Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
ХXIX -чакырылышынын II-кезексиз сессиясы
2024-жылдын 10-декабрындагы № 16
110-кВ тышкы таратуучу түзмѳктѳрдү куруу үчүн жер аянтын бѳлүп берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине жана Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине жана “Жаргылчак Энерджи” ЖЧК кайрылуусуна ылайык, Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн жер, муниципалдык менчик, жайыт жана айыл чарбасы боюнча башкы адиси И.Исашовдун сунушун угуп талкуулап, жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:
1. “Жаргылчак Энерджи” ЖЧК кайрылуусу боюнча 110-кВ тышкы таратуучу түзмѳктѳрүн куруу үчүн Барскоон айыл аймагынын Барскоон айылынын №246-чѳйрѳ сызыгында жайгашкан 650 кв.м айыл чарба багытындагы жайыт жеринен бѳлүнүп берилсин.
2. Бѳлүнүп берилген жер аянтынын багытын “Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан” Ѳнѳр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча тиешелүү иштерди алып баруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ муниципалдык менчик, жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага Ажыбеков Ч.А.