Загрузка документа…
КУНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык кеңешинин кезексиз II отуруму
2024-жылдын 4-декабры № 2/9
Күнтуу айыл өкмөтү жана ЖЧК “Көчмөн Сити” курулуш компаниясынын
ортосундагы үлүштүк курулуш келишимди тараптардын макулдашуусунун
негизинде бузуу жөнүндө
Күнтуу айыл өкмөтү жана ЖЧК “Көчмон Сити” тарабынан 2022-жылдын 14-октябрындагы үлүштүк курулуш келишимин тараптардын макулдашуусунун негизинде келишимди бузуу боюнча талкуулап чыгып, Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл өкмөтүнө тараптардын өз ара макулдашуусунун негизинде 2022-жылдын 14-октябрындагы Күнтуу айыл өкмөтү жана ЖЧК “Көчмөн Сити” курулуш компаниясынын ортосундагы түзүлгөн үлүштүк курулуш келишими, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министирлигине караштуу жер ресурстары кызматынын Сокулук филиалындагы мекемесинде 2022-жылдын 25-октябрында №59994,№59095 номуру менен катталган үлүштүк курулуш келишими бузулсун;
2. Макулдашууну бузууда келишимдеги 3.1.3., 7.4 и 7.5 пунктары колдонулбасын;
3. ЖЧК “Көчмөн Сити” курулуш компаниясы менен 2022-жылдын 14-октябрындагы үлүштүк курулуш келишимин бузуу жөнүндөгү токтому №1 тиркемеге ылайык түзүлсүн;
4. “Саян Курулуш” ЖЧК тиешелүү 325 контурундагы идентификациялык коду 7081100230148 номуру менен катталган 1,43 га жер тилкеси Күнтуу айыл өкмөтүнө акысыз негизинде келишимге ылайык өткөрүлүп берилсин;
5. Ушул токтомдун 4-пунктунда көрсөтүлгөн “Көчмөн Сити”ЖЧК сынан ошондой эле “Саян Курулуш” ЖЧК сынан кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр кабыл алынгандан кийин, ААК МИК менен келишим түзүлүп жана аларды келишим боюнча ААК МИКге өткөрүлүп берилсин;
6. Күнтуу айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги идентификациялык коду 70811002303550385; 7081100230354; 7081100230385 жер тилкелери ААК МИК менен келишим түзүлүп жана келишимдин негизинде ААК МИКге өткөрүлүп берилсин;
7. Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Сартпаев Эдик Омурзаковичке Күнтуу айыл өкмөтүнүн атынан 2022-жылдын 14-октябрындагы үлүштүк курулуш келишимин бузуу жөнүндө келишимге жана ушул токтомдун ишке ашуусуна байланышкан баардык башка келишимдерге, документтерге суммаларга чектөөсүз кол коюу укугу берилсин;
8. Ушул токтомдун аткарылышынын өз көзөмөлүмө калтырам.
Кунтуу айылдык кеңешинин төрагасы |
Ж.Ж.Султанбеков |
Тиркеме №1 2022-жылдын 14-октябрындагы үлүштүк курулуш келишимин бузуу жөнүдө |
Кыймылсыз жана кыймылдуу мүлкттөрдүн тизмеси
№ п/п | Аталышы | Баасы | эскертүү |
1. | Күнтуу , дареги боюнча курулуп бүтө элек имарттар долбоордук-сметалык документтери менен |
|
|
2. | Жеңил конструкциядагы турак –жай эмес жайлар(офис) |
|
|
3. | Сейдесимбаев номерсиз Дарегиндеги спорт комплексинин бүтпөгөн имараты |
|
|
4. | 2024-жылдын 2-февралындагы №0001720784.001 “айыл Банк” ААК сы менен “Көчмөн Сити” ЖЧК сынын ортосундагы бетон заводуна тузүлгөн финансалык ижара(лизинг) келишими боюнча лизинг алуучунун укуктары жана милдеттери |
|
|
5. | Сокулук району, Күнтуу айыл өкмөтунө караштуу № 325 контурундагы, 1.43 га жер аянты, иден.код 7-08-11-0023-0148 |
|
|
6. | Башенный кран, Тип QTZ250 (77020-12Е), заводдун номуру 1012ТС01900449, код устройства 431043100201900449 |
|
|
7. | Скважина, Чуй облусу,Сокулукский район, Кунтуү айыл окмоту, контур 325, иден.код 7-08-11-0023-0148 |
|
|
8 | Күнтуу айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги иденфикациялык коду 70811002303550385; 7081100230354; 7081100230385 жер тилкелери |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|