Загрузка документа…
КУНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күнтуу айылдык кеңештин биринчи сессиясы
2024-жылдын 28-ноябры № 1/8
“Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу
лизинг менен атайын техникаларын сатып алуу жөнүндө
Күнтуу айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында, “Күнтуу” муниципалдык ишканасынын техникалык паркын жаңылоо үчүн жана автотехникаларынын жетишсиздигине байланыштуу, атайын техникаларды лизинг менен “Мамлекеттик лизинг компаниясы» аркылуу зарыл болгондугу жөнүндө Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевдин маалыматын угуп, талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Финансылык ижара келишиминин (лизинг) негизинде “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу жалпы баасы 280 400 АКШ доллары (лизинг келишим түзүлгөн датага Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча улуттук валютада эквиваленти), жылдык (он бир) пайыз менен, 6 жылдык мөөнөткө төмөнкү автоунааларды алууга макулдук берилсин:
- Автогрейдер G9190 – баасы 91500 (токсон бир миң беш жүз) АКШ доллары;
- Фронталдык жүктөгүч SDLG LG953H- баасы 47900 (кырк жети миң тогуз жүз) миң АКШ доллары;
- Автовышка FAW CA5123GKS3923Y -баасы 44000 (кырк төрт миң) АКШ доллары
- Самосвал Sinotruk Howo ZZ3257N3847 – баасы 38000 (отуз сегиз миң) АКШ доллары;
- Таштанды ташуучу автоунаа Sinotruk Howo ZZ5193ZYS4714Y – баасы 55000 (элүү беш) миң АКШ доллары.
2. Лизингдин жалпы баасынан 10 (он) пайыз өлчөмүндө Күнтуу айыл өкмотүнүн өздүк салымы 28 040 АКШ доллары кошулсун.
3. Өздүк салымдан сырткары, лизингге алынган автоунаалардын бажы жагынан жол-жоболоштуруусу, каттоосу, автоунааларды лизингдин бүткүл мезгилине камсыздандыруусу жана лизингге алынган автотехникаларын өз эсебинен сатып алууга байланышкан башка чыгашалардын акча каражаты каралсын.
4. “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому менен лизинг келишимине жана келишимден келип чыгуучу башка документтерге кол кою укугу Күнтуу айыл өкмөт башчысы Э.О. Сартпаевге ыйгарылсын;
5. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Айылдык кеңештин төрагасы |
Ж.Ж. Султанбеков |