Загрузка документа…
КУНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык кеңешинин кезексиз III отуруму
2024-жылдын 19-декабры № 3/15
Кунтуу капчыгайында ак илбирсти көбөйтүү
долбоорун ишке ашыруу боюнча
2024-жылдын 19-декабрында Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан №01-16/4968 келип түшкөн катты карап, Күнтуу капчыгайында ак илбирсти сактоо жана көбөйтүү долборуун ишке ашыруу боюнча “Ворлд Номад Юнион” коомдук бирикмесинин төрагасы А. Бабакуловдун кайрылуусун талкуулап, Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак илбирс жырткыч жаныбарларга киргендиктен, Күнтуу айыл аймагынын элинин коопсуздугун ойлоо максатында, Чуй облусунун Сокулук районунун Күнтуу капчыгайында ак илбирсти сактоо жана көбөйтүү долборуун ишке ашырууга макулдук берилбесин;
2. Бул токтомдун көчүрмөсү Сокулук райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн;
3. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага | Ж.Ж. Султанбеков |