Редакцияот 21.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 28 - чакырылышынын кезектеги  1- сессиясы

 

2024-жылдын 21-февралындагы № 28/1-4           

 

“Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын  айыл Өкмөтү »

мекемесин  түзүү жөнүндө

 

           Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын  29-декабрындагы  ПЖ №370  Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жѳнүндѳ жарлыгы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177 «Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө»токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө»,  жана Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө Жобону ж.б. тиешелүү мыйзам актыларын жетекчиликке алып,        Жусуп Абдрахманов  айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Ананьево айыл аймагы (Ананьево, Көк-Дөбө, Чет-Байсоорун айылдары), Ж.Абдрахманов айыл аймагы (Жаркынбаев, Кароол –Дөбө айылдары) жана Өрүктү айыл аймагы (Өрүктү, Чоң – Өрүктү, Орто-Өрүктү айылдары), жалпы айыл аймактарынын айыл өкмөттөрүн  бириктирүү жолу менен “Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтү”  болуп түзүлсүн.

Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

 

- Мамлекеттик тилде: « Жусуп Абдрахмановайыл аймагынын айыл  өкмөтү»  мекемеси

- Расмий тилде: Учреждение «Айыл Окмоту  айыльного аймака  Жусуп Абдрахманова  »

 

Кыскартылган фирмалык аталышы:

 

-Мамлекеттик тилде: « Жусуп Абдрахмановайыл аймагынын айыл өкмөтү » м-и.

 

- Расмий тилде: У-е «Айыл Окмоту  айыльного аймака Жусуп Абдрахманова »

 

2.     Жусуп Абдрахмановайыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн Уставы бекитилсин.

 

3.     Жусуп Абдрахмановайыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Ысык-Кѳл облусу, Ысык-Кѳл  району, Ананьево айылы, Ленин  көчөсү №120 болуп аныкталсын

4.     Юридикалык жактын уюштуруучусу- айыл өкмөтүнүн башчысы жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлери.

 

5.     Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

 

6.     Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

 

 Төрага С.К.Мамагулов