Загрузка документа…
КУНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күнтуу айылдык кеңештин 1- сессиясы
2024-жылдын 28-ноябры № 1/4
Дем берүүчү гранттын долбоорун бекитүү жана акча каражаттарын бөлүү жөнүндө
Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Сартпаев Эдик Өмүрзаковичтин дем берүүчү гранттар долбооруна катышуу жана «Кызыл-Туу айылынын асфальт төшөлгөн көчөлөрүн капиталдык оңдоо» долбоорун биргелешип каржылоого жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылга дем берүүчү гранттардын бюджетинин долбоору 10 776 919 (он миллион жети жүз жетимиш алты миң тогуз жүз он тогуз) сом өлчөмүндө бекитилсин;
2. Өздүк салымы 5 776 919 (беш миллион жети жүз жетимиш алты миң тогуз жүз он тогуз) сом өлчөмүндө бекитилсин;
3. 2025-жылга дем берүүчү гранттардын долбоорун даярдоого жана ишке ашыруу үчүн Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы акча каражатын бөлсүн;
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге тапшырылсын;
5. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Айылдык кеңештин төрагасы |
Ж.Ж. Султанбеков |