Редакцияот 21.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

 Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин уюштуруу 1-сессиясы

 

2024-жылдын 21-февралындагы №28/1-5                                          

 

“Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кенеши” мекемесинин ченемдик-укуктук актылары жѳнүндѳ 

 

        “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы №184 токтому менен бекитилген “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун органдарынын ченемдик-укуктук актыларын каттоонун тартиби жѳнүндѳ” Типтүү жобонун 6-пунктуна ылайык,  “Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын  жергиликтүү кеңеши” токтом кылат:

 

1.     “Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын  жергиликтүү кеңеши” мекемесинин

калктын кѳпчүлүк түзүмү мамлекеттик тилди жакшы билгендигине байланыштуу, жергирликтүү кенештин ченемдик-укуктук актылары мамлекеттик тилде кабыл алынсын.

 

2.     Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз

Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

 

3.     Токтомдун  аткарылышы “Жусуп Абдрахманов  айыл аймагынын  жергиликтүү кеңеши” мекемесинин жооптуу катчысы Г.Стамовага милдеттендирилсин.

4.     Токтомду кѳзѳмѳлдѳѳ жагы  “Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын 

жергиликтүү кеңеши” мекемесинин “Укук бузуу менен күрөшүү, мыйзамды сактоо, коомдук бирикмелер менен иш алып баруу боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага                                                     С.К.Мамагулов