Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
ХXIX -чакырылышынын II-кезексиз сессиясынын
2024-жылдын 10-декабрындагы № 10
“Внешторгпромстрой” жоопкерчилиги чектелген коомуна акча
каражатын бѳлүп берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Барскоон жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Барскоон айыл аймагындагы Барскоон айылындагы “Туюк” ѳрѳѳнүнѳн 1-этабында “Внешторгпромстрой” жоопкерчилиги чектелген коому аркылуу суу түтүктѳрүн тартып келген кызматына 571 983 (беш жүз жетимиш бир миң тогуз жүз сексен үч) сом бѳлүнүп берилсин.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊешинин финансы-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана аткаруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.
Тѳрага Ч.А.Ажыбеков