ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин кезектеги 3 - сессиясы
2024-жылдын 17-июлундагы № 3-2
Салык төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Ысык-Көл районунун Мамлекеттик салык кызматы боюнча башкармалыгынын 29.12.21ж. №07-8/7095 катынын негизинде КР Кодексинин салыктык эмес кирешесинин 16 беренесине ылайык ошондой эле жергиликтүү бюджетти өз убагында камсыз кылуу максатында Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байгазаковдун маалыматын, сунушун угуп, талкуулап Жусуп Абдрахманов жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
- 2024-жылга зоналдык коэффицент 1,8ге көбөйтүлсүн, мүлк салыгынын коэффиценти 1,0 өлчөмүндө бекитилсин;
- Короо алдындагы менчик аянтчанын жер салыгы – 1сотых – 20сом өлчөмүндө жана өз ара таштанды салыгы(самооблажение) – 50сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Таштанды чыгаруу төлөмүн юридикалык жана жеке ишкерлердин жумушу жылдык орточо тизменин негизинде
Юридикалык – 200сом
Жеке жактарга - 100сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Жер тилкесинин салыгын төлөөдө 0,20га жер тилкесин – пенсионерлерге, майыптыгы барларга, көп балалууларга(5-баладан жогору) үй ээси болсо(документтин негизинде) жеңилдик катары бекитип берилсин.
- Токтомду аткаруу жагы башчы Б.Байгазаковко милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
- Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 21.02.2024ж. №28/1-5- токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төраганын орун басары А.К.Курманбеков