Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
ХXIX -чакырылышынын II-кезексиз сессиясынын
2024-жылдын 10-декабрындагы № 15
Барскоон айыл аймагындагы кварталдык жана конуштук комитеттер жөнүндө ЖОБОсун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, кварталдык жана конуштук комитеттер (мындан ары – комитеттер) өзүн-өзү башкаруунун аймактык коомдук формасы болуп саналат жана алардын ишмердүүлүгү жергиликтүү маанидеги маселелерди өз алдынча чечүүгө жана жеке демилгелери менен жоопкерчиликти алуу менен ишке ашыруу максатындаБарскоон жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Барскоон айыл аймагындагы кварталдык жана конуштук комитеттер жөнүндө ЖОБОсу№ 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышы боюнча ЖОБОдо кѳрсѳтүлгѳн ар бир пункту боюнча иш алып баруу жагы айыл башчыларга тапшырылсын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тѳраганын орун басары М.Мамбеталиевага тапшырылсын.
Тѳрага Ажыбеков Ч.А.