ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин кезектеги 2 сессиясы
2024-жылдын 15-апрелиндеги № 2-9
Ананьево айылындагы Больничный көчөсүнө “Акжол Джамангараев” ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 мыйзамынын 34-беренесинин 17-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтомунун, Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндө ” мыйзамынын 7-беренесин жана Ананьево айылынын тургуну
А. Джамангараевдин маалыматын, сунушун угуп, талкуулап Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊеши токтом кылат:
- Жусуп Абдрахманов айыл аймагына караштуу Ананьево айылындагы Больничный көчөсүнө «Акжол Джамангараев » ысымы ыйгарылсын.
- Токтомду аткаруу жана тиешелүү кызматтардан (Госрегистр, архитектура, РОВД) каттоо жүргүзүү жагы Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байгазаковко жана арыз ээси А.Джамангараевке милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, байланыш, өндүрүш, ишмердикти өнүктүрүү, жер, агрардык реформа жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
- Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 21.02.2024ж. №28/1-5- токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төраганын орун басары А.К.Курманбеков