кыргыз Республикасынын аймагында дайындалган почта байланыш операторлору үчүн чет өлкөдөгү алмашуу жерлеринин (ЧӨАЖ) иштөө тартибин белгилөө максатында иштелип чыкты.
II. Терминдер, аныктамалар жана кыскартуулар
2. Ушул жободо колдонулган терминдер, аныктамалар жана кыскартуулар:
• Дүйнөлүк почта уюмунун (мындан ары - ДПУ) Эл аралык бюросу - аймактары эл аралык почта жөнөтмөлөрүн өз ара алмашуу үчүн бирдиктүү почта аймагын түзгөн мүчө-өлкөлөрдөн турган эл аралык уюм, анын максаты почта байланыштарын уюштурууну жана өркүндөтүүнү камсыз кылуу жана бул жаатта эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат;
• Дүйнөлүк почта уюмунун актылары - Дүйнөлүк почта уюмунун конгрессинде анын уставына ылайык кабыл алынган документтер;
• улуттук почта байланыш оператору - мамлекет тарабынан жүз пайыздык катышуудагы, акционердик коомдун уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн, почта жөнөтмөлөрүн, акча которууларды кабыл алууну, иштеп чыгууну, жеткирүүнү, тапшырууну жана сактоону, пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөөнү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган салттуу эмес жана коммерциялык кызмат көрсөтүүлөрдү республиканын бүткүл аймагында жана анын чегинен тышкары келишимдик негизде камсыз кылуучу байланыш объекттеринин жана каражаттарынын технологиялык тармагына ээ болгон почта байланышынын мамлекеттик оператору;
• ДПУга мүчө өлкөлөрдүн дайындалган почта байланыш операторлору - ДПУга мүчө мамлекеттердин дайындалган почта байланыш оператору статусу берилген чет мамлекеттин почта байланыш оператору;
• Чет өлкөдө алмашуу жерлери (ЧӨАЖ) - коммерциялык максатта түзүлүүчү жана пайдаланылуучу дайындалган почта байланыш оператору же дайындалган почта байланыш операторунун жоопкерчилиги алдында өзүнүн аймагында эмес, башка өлкөнүн аймагында же ДПУга мүчө өлкөнүн аймагында өзүнүн тиешелүү улуттук аймагынан тышкары рыноктордо иш жүргүзүү максатында түзүлүүчү жер же объект;
• эл аралык почта жөнөтмөлөрү (мындан ары - ЭПЖ) - ДПУнун актыларында каралган документтер менен коштолгон, Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - Бирлик) бажы аймагынан тышкары эл аралык почта алмашуу жерлеринен (мекемелеринен) жөнөтүлүүчү, же Бирликтин бажы аймагынын эл аралык почта алмашуу жерлерине (мекемелерине) келүүчү, же Бирликтин бажы аймагы аркылуу транзит менен өтүүчү ДПУнун актыларына ылайык почта алмашуу объектиси болуп саналган кат-кабарлар жөнөтмөлөрү жана аманаттар;
• эл аралык почта алмашуу жерлери (мындан ары - ЭПАЖ) - дайындалган почта байланыш операторунун өндүрүштүк объектиси, анда кирген жана чыккан эл аралык почта жөнөтмөлөрү толук иштелип чыгат, өлкөнүн ичинде да, анын чегинен тышкары да, же Бирликтин бажы аймагы аркылуу транзит менен өтүүчү жөнөтүүлөр, ошондой эле бажы көзөмөлү жүргүзүлөт.
III. ЧӨАЖды ачууга уруксат алуу
3. ДПУга мүчө өлкөлөрдүн дайындалган почта байланыш оператору үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында ЧӨАЖды ачуу жөнүндө чечимди почта байланышынын улуттук оператору кабыл алат.
4. ЧӨАЖды ачууга уруксатты алуу үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:
- ДПУга мүчө өлкөнүн дайындалган почта байланыш оператору тарабынан кызматташуунун шарттарын сыпаттоо менен ЧӨАЖды ачуу тууралуу кат жүзүндөгү кайрылуусу;
- бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген Чет өлкөдө алмашуу жери (ЧӨАЖ) катары иш жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн тастыктаган катты алуу.
IV. ДПУга мүчө өлкөнүн дайындалган почта байланыш операторлорунун милдеттенмелери
5. Уруксат алгандан кийин ДПУга мүчө өлкөнүн дайындалган почта байланыш оператору почта байланышынын улуттук оператору менен кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзүүгө жана ДПУнун актысынын белгиленген талаптарына ылайык ДПУдан ЭПАЖдын кодун алууга милдеттүү.
6. Кыргыз Республикасынын аймагында ЧӨАЖдын ЭПАЖ кодун алгандан кийин ДПУга мүчө өлкөнүн дайындалган почта байланыш оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында ЧӨАЖда ЭПАны иштеп чыгуу боюнча иш-аракеттерди жана операцияларды жүзөгө ашырууга милдеттүү.
7. ДПУга мүчө өлкөнүн дайындалган почта байланыш оператору ДПУнун актыларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ЧӨАЖдын иштеши боюнча улуттук почта байланыш оператору менен макулдашууну сактоого милдеттүү.
8. ДПУга мүчө өлкөнүн почта байланышынын дайындалган оператору Кыргыз Республикасынын аймагында ЧӨАЖдын ишин жүзөгө ашырууга уруксатты чакыртып алуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымдоо менен мындай ишти жүргүзүүнү токтотууга милдеттүү.
V. Улуттук почта байланыш операторунун милдеттенмелери
9. Улуттук почта байланыш оператору ДПУга мүчө өлкөнүн дайындалган почта байланыш оператору менен макулдашуу түзүлгөн учурдан тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине (мындан ары - СӨМ) жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга ЧӨАЖдын формалдуу түрдө каттала турган өндүрүштүк дарегин көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында ЧӨАЖ ачылгандыгы жөнүндө кабарлоого милдеттүү.
10. Улуттук почта байланыш оператору мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде СӨМгө жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына ЧӨАЖдын ишин жүргүзүүгө уруксаттын чакыртылып алынгандыгы жөнүндө маалымдайт.
VI. Кыргыз Республикасынын бажы органдары менен
өз ара мамиле
11. Улуттук почта байланыш оператору ДПУга мүчө өлкөнүн дайындалган почта байланыш операторунун кызыкчылыктарын коргоодо өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн ЧӨАЖдын иши жүзөгө ашырыла турган зонада бажы органы менен өз ара аракеттенүүнүн иштелип чыккан жана бекитилген технологиялык схемасына ээ болушу зарыл.