Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
ХXIX -чакырылышынын II-кезексиз сессиясынын
2024-жылдын 10-декабрындагы № 7
Аксакалдар санжыра ордосун курууга жер тилкесин бѳлүп берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине жана Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Асанбаевдин кайрылуусун угуп талкуулап, жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:
1. Барскоон айыл аймагынын Тамга айылынын У.Дѳкѳмбаев кѳчѳсүндѳгү айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчигиндеги маданият үйүнүн жанындагы жер аянтынын ичинен 0,08 га жер тилкеси “Тамга аксакалдар санжыра ордосун” курууга бѳлүнүп берилсин.
2. Токтомдун 1-пунктуна ылайык, иштерди алып баруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ муниципалдык менчик, жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага Ч.А.Ажыбеков