Загрузка документа…
КУНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күнтуу айылдык кеңештин 1- сессиясы
2024-жылдын 28-ноябры № 1/6
Дем берүүчү гранттын долбоорун бекитүү жана акча каражаттарын бөлүү жөнүндө
Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Сартпаев Эдик Өмүрзаковичтин дем берүүчү гранттар долбооруна катышуу жана “Маловодное айылындагы маданият үйүнүн чатырын жана шыпын оңдоо” долбоорун биргелешип каржылоого жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылга дем берүүчү гранттардын бюджетинин долбоору 4 748 571 (төрт миллион жети жүз кырк сегиз беш жүз жетимиш бир) сом өлчөмүндө бекитилсин;
2. Өздүк салымы 1 748 571 (бир миллион жети жүз кырк сегиз беш жүз жетимиш бир) сом өлчөмүндө бекитилсин;
3. 2025-жылга дем берүүчү гранттардын долбоорун даярдоого жана ишке ашыруу үчүн Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы акча каражатын бөлсүн;
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге тапшырылсын;
5. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага | Ж.Ж. Султанбеков |