Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
ХXIX -чакырылышынын II-кезексиз сессиясынын
2024-жылдын 10-декабрындагы № 9
Барскоон айыл ѳкмѳтүнѳ атайын техника алууга
акча каражатын кароо жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, жергиликтүү кеңештин иш регламентине ылайык, Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевдин кайрылуусун эске алуу менен Барскоон жергиликтүү кеңештин сессиясы токтом кылат:
1. Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинен калдык акча каражатынан Барскоон айыл ѳкмѳтүнѳ экскаваторду, таштанды ташуучу автоунааны алууга 30 % которууга жалпы 4 000 000 (тѳрт миллион) сом бѳлүнүп берилсин. Техникаларды сатып алуу иштери “Барскоон-Сервис” муниципалдык ишканасы аркылуу жүзѳгѳ ашырылсын.
2.Токтомдун 1-пунктуна ылайык иштерди алып баруу жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча жана финансы-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы А.Букаровго тапшырылсын.
Тѳрага Ажыбеков Ч.А.