Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
ХXIX -чакырылышынын II-кезексиз сессиясынын
2024-жылдын 10-декабрындагы № 17
Туюк өрөөнүнөн суу түтүктөрүн тартып келүүгѳ акча
каражатын бѳлүп берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Барскоон жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Барскоон айыл аймагындагы Барскоон айылындагы “Туюк” ѳрѳѳнүнѳн суу түтүктѳрүн тартып келүүгѳ Жети-Ѳгүз райондук ѳнүктүрүү фондусунан бѳлүнгѳн акча каражаты толугу менен бѳлүнбѳй калгандыктан калган акча каражаты жергиликтүү бюджетин эсебинен 1 000 000 (бир миллион) сом бѳлүнүп берилсин.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊешинин финансы-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана аткаруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.
Тѳрага Ажыбеков Ч.А.