Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
ХXIX -чакырылышынын II-кезексиз сессиясынын
2024-жылдын 10-декабрындагы № 11
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттигинин 2024-жылдын 6-декабрында №01-25/330 буйругу менен бекитилген “Айылдык Кеңештин регламенти жөнүндө типтүү Жобону” жетекчиликке алуу менен, ошондой эле Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ишин уюштуруу, ишмердүүлүгүнүн уюштуруучулук жана укуктук негиздерин бекемдөө максатында Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин регламенти бекитилсин (№1-тиркеме).
2. Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары, аппараты, туруктуу комиссиялары жана Барскоон айыл аймагына кирген аткаруу органдары бекитилген Регламентке ылайык ишин уюштурсун жана колдонууга алсын.
3. Токтом тиешелүү тартипте каттоого алынсын жана КРнын Юстиция министрлигине ченемдик актылардын реестрине кошуу үчүн жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө кеңештин төрагасы Ч.А.Ажыбековго милдеттендирилсин.
Тѳрага Ажыбеков Ч.А.