Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
ХXIX -чакырылышынын II-кезексиз сессиясынын
2024-жылдын 10-декабрындагы № 8
“Тарылга-Булак” ИСКАКБнин эсебиндеги
акча каражаты жѳнүндѳ.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, жергиликтүү кеңештин иш регламентине ылайык, Барскоон жергиликтүү кеңештин сессиясы токтом кылат:
1. Барскоон айыл аймагындагы Барскоон айылындагы “Тарылга-Булак” ИСКАКБнин банктагы депозитке салынган 1 100 000 (бир миллион бир жүз) сом акча каражаты“Туюк” суусун тартууга жумшалсын.
2. Токтомдун 1-пунктуна ылайык, тиешелүү иштерди алып баруу жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча жана финансы-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы А.Букаровго тапшырылсын.
Тѳрага Ажыбеков Ч.А