Загрузка документа…
КУНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күнтуу айылдык кеңештин 1- сессиясы
2024-жылдын 28-ноябры № 1/5
Дем берүүчү гранттын долбоорун бекитүү жана акча каражаттарын бөлүү жөнүндө
Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Сартпаев Эдик Өмүрзаковичтин дем берүүчү гранттар долбооруна катышуу жана Кызыл-Туу айылындагы “С. Абдылдаева орто мектебинин спортзалын жана чечүүчү бөлмөлөрүн ремонттоо” долбоорун биргелешип каржылоого жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылга дем берүүчү гранттардын бюджетинин долбоору 3 933 077 (үч миллион тогуз жүз отуз уч миң жетимиш жети) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Өздүк салымы 933 077 (тогуз жүз отуз уч миң жетимиш жети) сом өлчөмүндө бекитилсин;
3. 2025-жылга дем берүүчү гранттардын долбоорун даярдоого жана ишке ашыруу үчүн Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы акча каражатын бөлсүн;
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге тапшырылсын;
5. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага | Ж.Ж. Султанбеков |