Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
ХXIX -чакырылышынын II-кезексиз сессиясынын
2024-жылдын 10-декабрындагы № 6
Барскоон айылынын тургуну
К.Кермалиевдин кайрылуусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Барскоон айылынын тургуну К.Кермалиевдин 20.01.2008-жылы туулган уулу Курманбеков Мирбек Курманбекович “Кератоконус” (Н18.6), “Весенний катар (Н10.4)” илдети менен жабыркап дарылануусуна акча каражатынан жардам берүүсү тууралуу кайрылуусун жергиликтүү кеӊешинин депутаттары карап жана талкуулап чыгып Барскоон жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:
1.Барскоон айылынын тургуну К.Кермалиевдин кайрылуусу канагаттандырылып, уулу М.К.Курманбеков Казакстан мамлекетине барып, операция жасатып келүүгө материалдык жардам катары жергиликтүү бюджетинин эсебинен 100 000 (бир жүз миӊ) сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Асанбаев сессиянын токтомунун негизинде, 2024-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин чыгымдоолорунун 71093 “Социалдык камсыздоо” бөлүмүнүн 27211500 “Калкты социалдык жактан камсыздоо” статьясынан чыгымдашсын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча жана финансы-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы А.Букаровго тапшырылсын.
Негизи: К.Кермалиевдин жеке кайрылуусу.
Тѳрага Ажыбеков Ч.А.