Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
ХXIX -чакырылышынын II-кезексиз сессиясынын
2024-жылдын 10-декабрындагы №12
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын Этика кодексин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 8-1-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан 2024-жылдын 6-декабрындагы №01-25/328 буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын Типтүү этика кодексин” негиз кылып, жергиликтүү кеңештин депутатынын наамын, анын коомдогу социалдык маанисин, абройун жогорулатуу максатында Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын Этика кодекси бекитилсин (№1-тиркеме).
2. Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары өз ишмердүүлүгүн бекитилген кодекске ылайык жүргүзсүн жана кодекстин нормаларын кыйшаюсуз аткарууну камсыз кылышсын.
3. Токтом тиешелүү тартипте каттоого алынсын жана КРнын Юстиция министрлигине ченемдик актылардын реестрине кошуу үчүн жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жергиликтүү кеңештин Регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту жана укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо комиссиясына (А.Асаналиева) тапшырылсын.
Тѳрага Ажыбеков Ч.А.